Косовонун президенти Хашим Тачи кийинки жумада Гаагага барып, атайын прокурордун суроолоруна жооп бере турганын айтты. Атайын прокурордун кеңсеси Косовонун өз алдынчалыгына байланыштуу 1998-1999-жылдардагы куралдуу кагылышуу учурундагы жана андан кийинки согуш кылмыштарын иликтеп келет.
Мурдагы талаа командири Тачи ал чатакта өзү менен кошо согушкан косоволуктардын көбүн акыркы эки жыл ичинде атайын комиссия суракка алганын «Фейсбукка» жазды.
24-июнда Косово боюнча атайын прокуратура президенттен тышкары парламенттин мурдагы төрагасы Кадри Веселини жана дагы бир нече кишини 1990-жылдардын соңундагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптаган. Тачи жана калгандары күнөөсүз экенин айтышууда.
Президент анын өлкөсү жапа чеккени менен согуш кылмыштары деп айтылган окуяларды иликтеген эл аралык сот менен кызматташып жатканын белгиледи.
Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, аны 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү таанышкан. Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө аны дагы эле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.