Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык аппеляциялык соту Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын жокко чыгарды. Бостондогу аппеляциялык сот Царнаевге жаза чегерүү боюнча жаңы соттук териштирүү баштоо үчүн ишти округдук сотко өткөрүп берди. 2013-жылы 15-апрелде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260тай адам жарадар болгон. Быйыл 27ге чыккан Жохар Царнаев үч жыл мурда бул окуя боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген. Кандуу окуядан көп... Читать дальше...
31-июлда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү көзү тирүүсүндө калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилди. Бириккен Улуттар Уюму түрмөдө каза болгон укук коргоочунун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды. 69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абактын ооруканасында каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген. Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Укук коргоочу бир нече кайрылуу таратып... Читать дальше...
Орусиялык өзбек улутундагы миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавирус пандемиясы маалында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине сыйлыкка 100 миллиард сум (10 миллиондой доллар) бөлүп берди. Бул тууралуу UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттиги жазды. Өлкө бийлиги да медиктерге бюджеттен ушунча өлчөмдө каражат бөлмөкчү. Акча медиктерге бир жолку сыйлык катары бөлүштүрүлүп таратып берилет. Ага ылайык, дарыгерлер беш миллион сумдан (500 доллар) алат, ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) тийет. Читать дальше...
Кыргызстанда расмий эсеп боюнча коронавирустан 73 медицина кызматкери каза болду. Алардын 44ү дарыгер.
Гонконгдун бийлиги быйыл сентябрга белгиленген мыйзам чыгаруу кеңешине шайлоонун мөөнөтүн туура бир жылга калтырды. Шаар башчысы Кэрри Лэм мындай чечимди аймакта коронавирус жайылып жатканы менен негиздеди. Добуш берүү эми 2021-жылдын сентябрь айында өтөт. Бул шайлоодо Гонконгдун өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн демократияга ыктаган күчтөр бул шайлоодо жеңип чыгууга үмүт артып жатышкан. Мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн теңин гана шайлоочулар шайлайт. Калган жарымы Бээжинге ыктаган күчөрдөн куралат. Читать дальше...
Орусия Беларус менен чек арасында жеңил жана жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына, жүргүнчүлөргө паспорттук көзөмөлдү күчөттү. Ошондон улам М1 эл аралык жолунда машинелердин узун тыгыны жаралды. Саясат талдоочу Юрий Воскресенский «Фейсбуктагы» баракчасына өткөрмө бекетке кошумча күч тартылганын, эки тарапка каттаган белорус жарандарын документ толтурууга мажбурлап, ал тургай телефон номерлерин өйдө жаздырып алып жатышканын жазды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгынын... Читать дальше...
Мындан эки жума мурун Орусиянын Амур облусунда газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда иштеген борбор азиялык мигранттар козголоң чыгарышкан.
Дүйнөдө коронавирус кризиси өкүм сүрүп жатканда, эң ири технологиялык компаниялар байып жатканы аныкталды.
«Жарандык көзөмөл комитети» экс-депутат Равшан Жээнбековдун иши боюнча бийликке кайрылды.
“Азаттык” пандемияда каза болгон маркумдардын элесин эскерип, "Пандемия: Кимди жоготтук?" деген долбоор баштады. Тизмеге киргендердин эң жашы бир жарым жашар наристе, эң улуусу 91 жаштагы Баатыр эне. Маркумдардын жакындарынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.
Кошмо Штаттар Беларусту 9-августка белгиленген шайлоону таза, эркин жана калыс өткөрүүгө чакырды. Минск бул жолу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүн шайлоого көз салууга чакырбай койгон. «Биз бул шайлоонун жүрүшүнө көз салыш үчүн ЕККУ өз байкоочуларын жибере албаганына терең өкүнүчтөбүз», - деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Мамдепартаменттин өкүлү Жорж Кент. Ал ошондой эле Вашингтон журналисттердин кармалышы жана куугунтукталышы тууралуу да тынчсызданып жатканын айтып... Читать дальше...
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде медкызматкерлерге кенемте төлөөнүн жаңы шарттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-июлдан тартып кооптуу зоналарда иштеген медиктерге берилчү кошумча төлөм көбөйдү. Ага ылайык, акча төрт категорияга бөлүнүп берилет. «Дарыгерлерге кошумча төлөм берүү механизми төрт категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», - деди Аида Исмаилова. Маалыматка караганда, категориялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү... Читать дальше...
