Учурда Кыргызстанда пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатканын Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев "Азаттыкка" билдирди. Ал буга чейин коронавирустан көз жумган бейтаптын сөөгүн ачканга катышкан.
"Кадимки пневмонияда өпкө жөн эле кагынат. Коронавирус козгогон пневмонияда майда тамырларга чейин кан уюп калат экен. Өпкөнүн көп бөлүгү жабыркап, адам өз алдынча дем ала албай калат. «Мен жөн эле пневмония болуп жатам» деп адамдар өзүн-өзү алдабашы керек. Мунун баары коронавирус инфекциясы".
Сыргак Турдалиев жакынкы арада Кыргызстанда эпидемиологиялык абал мындан да оорлоп кетиши мүмкүн экенин айтты. Элди өз саламаттыгына кайдыгер карабоого, эч жакка чыкпоого чакырды.
9-июлга карата расмий маалымат боюнча, коронавирус жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116сы кайтыш болду, 3053 бейтап айыкты.
Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти.