Ирандын президенти Хасан Роухани 18-июль күнү Тегеранда жасаган билдирүүсүндө өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 25 миллион адамдын тегерегинде экенин айтты. Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн изилдөөгө таянган Роухани пандемия башталгандан бери Иранда 14 миңдей киши каза болгонун айтып, жаңы вирусту олуттуу коркунуч катары кабыл алууга үндөдү. 81 миллион калктуу өлкөдө ушу тапта 200 миңден ашуун адам ооруканаларга кайрылганы, бул сан жакынкы айларда эки эсе көбөйүшү, бардыгы 30-35 миллиондой... Читать дальше...
Тайтөрө Батыркулов өмүрүн дүйнөгө таруудай чачылып кеткен кыргыздарды идеп таап, алардын каада-салтын, сөз өнөрүн чогултуу, жарыялоо менен өткөрдү.
Бишкекте таштандыга ыргытылган медициналык беткап жана колкаптар көбөйдү.
Орусия Кыргызстанга гумжардам иретинде жасалма дем алдыруучу 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, беш көчмө рентген аппарат, алты ультра үн жабдуусун жана медицина кызматкерлери үчүн 0,5 млн. даана хирургиялык беткап берет. Бул тууралуу 17-июлда Минск шаарында Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин жолугушуусунда белгилүү болду. Гуманитардык жардам иретинде келүүчү медициналык жабдуулар кыргыз мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алгачкы жетекчиси Бейшекан Калиева 18-июлга караган түнү, 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ага пневмония диагнозу коюлган. Бейшекан Калиеванын көз жумганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. “Бейшекан Калиева 1977-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган соң, дарыгерлик эмгек жолун Чүй облусунун Аламүдүн... Читать дальше...
Камакка алынган оппозициячыл губернатор Сергей Фургалды колдогон нааразылык акциясына ишембиде Хабаровск шаарынын борборунда миңдеген адам чогулду. Алар "Фургалга эркиндик!", "Фургал - биздин тандообуз" деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алып жөө жүрүш уюштурушту. Хабаровск шаарынын мэриясы акцияга он миңдей адам катышканын айтса, уюштуруучулар жөө жүрүшкө отуз миңдей киши келгенин билдиришти. Камактагы губернатордун бошотулушун, анын иши адилеттүү каралышы керектигин талап кылган акция Владивосток шаарында да өттү. Читать дальше...
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-19-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектеринде орун алган райондордо сел жүрөт. 19-июлда күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36; Талас облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22... Читать дальше...
Болгариянын баш калаасы София жана дагы бир катар шаарларда премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтү коррупциялык айыптоолордон улам отставкага кетишин талап кылган демонстрациялар тогуз күндөн бери уланууда. Каршылык емонстрацияларына чыккан миңдеген болгарлар премьер-министрден тышкары өлкөнүн Башкы прокурору да кызматтан кетишин талап кылууда. Премьер Борисов жума күнү Брюсселе Еврокомиссиянын коронавирус кризисинен улам Евробиримдикте көрүлө турган чараларга бөлүнчү каражатты талкуулаган жыйынына катышты. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өз учурунда, 4-октябрдан кечиктирилбей өтөрүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Президент кыйынчылыкка карабай алдыга кадам таштоо – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири деди: “Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолөзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Читать дальше...
Өкмөт өткөн жумада эле 13 даана "Тез жардам" машинесин сатып алган. Анын бири бир жума өтпөй эле Ысык-Көлгө бара жатып бузулуп калды. Мындан улам соцтармактарда жаңы алынган автоунаалардын сапаты жана баасы коомчулукта талкууга жем таштады.
Жыл сайын жай айларында кыргызстандык дыйкандар сугат суу көйгөйүнө тушугат.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого маек курду. Мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу суроолорго жооп берип, ой-пикирлери менен бөлүштү. Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдети тууралуу маалымат тарагандан көп өтпөй эле кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын, өкмөт менен чогуу аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө түйүндөрүндө илдетти киргизбөө чаралары көрүлгөнүн айтты: “Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешинин бул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп... Читать дальше...
Жаңыдан түзүлгөн “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жасады. Ал өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык оор абалга бийлик ээлерин айыптап, алардын кайдыгер мамилеси, кырдаалды башкаруудагы алсыздыгы, адам жана каражат ресурстарын туура бөлүштүрө албаганы – учурда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болуп жатканын белгиледи. Саясатчы эл башына күн түшүп турган учурда эмгек өргүүсүнө кетип калган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып... Читать дальше...
