Коронавируска байланыштуу кырдаал курчугандан бери республикалык өлүккананын алдында адамдар көбөйдү. COVID-19 илдетине чалдыгып, ооруканадан үзүлгөндөрдүн сөөгү өлүкканадан жуулуп, кепинделип, полиэтилен баштыкка оролуп жакындарына тапшырылып жатат. Аны ачып, кармап, кучактоого же өбүүгө тыюу салынат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстандагы пневмония тууралуу кабарларга тынчсызданып жатканын билдирип, бийликти COVID-19 өлкө ичинде бардай эле чараларды кабыл алууга чакырды. Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус каттала элек. 10 күн мурда Ашхабадга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын миссиясы барган. Алар бир катар ооруканаларды, лабораторияларды жана чек аралаш аймактарды кыдырышты. 14-июлда миссиянын жетекчиси Кэтрин Смолвуд бийликти өпкө инфекциялары менен катталган жарандарды обочого алып... Читать дальше...
Бишкекте суу тартыштыгынан улам эс алуучу жайлардагы көчөттөр куурай баштады. «Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын маалыматына ылайык, калаа бир ай бою суусуз калган. Бишкек шаарынын тургуну Татьяна жай саратанда үйдөгү бакчасын таза суу менен сугарганга аргасыз экенин айтып, ошол эле учурда көчөдө куурап бараткан бактарга кейиди. «Мен күндө ичкен суубуздан алып эле короодогу гүлдөрдү, көчөттөрдү сугарып жатам. Үйдүн жанындагы арыкка көптөн бери суу келбей, жол боюндагы алма дарагы жана гүлдөр кургап калды. Читать дальше...
Изилдөө 13-июлдан тарта Бишкектеги Спорттук-реабилитациялык борбордо жүргүзүлүп жатат. Ага олимпиадалык спортту аркалагандар жана бул жааттагы улук машыктыруучулар катышууда.
Кыргызстанда пандемия маалында эң зарыл саналган дарылар катылган кампалар аныкталды. Мындан сырткары дары алып кайра кымбат саткан фактылар да териштирилүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчы Кубатбек Бороновду жана жалпы эле бийликти обсервациялардагы, ооруканалардагы жана күндүзгү стационарлардагы абалга көз салып, андагы башаламандыктарга көңүл бурууга чакырды. Депутат 15-июлда Бишкектин четиндеги мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган “Семетей” обсервациясына барып, абалы менен таанышып келген: “Таптакыр тартип жок. Оорулуулар, врачтар менен бейтаптардын тууган-уругу аралашып эле жүрүшөт. Көзөмөлдөп койгон киши жок. Орусиядан келген дарыгерлер иштеп жатышкан экен... Читать дальше...
Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жүрүп, оору жуктуруп көз жумган 22 жаштагы Адинай Мырзабекова “Эрдик” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 15-июлда кол койду. Жарлыкта “Ахунбаев атындагы медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды” деп жазылган. Читать дальше...
Башкы прокуратурага бийлик жетекчилерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз түшкөн. Коомчулукта «бийлик коронавирус пандемиясына каршы убагында чара көрө алган жок, сырттан келген жана элден чогулган каражатты максаттуу сарптай албады» деген нааразылык күч алууда. Эксперттер бийликтин аракетсиздиги, кырдаал үчүн жоопкерчиликти элге жүктөө аракети коомчулуктун нааразылыгына алып келгенин белгилеп жатышат. Президентке импичмент жарыялоо боюнча петиция... Читать дальше...
Беларустун президенти Александр Лукашенко 14-июлда бир катар шаарларда өткөн каршылык акцияларынан кийин “Биз өлкөбүздү бардык мыйзамдуу жолдор менен коргойбуз” деп билдирди. Ал бул тууралуу Витебск шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. “Биз тартип, туруктуулук өлкөдөгү өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн унутпашыбыз керек. Майдандар, революциялар бизге жардам бербейт. Биз өлкөбүздү эч кимге бербейбиз”,-деди ал. Бир күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясы негизги эки оппозициячыл... Читать дальше...
Кыргызстанда өкмөт томолой жетим балдарга банктан эсеп ачып, ай сайын эки миң сомдон которуп турмай болду. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде билдирди: “Атасы да, энеси да белгисиз болгон томолой жетим балдарга буга чейин социалдык жөлөкпул төлөнчү эмес. Эми ай сайын мындай балдарга 2 миң сомдон акча бөлүнүп, банктагы атайын эсебине түшүп турат. Ал акчаны 18 чыкканда пайдалана баштаса болот”. Өкмөттө интернат жана... Читать дальше...
