"Азаттык" мындан ары аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялап турат. Баткен Баткен облусунда 1790 стационардык орун даярдалды. Өзбекстандын Фергана облусунан жалпы баасы 6 млн. 300 миң сомду түзгөн медициналык каражаттар келди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктай турган лабораториялык шаймандар бар. Ош 9-июлда Ош облусунун бир катар аймактарында коронавирус илдетинин алдын-алуу максатында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте дезинфекциялоо иштери жүрдү. Читать дальше...
АКШ Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына каршы "үрөй учурган" укук бузуулар үчүн Кытайдын жогорку даражалуу төрт расмий өкүлүнө санкция салды. Мындай маалымат 9-июлда Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Кытайдын Шинжаң аймагынын губернатору Чэн Цюаньгого, аймактын саясий жана юридикалык комитетинин мурдагы башчысы Зу Хайлунга, коопсуздук тармагын тескеген жетекчиси Ван Мингшэнге жана Шинжаңдын коопсуздугун көзөмөлдөгөн мурдагы жетекчиси Хуо Лучюнга Кошмо Штаттарга виза берилбейт. Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу чечимин коргоду. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун бул мекемеси башкы милдеттерин аткара албай жатканын 9-июлда журналисттерге билдирди. Мындан тышкары АКШнын башкы дипломаты уюм коронавирус пандемиясын жана эбола сыяктуу буга чейинки эпидемияларды ооздуктай албаганын баса белгиледи. Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген. Читать дальше...
Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун басары Тургунбай Кадыров буга чейин "Куршаб айылындагы ооруканасына жардам керек» деп кайрылган кесиптешинин айткандары «чындыкка жатпайт» деп видеокайрылуу жарыялады. Буга чейин Куршаб ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Гүлмира Өмүржанованын жардам сураган видеокайрылуусу интернетте тараган.
Учурда Кыргызстанда пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатканын Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев "Азаттыкка" билдирди. Ал буга чейин коронавирустан көз жумган бейтаптын сөөгүн ачканга катышкан. "Кадимки пневмонияда өпкө жөн эле кагынат. Коронавирус козгогон пневмонияда майда тамырларга чейин кан уюп калат экен. Өпкөнүн көп бөлүгү жабыркап, адам өз алдынча дем ала албай калат. «Мен жөн эле пневмония болуп жатам» деп адамдар өзүн-өзү алдабашы керек. Мунун баары коронавирус инфекциясы". Читать дальше...
Кыргызстанда пандемия маалында ири ишкерлерден баштап, ардагерлер, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин башкаларга жардам берип жатышат.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп, кырдаал курчуган шартта президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Кыргызстандын бардык облустарында 9-июлдан тарта облустар аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб билдирди. Штаб чектөөнүн мөөнөтүн так кабарлаган жок. Чектөөлөр Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө боло турганын маалымдады. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна жана пневмонияга чалдыккандар акыркы убакта көп катталып жатат. Читать дальше...
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов үйүндө дарыланып жатат. Анын орун басары Нурболот Үсөнбаев да ооруп калганы маалым болду.
Коронавирус катталбаганын билдирип келген Түркмөнстанда түрк элчилигинин бир кызматкери пневмониядан кайтыш болду. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы жана түркиялык "TRT Avaz" телеканалы Ашхабаддагы түрк элчилигинин атын атабаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлашты. Маалыматка ылайык, Түркиянын элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Кемал Учкун 7-июлдан 8-июлга караган түнү көз жумган. Ашхабаддагы элчиликте 2018-жылдын башынан бери иштеп жаткан Учкун өпкөсү сезгенип, жөтөл жана дене... Читать дальше...
Сербиянын өкмөтү карантин чараларынын кайрадан киргизилишине каршы эки күндүк демонстрациялардан кийин коменданттык саат киргизүү чечиминен баш тартты. Бирок эпидемияны токтотуу үчүн бир катар жаңы чектөөлөрдү жарыялады. Премьер-министр Ана Брнавич 9-июлда билдиргендей, COVID-19 илдети кайра күчөгөн Белград шаарында имараттын ичинде болобу же сыртында болобу 10 кишиден көп адам катышкан жыйындарга тыюу салынат. Кечки саат 9дан таңкы 6га чейин жабык имараттарда иштөөгө болбойт. Парктар сыяктуу... Читать дальше...
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болду. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алды. Муфтияттын маалыматына караганда,коронавирустун жайылышы кооптуу болуп жатканына байланыштуу беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берет. Жаназа намаздарын маркумдун жакын туугандарынын... Читать дальше...
Өзбекстанда 10-июлдан тарта 1-августка чейин карантин чаралары кескин күчөтүлөрү жарыяланды. Мындан ары жол кыймылы чектелип, аш-тойлорго тыюу салынат. Ал эми буюм-тайым базарлары жабылат.
Кыргызстанда коронавирус кризиси кайра күчөп, соңку маалда күн сайын ондогон адам өмүр кыйылып жатат. Эл дүрбөлөң түштү. Дары-дармек, ооруканада орун жана медиктер тартыш. Мындай абалдан чыгуунун жолу кандай? Адистер менен чогуу талкуулайбыз.
"Коммерсантъ" басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы журналист Иван Сафроновго кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарды Тышкы чалгын кызматынан алганын жазды.
Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулдун мэри Пак Вонсун дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Associated Press» кабар агенттиги баштаган бир катар эл аралык маалымат каражаттары жазды. Учурда Кореяда мэрди издөө иши жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бүгүн Пак Вонсун кызына аудио билдирүү жөнөткөн. Кызы «керээз болушу мүмкүн» деп мүнөздөлүп жаткан бул билдирүүнү алгандан 4-5 сааттан өткөндөн кийин полицияга кайрылган. Полиция билдиргендей, акыркы жолу мэрдин телефону Сеулдун Сунбук конушундагы чакан дөбөдөн сигнал берген. Читать дальше...
Депутат Жанарбек Акаев парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырды. Бул тууралуу депутат 9-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда айтты. Депутат парламенттик шайлоого бюджеттен 526 миллион сом, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 21 миллион сом кетерин айтып, эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны шайлоого коротуу орунсуз экенин белгиледи. Акаев, ошондуктан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарыканаларды кыдырганын коомчулук сынга алды. Бир катар жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын тизмектеп, депутаттарды кезексиз жыйынга чогулууга чакырып жатышат.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Ошондой эле Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда да кыян жүргөн, ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы КСДПнын жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановду «парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиянын жасалма уставын, күбөлүгүн, мөөрүн жана колун пайдаланган» деп айыптоодо. Атамбаевчилер буга байланыштуу БШКга кайрылуу жолдоп, анда Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) да «партияны жасалма документтер менен шайлоого катышуучу партиялардын катарына кошту» деп сындады. Кайрылууда КСДПнын Атамбаевди жактаган тарап парламенттик... Читать дальше...
«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президенттин кол коюусуна киргизилди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «Азаттыкка» кабарлагандай, мамлекет башчы мыйзамга бир айдын ичинде кол коюуга же вето коюуга укуктуу. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. «Бул мыйзам... Читать дальше...
10-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19... Читать дальше...
Коомдук ишмер Аалы Молдоканов 69 жашында капилет келген оорунун айынан дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Өкмөт жетекчилигинин, илим жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтууда Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан болгону белгиленди. Белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, президентке... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери «бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен» деген имиштер көп таркай баштады. Бул конспирологиялык теория жакында Кыргызстанга да жетти.