Курман айт майрамы коронавирус пандемиясынан улам быйыл өзгөчө шартта белгиленди. Кыргызстандын мечиттеринде жана аймактардагы борбордук аянттарда айт намазы окулган жок. Ал эми Курман айттын негизги жөрөлгөсү саналган курмандык чалуу жылдагыдай эле уланды.