Хьюстондогу Бириккен мемориалдык медицина борборунда 86 аскердик медицина кызматкеринен турган бригада түштүк штаттарга көмөктөшүү максатында түзүлгөн. Коронавирус катуу каптап жаткан Техас жана Калифорния штаттарына аскердик дарыгерлер жиберилди. Калифорнияда аскердик медицина кызматкерлери дарыгерлер жетишпей жаткан сегиз бейтапканага бөлүндү. Техаста коронавируска чалдыккан жана андан набыт болгондордун саны өсүүдө. 17-июлга карата штатта 10 миңден ашуун адам вирусту жуктуруп, 174 адам көз жумганы расмий кабарланды. Читать дальше...
Минскидеги ЕАЭБ жыйынында кыргыз өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Боронов пандемияга каршы күрөш темасын көтөрдү.
АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден Орусияны келерки президенттик шайлоого да кийлигишүүгө аракеттенип жатат деп айыптады. Ал мындай маалыматты чалгын кызматынан алганын билдирди. Батыштагы маалымат каражаттары Байдендин "Биз алардын планы тууралуу мурда деле билгенбиз. Орусия мурдагыдай эле биздин шайлоонун легитимдүүлүгүн бузууга аракет кылып жатат. Бул факт”, -деген сөзүн жазып чыгышты. Мурдагы вице-президент, демократтардын президенттикке талапкери Жо Байден 17-июлда шайлоого карата... Читать дальше...
Өзбекстанда коронавирус илдетин жугузгандар көбөйгөндөн бери дары-дармек тартыш боло баштады.
Латвиянын Даугавпилс шаар соту теги өзбекстандык, 56 жаштагы Абдрэшид Кушаевди чет өлкөлүк жарандардын лагерине эки айлык мөөнөт менен киргизүү чечимин кабыл алды. Кушаев 7-июлда Эстониядан Латвияга мыйзамсыз өтүп келген. Келери менен латыш чек арачылары аны чет өлкөлүк жарандардын лагерине 10 күнгө киргизип, ишти сотко өткөрүшкөн. Шаардык сот 2015-жылы, мартта Өзбекстандан качып чыккан Кушаевге лагерде 10 күн кармалган аздык кылат деп чечти. Ошол эле учурда иши, турак жайы, акчасы жок Кушаевди эркиндикте калтырууга да каршы чыкты. Читать дальше...
Микрохирург Бакыт Өмүрзаков 17-июлда пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Бакыт Өмүрзаков кийинки жылдары өзүнүн менчик клиникасында пластикалык хирург болуп иштеп жаткан. Жыйырма жылга жакын убакыт Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борборунда пластикалык хирург, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Балдардын тубаса косметикалык оорулары тууралуу илимий эмгектердин автору, медицина илимдеринин хирургия адистиги боюнча кандидаты болгон. Читать дальше...
Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет. Мындай чечим Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан тышкары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар. Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып... Читать дальше...
18-июлга карата Кыргызстанда 70 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бишкек шаарында – 25 Чүй облусунда – 19 Ош шаарында – 18 Ош облусунда – 1 Талас облусунда – 2 Жалал-Абад облусунда – 5 Ал эми акыркы суткада 8 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 вирусун 2269 медициналык кызматкер жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 600 медкызматкер айыгып чыккан. Вирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны, бейрасмий эсеп боюнча жыйырмадан көп. Читать дальше...
18-июлга карата Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 (коронавирус) жана U07.2 (пневмония) чалдыккан 1264 адам жаңы катталды. Анын ичинен басымду бөлүгү Бишкекте. Бишкек шаарында – 506, Ош шаарында – 61 Ош облусунда – 138 Чүй облусунда – 181 Талас облусунда – 88 Нарын облусунда – 29 Ысык-Көл облусунда – 100 Жалал-Абад облусунда – 113 Баткен облусунда – 48 Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны өлкөдө ушуну менен 25 047 адамга жетти. Читать дальше...
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов Беларустун президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу кызматташуу, анын эки өлкөгө салымы тууралуу сүйлөштү. Мындан тышкары эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү, инвестицияны жогорулатуу жана эки тараптын тең кызыкчылыгына иштеген биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Беларус президенти Кыргызстан менен Беларустун мамилеси жакшы жагына өнүгүп баратканын белгиледи. Кыргыз өкмөт башчысы Кубатбек Боронов... Читать дальше...
Социалдык тармактарда «Семетей» обсервациясында премьер-министр кеткенден кийин медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатканы тууралуу жарыяланган видео жалган экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрлик тасмага түшүрүлгөн жүк ташуучу автоунаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпиталынын реанимациялык бөлүмүнө ташып баратканын, кампада "CPAP" деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгонун билдирип жатат. “Адистер жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орнотуп беришкен. Читать дальше...