10-июль күнү Ош шаарында Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан төрт жаранды топурак басып калган. Алардын үчөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу тарабынан куткарылып, бирөө каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Мекеменин билдиришинче куткарылган үч жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген жана абалдары туруктуу. Каза болгон жарандын сөөгү ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда анын тек-жайы такталып жатат. (DU)