Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжандын бийлигин белгилүү укук коргоочу жубайлар Лейла Юнус менен анын күйөөсү Ариф Юнустун укуктарын бузган деп тапты.
Страсбургдагы сот 16-июлда Баку алардын ар бирине "20 миң евродон кенемте төлөп бериши керек" деген чечим чыгарды. Сот өкүмүндө "азери бийлиги Юнусовдордун жарандык укугун, эркиндигин жана коопсуздугун бузган жана алардын сот адилеттигине болгон укуктарына шек келтирген" деп жазылат.
61 жаштагы Лейла Юнус менен 62 жаштагы Ариф Юнус 2014-жылы экономикалык кылмыштарга айыпталып камакка алынган. Бир жылдан кийин "салык төлөөдөн качкан, алдамчылык кылган" деген айып менен 8,5 жана 7 жылга соттолгон.
2015-жылдын соңунда алар саламаттыгына байланыштуу түрмөдөн бошотулуп, жазасы шарттуу камак менен алмаштырылган. Жубайларга 2016-жылы өлкөдөн чыгып кеткенге уруксат берилген, ошондон бери алар Нидерландда баш калкалап жатышат.