Бишкекте коронавируска байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандар кыйла азайды. Бул тууралуу 30-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде күндүзгү стационарларга 1 339 адам кайрылды, алардын сегизи ооруканага жаткырылды. Эки жума мурда бул жайларга бир суткада 4,5 миң адам кайрылган. Түнкү стационарларда 30-июлга караган түнү 294 адам тейленди. Бул бир жума мурдагыдан эки эсе аз. Июль айынын башында Бишкекте... Читать дальше...
Түркмөн бийлиги сыртка акча которуунун эреже-шартын катаалдаштырды. Ошондон улам уул-кызы чет мамлекеттерде окуган ата-энелер балдарына акча жөнөтө албай калышты. Сырттагы түркмөн студенттердин көбүнүн абалы пандемия маалында ого бетер начарлап кетти. Азыр түркмөн банктарынын жанынан узун кезекти, жоон топ адамдарды көрүүгө болот. Алардын айрымдары «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчыларына бийлик четте жүргөн студенттерди мекенине кайтууга мажбурлап, банктардан акча которууда атайын тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып беришти. Читать дальше...
АКШнын Сенаты орусиялык миллиардерлер, ага-ини Аркадий менен Борис Ротенбергдер Кошмо Штаттар салган санкцияны кыйгап өтүп жүргөнү тууралуу баяндама жарыялады. Анда бир тууган олигархтар аукциондордо кымбат баалуу искусство предметтерин тымызын сатып алып жүрүшкөнү айтылат. Баяндамагы ылайык, алар Москвадагы арт-дилердин жана америкалык жаран Григорий Бальцгердин ортомчулук кызматын пайдаланышкан жана АКШдагы аукциондордон жана жеке коллекционерлерден белгилүү сүрөтчүлөрдөн ондогон эмгектерди сатып алышкан. Читать дальше...
31-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32; Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 25…30; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23... Читать дальше...
Кыргызстандык бир нече активист социалдык тармактардагы аккаунттарын белгисиз адамдар бузуп киргенине даттанып чыгышты. Айрымдары баракчаларын биротоло алдырып жиберсе, башкалары кайсы бир видеолору, сүрөттөрү, посттору өчүрүлгөнүн кабарлашты.
30-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багытындагы учагы менен Кыргызстанга 283 жаран келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учакта орун чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түздү. Алар негизинен Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөт мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу энелер, олуттуу себептери бар жарандар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда... Читать дальше...
Кытайдагы ири телекоммуникациялык «Huawei» концерни смартфондорду сатуу боюнча быйылкы жылдын экинчи кварталында Түштүк Кореянын «Samsung» компаниясынан озуп өтүп, эң алдыга чыкты. Бул тууралуу «Canalys» иликтөөчү уюму билдирди. Ага ылайык, АКШнын санкциясына кабылган «Huawei» бул мөөнөт аралыгында 55,8 миллион смартфон саткан. «Samsung» компаниясыныкы болсо 53,7 миллион телефон болгон. «Canalys» соңку тогуз жылдан бери сатык боюнча «Samsung» же «Apple» алдына эч кимди чыгарбай келгенин билдирди. Читать дальше...
31-июлда Кыргызстандын мечиттеринде жана аянттарында Курман айт намазы окулбайт. Муфтият бул тууралуу 27-июлда билдирүү таратып, мындай чара коронавирус эпидемиясына байланыштуу көрүлүп жатканын жарыялаган. Мусулмандардын дин башкармалыгы COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин жана илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербеш керек экенин белгилеген. Муфтият элди мындай чечимди туура түшүнүү менен кабыл алып, Курман айт майрамын башкалардыкына айттап барбастан, үйдөн белгилөөгө чакырган. Читать дальше...
Кыргызстанда саясий партиялар пандемия шартында жыйындарын кантип өткөрүүнү билбей турушат.
Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү боюнча демилге көтөрдү. Бул тууралуу коомдук ишмер «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазып, өткөндөн туура тыянак чыгаруу жана сабак алуу зарыл экенин белгиледи. Мунун маанисин ал пандемиянын кайталануу ыктымалдыгы менен негиздеди. Каптагаев комиссия вирустун жайылышын, кесепеттерин кылдат иликтөө зарыл болорун жана анда бийлик органдарынын... Читать дальше...
Кошмо Штаттарда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1267 адам каза болду, өлкөнүн түштүк жана батыш штаттарында оорунун тарашы басаңдай элек. Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондордун саны 150 миңден ашты жана көз жумгандар май айынан бери азая элек. Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдеттен 665 миңдей бейтап жан берип, ооругандардын жалпы саны 17 миллионго чукулдады. Оорудан эң көп жабыркаган Бразилияда соңку бир күндө дагы бир жаңы антирекорд коюлду. Читать дальше...