Кошмо Штаттар менен катар Азияда да коронавирустун учурлары көбөйүп жатат. Глобалдык алкакта COVID-19 672 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекциялангандардын саны 17.2 миллионго жетти.
Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Ал быйыл ажылык токтогон, айт намаз окууга тыюу салынган жана башка чектөөлөр киргизилген шартта өтүп жатат.
Sputnik Кыргызстан Москва Олимпиадасы боюнча атайын долбоордун алкагында СССРдин капчыгына алтын байге алып келген кыргызстандык темир билек балбандын ошол кезде намыс алып бергенин эскерет.
Ооганстан Пакистан менен чек арасындагы атышууда 15 жайкын тургуну мерт болгонун билдирди жана буга байланыштуу Исламабадды күнөөлөдү. Ушундан улам Кабул чек арадагы аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди. Окуя Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында, Чаман аймагында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, бир канча күндөн бери жоон топ адам чек ара өткөрмө бекетинин жанында отуруп алып каршылык акциясын өткөрүп жаткан. Алардын айрымдарынын чыдамы түгөнүп, карантин борборун өрттөп жиберишкен. Читать дальше...
Орусия Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарын машыгуудан өткөрдү. Бул тууралуу 31-июлда «Известия» басылмасы Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик округуна таянып кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, Су-25СМ учактары «Эдельвейс» полигонунда өткөн машыгууда өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Мекеме «учактар шарттуу түрдө душман катары белгиленген бутаны соккуга алып, командалык пунктун, техникасын, ок атуу каражаттарын жок кылды. Башкарылбай турган С-8 ракеталардын 50 даанасы чыгарылды. Читать дальше...
Курман айт майрамы коронавирус пандемиясынан улам быйыл өзгөчө шартта белгиленди. Кыргызстандын мечиттеринде жана аймактардагы борбордук аянттарда айт намазы окулган жок. Ал эми Курман айттын негизги жөрөлгөсү саналган курмандык чалуу жылдагыдай эле уланды.
Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Ал быйыл ажылык токтогон, айт намаз окууга тыюу салынган жана башка чектөөлөр киргизилген шартта өтүп жатат. Бишкек шаарында жашаган Орозалиевдердин үй-бүлөсүндө бул жолку курман айт оор жоготуу менен өтүп жаткан кези. Жыл сайын бул майрамда 10 бир тууган үйдүн улуусу Жайлообек Орозалиевдин үйүндө чогулчу. Быйыл карындашы Махабат агасы үчүн куран түшүрүп, сыздап жатышканын айтууда: «Ата-энебиз... Читать дальше...
Беларустун баш калаасында оппозициянын эң ири митинги өттү. Ага түмөндөгөн адамдар чыкты. Мындай көрүнүш соңку он жылдан бери боло элек эле. АКШ Беларусту 9-августка белгиленген шайлоону таза жана калыс өткөрүүгө чакырды.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылы менен атышууну үч күнгө токтотуу тууралуу макулдашкандан кийин дагы 500 талиб жоочусун түрмөдөн чыгаруу тууралуу буйрук берди. Ал мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө ушуну менен Кабул баш-аягы 4600 адамды бошотконун маалымдады. Ооган президенти калган 400 адам оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткандыктан, аларды бошотууга «ыйгарым укугу жок» экенин айтты. Гани бул туткундардын тагдырын эми Ооганстандагы элдик курултай - Лойя Жырга чечерин белгиледи. Читать дальше...
Sputnik Кыргызстан Москвадагы Олимпиада оюндары боюнча атайын долбоордун алкагында алтын байгеге ээ болгон Кыргыз ССРинен чыккан спортчу тууралуу баяндайт.
Кыргызстандын борборунун кайрадан “Бишкек” деп аталгандыгы да өз маалындагы чоң жеңиш болгон.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» өзбекстандык фотокабарчы Тимур Карпов билдирди. Анын айтымында, маркум Ташкент облусунун Янгибазар айылына көмүлдү. Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломаттары Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн 30-июлда «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген... Читать дальше...
Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук уюм (SIGAR) бул өлкөдөгү жагдай боюнча атайын баяндама жарыялады. Анда коронавирус пандемиясынын айынан азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан кыйынчылыктар дагы тереңдегени, ушундан улам миллиондогон жарандар жакырчылыкка, ачарчылыкка кабылганы айтылат. Баяндамада согуштун айынан бүлүнгөн медициналык система азыркы абалга туруштук бере албай жатканы белгиленген. Ошондой эле токтобогон кагылыштар да кошул-ташыл болуп, дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин... Читать дальше...