Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев 9-июлда билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, турфирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилердин ичи 70% гана толууга тийиш.
Мындан тышкары, жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынды.
«Мындай чечим бүгүн облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Эми Каракол-Бишкек жана район, айыл аралык маршруттук каттамдар 10 күн болбойт. Каракол шаарындагы автобекет убактылуу иштебейт. Ал эми такси кызматын эки жакка көп каттабаганга үндөп жатабыз. Мечиттерде жума намаз убактылуу окулбай турган болду. Бул аракеттердин баары коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө үчүн», - деди Жаныбек Кожоев.
Коронавируска каршы облустук ыкчам штабдын чечими 10-июлда күчүнө кирип, чектөөлөр 20-июлга чейин уланат.
9-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 275и Ысык-Көлдө. Бүгүнкү күнгө карата облуста бул илдеттен эки адам каза болду.
Буга чейин айрым чектөөлөр башка аймактарда да киргизилген. Мисалы, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жума намазга убактылуу тыюу салынган. Талас облусу эки аптага жабылды.
6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек экенин айткан.
Президент жер-жерлердеги жетекчилер киргизген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана ишкерлер милдеттүү түрдө аткарышы керек экенин эскерткен. (KS)