Бүгүн, 27-октябрда өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан батирде калган үч жаш баланы куткарды. Балдардын абалы канааттандырарлык. Алардан тышкары коңшу эки батирдин тургундары да коопсуз жакка чыгарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектин "Аламүдүн-1" кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 8-кабаттагы батирлердин биринде өрт чыккан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, себеби такталып жатат. Акыркы суткада жалпы өлкөдө беш өрт катталган. Читать дальше...
Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестиция көлөмү (чыгып кетүү агымын эсептебегенде) былтыр 230 млн доллар түзүп, ага чейинки жылга салыштырганда дээрлик 32% өстү. Бул тууралуу бүгүн 27-октябрда Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 3,3% жогору. Өсүш айыл, токой, балык чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо... Читать дальше...
Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев 25-октябрда Тбилиси шаарында Грузияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жарандарды экстрадициялоо маселесин көтөрдү. Элчи бул тууралуу Грузиянын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштар жана укуктук маселелер департаментинин башчысы Ираклий Чилингарашвили менен жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук жардам боюнча кызматташуу маселеси талкууланды. Читать дальше...
“Эсимде” изилдөө аянтчасы 29-октябрда Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында советтик репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрөт. "Аттарын кайтаруу" деп аталган акциянын алкагында репрессияга кабылгандар тууралуу, тактап айтканда, алардын аты-жөнү, жашаган жери, репрессия учурундагы жашы, иштеген жери же кесиби, репрессия болгон күнү, жылы жана реабилитацияланган жылы жөнүндө маалымат берилет. "Аттарын кайтаруу" акциясы биринчи жолу 2007-жылы Москвада Соловецкий ташынын жанында өткөрүлгөн. Читать дальше...
Кыргызстандын Кыйноолорду алдын алуу борборунун жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 22-октябрда Ош шаарындагы Д.Султанов атындагы мектеп-интернаттагы балдардын абалы менен таанышты. Кыйноолорго каршы борбордун маалымдашынча, мектеп-интернатта тарбиялануучулардын укугу бузулган учурлар аныкталган. Окуучулар менен сүйлөшкөндө кыздардын бири тарбиячы катаал мамиле кылып, колун көгөртө чымчып алганын айтып берген. 9-класстын окуучулары сабак учурунда таштанды чогулуп калган цистернаны тазалашкан. Читать дальше...
Кыргызстан Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу 26-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров 26-октябрда Кз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинде сүйлөп жатып айтты. Жапаров белгилегендей, кыргыз өкмөтү мындай механизмди түзүүнү сунуштайт жана бул идеясын илгерилетет. “КМШга мүчө саналган, дүйнөлүк океанга чыга албаган Борбор Азия... Читать дальше...
Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү маселеси 26-октябрда Бишкекте уюмдун өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министрлер бул тармакка 2024-жылга каражат бөлүү жана былтыркы жылы абадан коргонуунун биргелешкен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу, коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу... Читать дальше...
26-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Маркум ырчынын жаркын элесине арналган кечеге Кыргызстандан сырткары коңшу Казакстандагы сахналаштары да катышты. Күйөрмандар үчүн дүйнөлүк жана улуттук вокалдан классикалык чыгармалар жаңырды. Көрүнүктүү тенор 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде "КЖ групп" курулуш компаниясын негиздегендердин бири Имамидин Ташов кармалганын билдирди. Анда ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга байланыштуу айыпталып жатканын маалымдады. "Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдагы токтому менен "О" ишканасына бөлүнүп берилген тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү Бишкектен Пакистандын Карачи портуна чейинки эл аралык транспорттук каттамын өздөштүрүүгө киришкенин жарыялады. Дээрлик 20 жылдан бери кагаз бетинде келаткан долбоорду жандандырууну Пакистандын өкмөтү демилгелеген. Пакистандын делегациясы Карачи-Кашкар-Бишкек каттамы боюнча алгачкы автокербен жолго чыкканын кабарлады. Бул жол деңиз жолуна алып чыгуучу эл аралык каттамдардын бири катары келечектүү деп бааланууда. Эгер ал ишке кирип калса, Бишкектен Карачиге чейинки жолдун узундугу 3500 чакырымдай болот. Читать дальше...
26-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырып, өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен тааныштыгы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кинотеатрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын белгиледи. Режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачылыгына берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди. Читать дальше...
Катарда сот тыңчылыкка шек саналган индиялык сегиз жаранды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу бейшембиде, 26-октябрда Индиянын өкмөтү кабарлады жана "соттун чечими аларды өтө нес кылганын" билдирди. Дели бул өкүмдү Катардын бийлиги менен талкууларын белгиледи. Катардагы жергиликтүү журналисттердин маалыматына караганда, айыпталуучулар жеке компанияда иштеп жүргөн жана тыңчылыкка шек саналып былтыр августта камалган. Эки өлкө тең бул окуя тууралуу буга чейин расмий, ачык маалымат берген эмес. Читать дальше...
Акыркы күндөрү коомчулукта Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик символдорунун бири болгон мамлекеттик туунун айланасында талкуу кызыды. Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аталган маселе "Азаттыктын" эфиринде талкууланды.
Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Анда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева аталган мекеменин Бишкек, Ош шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мүлктөрүнө байланыштуу жалпысынан 34 кылмыш иши козголгонун, учурда анын 27си тергелип жатканын билдирди. "Козголгон 34 кылмыш ишинин төртөө өндүрүштөн кыскартылып, бир кылмыш иши убактылуу өндүрүштөн токтотулган жана эки кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Читать дальше...