Беларуста президенттикке талапкер болуп катталган Светланы Тихановскаянын штабы расмий каттоодон өтпөй калган "Белгазпромбанктын" мурдагы башчысы Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкалонун штабдары бирикти. Мындай чечим тараптардын 16-июлдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Алар тараткан маалыматта шайлоо өнөктүгү маалында жарандарды добуш берүүгө үндөшөөрү, саясий туткундарды, экономикалык кылмыштарга айыпталып камалган саясатчыларды бошотууну талап кылышары айтылат. Читать дальше...
Тажик бийлиги коронавирустун сырттан келишинин алдын алып Кыргызстан менен чек араларына аң казып жатат. Бул тууралуу "Азия-Плюс" маалымат агенттиги Согди облусунун Гафур районунун башчысы Зариф Назарга шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, аталган райондун Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен 17 жеринде аң казылды. Ошондой эле чек ара өткөрмө бекеттеринде, чек аралаш аймактарда көзөмөл күчөтүлдү, видеокамералар коюлду. "Биз эки тарапка каттаган бардык жолдорду буудук. Чек ара толугу менен жабык... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги пневмония болуп ооруп жаткандарды да коронавирус деп каттоого алуу тууралуу буйрук чыгарды.
Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжандын бийлигин белгилүү укук коргоочу жубайлар Лейла Юнус менен анын күйөөсү Ариф Юнустун укуктарын бузган деп тапты. Страсбургдагы сот 16-июлда Баку алардын ар бирине "20 миң евродон кенемте төлөп бериши керек" деген чечим чыгарды. Сот өкүмүндө "азери бийлиги Юнусовдордун жарандык укугун, эркиндигин жана коопсуздугун бузган жана алардын сот адилеттигине болгон укуктарына шек келтирген" деп жазылат. 61 жаштагы Лейла Юнус менен 62 жаштагы Ариф Юнус 2014-жылы... Читать дальше...
Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Темиркан Жарматова 64 жаш курагында оорудан каза тапты. Бул тууралуу кесиптештери “Азаттыкка” маалымдашты. Кесиптештери Темиркан Жарматова бир нече жыл ооруканада жетекчинин орун басары, бөлүм башчысы болуп иштегенин, анын мыкты уюштуруучу, өз ишин жакшы билген кесипкөй дарыгер экенин белгилешти. Маалыматтарга караганда, Темиркан Жарматова COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган. 8-июлда Оштогу облустар... Читать дальше...
Польшада оппозициялык эң ири "Жарандык платформа" партиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатат. Партия шайлоодо жеңип, экинчи мөөнөткө шайланган президент Анжей Дуданы "административдик ресурс" колдонду деп айыптады. "Жарандык платформанын" төрагасы Борис Будка "добуш берүү балким кадыресе өткөндүр, бирок шайлоо өнөктүгү маалында коомдук уюмдар, медиа пайдаланып, мындан улам теңата таймаш болгон" деп билдирди. Польшада президенттик шайлоо 12-июлда өткөн. Улуттук... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 53 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болушту. Эң жогорку баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды. Анын баллы – 229 болгон. Жогорку балл алгандардын 28и Бишкек шаарында, үчөө Ош шаарында, алтоо Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, экөө Талас облусунда, алтоо Баткен облусунда... Читать дальше...
Пневмония илдетине кабылгандардын кээ бири кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен каза болууда. Аталган аппарат өпкөсү кагынгандарды жасалма дем алдырып, өлүмдөн алып калганга жардам берет. Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары кайрымдуулуктан чогулган акчага кычкылтек концентраторун сатып алышкан. Алар 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптарды дем алдырууда.
Индиянын бийлиги аталган штаттагы катаал карантиндик чектөөлөр 15 күнгө созуларын билдирди. Бул өлкөдө акыркы бир күндө коронавирустан 600дөн көп бейтап көз жумду жана ажал тапкандардын жалпы саны 25 миңге чамалап калды. Эксперттер ооругандардын санына карап АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда турган Индияда COVID-19га кабылгандар ушул апта ичинде бир миллион адамга жетет деп божомолдоп жатышат. Орусияда соңку бир күндө оору дагы 6428 адамдан табылды жана илдетке кабылгандардын саны 750 миңден ашты. Читать дальше...
Кыргызстандын адвокаттар бирикмеси милициянын имараттарына кирүүдөгү чектөөлөргө нааразылык билдирип чыкты.
Испанияда падыша Филипп VI жана анын жубайы каныша Летиция баштаган өлкөнүн жана чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү пандемия маалында ажал тапкандарды эскерди. Мадридде падышанын сарайынын жанындагы иш-чарада 400гө чукул конок кара беткап тагынып отурду жана пандемия маалында ажал тапкан 28 миңден ашык адамдын элесине арналган кара текчеге кара роза гүлдөр коюлду. Падыша Филипп VI каза болгондордун жакындарына, тууган-уругуна кайрылып, "силер бул кайгыда жалгыз эмессиңер, бул жалпыбыздын азап-тозогубуз", - деп айтты. Читать дальше...
Чүйдүн дунгандар отурукташкан Милянфан айылында эки апта ичинде 20га жакын бейтап каза болду. Алты миңге жакын калкы бар бул айылда жалгыз бейтапканада үч дарыгер тынбай иштеп жатат. Айылда ушул күндөрү ыктыярчы топтор түзүлүп, күндүзгү стационарлар ачыла баштады.