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коронавирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Өз сөзүндө Отунбаева кайтыш болгон ар бир адамдын орду толгус экенин белгиледи: «Дүйнө эми мурункудай болбойт. Ушул сөздү бүгүн ар бирибиз айтып калдык. Жакын адамдарын жоготкондор үчүн аалам астын-үстүн болду. Каруу-күчкө толуп турган курагында канча кымбат адамдарыбызды жоготуп алдык… Ар бир күндү: «Дагы ким, бүгүн канча адам экен?» деген сары санаа менен тосуп калдык. Күн сайын кайгылуу статистиканын ичинде биздин жакындарыбыз... Читать дальше...
«Медуза» интернет-басылмасы Кытай орусиялык медиада өз үгүтүн кеңейтүүгө аракеттенип жатканын жазып чыкты.
Беларуста колго түшкөн орусиялык жарандарга «теракт уюштурууга камынып жаткан» деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-июлда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков журналисттерге кабарлады. Шаршембиде «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги күч органдары Минискиден анча алыс эмес жерде Орусиядагы «Вагнер жеке аскердик уюмунун» 32 жалданма аскерин колго түшүрүшкөнүн жазган. Ошол күнү кечинде президент Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулткан. Анда Лукашенко... Читать дальше...
Коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу жана респиратордук оорулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, сасык тумоого каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелчилик тобуна кирген өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июлда коронавирустан каза болгон айрым коомдук жана саясий ишмерлердин үйлөрүнө барып, куран окутту. «Азаттыкка» маалым болгондой, мамлекет башчысы эртең менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаевдин, Чыныбай Турсунбековдун, Кыргызстандагы туңгуч демократиялык кыймылды (КДК) жетектеген коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты Жыпар Жекшеевдин... Читать дальше...
АКШнын расмий адамдары англис тилинде чыкчу үч веб сайтты аныкташканын, алар коронавирус пандемиясы тууралуу бурмаланган маалымат таратып жатканы аныкталганын билдиришти.
Чет өлкөлөрдүн башчылары жана эл аралык уюмдар кыргыз элине Коронавирустан каза болгондор боюнча аза күтүү күнүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго көңүл айткан каттарын жөнөтүп жатышат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: «Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын... Читать дальше...
Кыргызстанда 30-июлга карата маалымат боюнча бир сутка ичинде 32 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдиргендей, алардын тогузу Ош шаарында, жетөө Ош облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, алтоо Баткенде катталды. Кечээ-бүгүн баш калаа Бишкекте медиктер вирус жугузуп алган учуру катталган жок. Акыркы бир суткада 13 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Читать дальше...
Кыргызстанда 30-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 17 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун тогузу Бишкекте, экөө Чүй облусунда, экөө Нарын облусунда, төртөө Жалал-Абад аймагында. Муну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза тапкандардын жалпы саны 1364 кишиге жетти. Расмий маалыматка караганда, бир сутка ичинде вирус дагы 631 кишиден жаңы аныкталды. Читать дальше...
Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү.
... Бүгүн Аза Күтүү Күнү! 2020-жылдын июль айынын акыркы күнү ушинтип силерди жоктоп, дагы бир жолу сыздап, боздоп, көз жашыбызды төгүп, арбагыңарга Куран окуп калчу күн болуп калат деп үч уктасак түшкө кирген жок эле. Көрсө бир ажалга миң өмүр да туруштук бере албайт экен. Ошон үчүн Ажал Улук деп коюшкан турбайбы. “Азаттыктын” атынан силерден кечирим сурайбыз. Ооруканалар албай... Канттан Бишкекке... Ал албай андан Фучикке, ал албай Гансиге, Ганси да албай аргабыз түгөп турганда “алар албаса мен алам!” деп маңдайыбызда Ажал турганда... Читать дальше...
30-июлда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, маркумдарга багышталып куран окулду. Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты. Коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө сунуш 21-июлда элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылардын президент менен жолугушуусунда айтылган. Читать дальше...
Мындан 40 жыл мурда ошол кездеги СССРдин баш калаасы Москвада 22-Жайкы Олимпиада өткөн. Ал оюндар тарыхта эң саясатташкан спорттук иш-чаралардын бири болуп калды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июль - Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргызстандын калкына кайрылды. Мамлекет башчынын сайтында жарыяланган кайрылууда: «Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз. Каза болгон жарандарыбыз - ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз», деп жазылган. Мамлекет башчы элдин өмүрү, ден соолугу үчүн күрөш бүтө элек экенин белгилеп, илдет менен күрөшүү, элдин ден соолугун сактап калуу - жалпы улуттук күрөш экенин билдирген. Читать дальше...