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердикти чектөө менен карантин киргизүү жалпы абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн: “Албетте, илдетке байланыштуу абал кескин түрдө оорлоп кетти. Бирок азыр экономикалык ишмердикти да токтотуп салсак оор болуп калат. Адамдардын жегенге наны жок калат. Ошондуктан, азырынча карантин киргизүү боюнча пландар жок". Вице-премьер учурда аймактарда бир катар... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ооруканасы пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл албай жатат. Алдын ала даярдалган 100 орунда учурда 108 адам дарыланууда. Алардын ичинен 50 бейтаптын абалы оор. Мындан улам Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына кошумча 50 орун даярдалды. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 13 адам жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатат. Сузак районунун ар бир айыл өкмөтүндө бирден күндүзгү стационар ачылып... Читать дальше...
Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга президент 10-июлда кол койду: “Макамы жок жаңы конуштарда, дачаларда жашагандар буга чейин социалдык төлөм алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, эми, бул мыйзамга ылайык, аларга кайсы жерге кайрылса, ошол жерден алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бир ай ичинде ички документтерибизди, жоболорду ушул мыйзамга шайкеш кылып өзгөртүп чыгышыбыз керек. Читать дальше...
Кыргызстанда майыптыкты күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдеди. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн тиешелүү токтому 1-июнда кабыл алынган: “Медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүү тартиби кыйла жеңилдетилди. Эми кемтиги бар адамдар биринчи кайрылганда эле мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Маселен, буга чейин, буту кесилген адамдарга жарааты бүткөнгө чейин экинчи топтогу майыптык берилип келген болсо, азыр дароо мөөнөтсүз күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Читать дальше...
«Арай көз чарай» талкуусуна БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.
Кыргызстанда дагы бир мектептин директору көз жумду. Билим берүү жана илим министрлиги “Азаттыкка” 15-июлда маалымдагандай, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору Маруфат Насыранбекова жүрөгү кармап каза болду. Маркумдун жакындары ал 12-июлда көз жумганын, ага чейин эки өпкөсүнөн пневмония да болуп ооруп жатканын кабарлашты. Үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн Насыранбекова үч неберенин чоң апасы болчу. Маркумдун кенже кызы Акылай Алмаз кызы апасы... Читать дальше...
Америкалык "Moderna" компаниясы COVID-19га каршы вакцинанын баштапкы сыноосу ийгиликтүү болгонун, жакында эксперименттин акыркы фазасы башталарын билдирди.
Москва олимпиадасында пайдаланылбай калган медалдар, алардын дизайны жана курамы жөнүндө Sputnik жасаган материалдан кенен тааныша аласыз.
Кыргызстанда быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу демилгеси көтөрүлүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков жети талапкерди жергиликтүү соттордун судьясы кылып дайындоо жана милдеттерин аткарууга жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Жарлыкка ылайык Октябрь райондук сотунда судья болуп иштөөгө Болотбек Абдуллаев, Кымбат Архарова, Бекболот Жаналиев, Альбина Жээнбекова, Аида Жогоштиева, Дамирбек Назаров, Нурлан Эсенбаев жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Октябрь райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыктан, алардын... Читать дальше...
15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен жолугуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды анализдөө боюнча өкмөткө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды. Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, анализ кылуу жана божомолдоо, илдетти дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Жээнбеков адистердин абалды жөнгө салуу боюнча сунуш-пикирлерин угуп, өкмөткө иш жүзүндө жардам берүүгө чакырды. "Азыркы тапта медиктер коронавирус... Читать дальше...
Хижама деген эмне? Вирус менен ооруган кишиге пайдалуубу? Бул суроого тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова жооп берди.
Жон Хопкинс университетинин эсебине караганда, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди. Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден көп адам чалдыкты. 375 адам көз жумду. Буга пневмония менен ооругандар кошулгандар жок. Казакстанда өпкөсү кагынуудан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100миңге чукул адам пневмония болгон. Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия сап башында турат. Читать дальше...
“Бишкекжарык” ишканасы борбор калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарга жарык орнотуу ишин улантууда. Мэриянын маалыматына караганда, ушу тапта ишкананын адистери Свердлов районундагы конуштарда иштеп жатышат. Кайыңды конушунда 1160 метр зым тартылып, 33 диод чырагы орнотулду. Учкунда да миң метрге жакын зым тартылып, 55 чырак тагылды. Мындан тышкары Чалбай, Ак-Бата, Ак-Тилек конуштарында 16 темир-бетон устуну орнотулуп, 82 чырак тагылды. «Бишкекжарыктын» адистери борбор калаада ачылып жаткан... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "атайын кызматтын тергөө абагы карантинге жабылды" деген маалыматтар жалган экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, санитардык эрежелерге ылайык, шектүүлөр менен жактоочулар айнек тосмо аркылуу жолугуп жатышат. “Санитардык талаптарды сактоо менен айнек тосмо аркылуу жолугушуулар жүрүп жатат. Жакында эле бир катар депутаттар келип, Алмазбек Атамбаев менен жолугуп кетти. Анын ден соолугу канааттандыраарлык десек болот. Читать дальше...