Коронавирус жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоо үчүн Токтогулда райондук ооруканадан сырткары 214 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационарлар ар бир айылда ачылган. Бейтаптарды дарылоо иши аймактык ооруканадан сырткары абалына жараша райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Токтогул шаарчасындагы бала бакчада жана айылдардагы 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда,19 ФАПта жүрүп жатат.
«Сибирь аба каттамдары» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 16-июлда 205 кыргызстандык келди. Алардын ичинде балдар, кош бойлуу жана балалуу кыз-келиндер, улгайган жана оорулуу жарандар бар. Булардан тышкары Орусиянын Сибирь аймагында жогорку окуу жайларда окуган студенттер да келишти. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери 40ка чукул чет мамлекеттен 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилди. Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков пандемия шартында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылчылыгы пайда болгонун белгиледи. Айдарбековдун сөзүн Кытай жана Өзбекстан колдоого алды. Мындан тышкары талкууда Бээжиндин ишкер жана техникалык персоналдын ыңгайлуу өтүүсү үчүн экспресс-коридор, Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда трансчекаралык жүк агымы үчүн үзгүлтүксүз, жөнөкөйлөтүлгөн “жашыл коридор” түзүү жөнүндө сунушу да колдоо тапты. Читать дальше...
Айрым активисттер Кыргызстандын президентине импичмент жарыялоо боюнча электрондук петицияга кол топтой баштаган. Бирок 15-июлдун кечинде бул петицияны жарыяланган "Change.org" сайты Кыргызстандын аймагында көрүнбөй калды. Петициянын шилтемеси ачылбай, ага блок коюлганы кабарланууда.
Москвада жаңы Конституцияга каршы жүрүштө камакка алынган адамдардын көбү бир күндөн кийин бошотулду.
Коронавирус жуктурган адамдар үчүн ачылган обсервациялардагы жана күндүзгү стационарлардагы санитардык абал дарыгерлерди тынчсыздандырууда.
Президенттик аппарат өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бийлик жетекчилерин жоопко тартуу тууралуу демилгеге жооп берди. 16-июлда мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттык” радиосуна төмөнкүдөй пикирин билдирип, бийликти сындоо табигый көрүнүш экенин белгиледи: “Азыр өлкө тагдырында, элибиздин турмушунда жеңил эмес учурду башыбыздан кечирип жатабыз. Мындай мезгилде мамлекеттик бийликке болгон суроо-талап күчөрүн өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жакында мекендештерибизге кайрылуусунда да айтты. Читать дальше...
Эки башка бөлүп аталган илдет күн сайын элүүдөй кишини арабыздан жулуп кетүүдө... Буга чейин көпчүлүк ушул вирустун бар экенине ишенбей келсе, эми ар ким жакындан тааныган адамдарынын, туугандарынын кайткыс сапарга кетип жатканын өз көзү менен көрдү, оорунун азабы өз башына келди, зарыл делген дары-дармекти таппай алдастады... Ушул оор күндөрдө кайрат кылып, жамандыкка биргелешип каршы турууга, аза күтүүнүн шаанисин эле кайталабай, маанисин да түшүнүүгө умтулалы. Угузуу. Кошок. Коштошуу Бул күндөрдө Фейсбукту ачсаӊ эле “Аска-зоом урады!”... Читать дальше...
Бишкек шаарынын “Тез жардам” кызматы соңку эки апта ичинде пневмония өтө көп катталып жатканын билдирди. Борбор калаанын мэриясы кабарлагандай, быйыл июнь айында жардам сурап кайрылгандар арасынан жалпысынан 97 адамга пневмония деген диагноз коюлса, июлдун биринчи жарымында бул көрсөткүч 1323кө жетти. Мэрия Бишкекте эпидемиологиялык абал өтө оор экенин, “Тез жардам” кызматында иштегендерге кыйын болуп жатканын билдирди. 1-июлдан бери 1323 адамга пневмония, 57 адамга коронавирус деген диагноз коюлуп, 840 адам ооруканага жаткырылды. Читать дальше...
Бишкекте Ден соолук паркынын курулуш иштери аяктап келе жатат. Бул тууралуу 16-июлда борбор калаанын мэриясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматов проспектинин боюнда жайгашкан мурдагы Сүйүү паркынын ордуна ачыла турган Ден соолук паркынын жалпы аянты 10 гектар болот. Ички жолдору, 300 автомашина бата турган токтотмосу, медпункту, дааратканалары салынып бүтүп, 115 отургуч коюлду. Азыркы тапта спорттук аянтча даярдалууда. Анын четинде чуркоого ыңгайлуу атайын резине капталган айланма жол болот. Читать дальше...
Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) жарандарды мечиттерге келгенде санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылды. Мечитке келип намаз окууну каалагандар үчүн талаптар: 1) Сөзсүз беткап болушу керек. 2) Мечиттерде дезинфекция каражаттары жана кишилердин дене табын текшерүү жүргүзүлүшү керек. 3) Адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл. 4) Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат. 6) Балдар, кары-картаңдар жана ооругандардын мечитке келиши талап кылынбайт. Читать дальше...
Белгилүү финансист Алмас Чукин Sputnik агенттигине айрым ардактуу меймандарды жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземине барууга көндүрүп, орус макал-лакаптарын англис тилине кантип которушканы туурасында айтып берди.
Жамааттык кайрылууларды жайгаштырган дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасы Кыргызстанда ачылбай калды.