“ЖИА” бизнес-ассоциациясы соңку учурда ишкерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда уюм ишкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо боюнча саясатты колдой турганын, бул жаатта президенттин бир катар жарлыктары чыкканын белгилеген. Кайрылууда соңку күндөрү орун алган ишкерлерди камоо иштери улана турган болсо, өлкөдө бизнес активдүүлүк төмөндөп, инвестиция сыртка агылышы мүмкүн экени эске салынган. “Мамлекеттик саясатты мүлк коопсуздугун, ишкердикти... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-октябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11... Читать дальше...
Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды. "Айкөл" миссиясынын алкагында быйыл Сириядагы лагерден 49 аял, 105 бала мекенине жеткирилиген. Алар бир нече айлык реабилитациядан кийин үйлөрүнө жиберилген. “Азаттык” Сириядан балдары менен кайтып келген кыргызстандык аялдардан кабар алды.
24-октябрда Бишкекте №48 автобус эки адамды коюп кетип, бирөө каза болду. Бул тууралуу 25-августта “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди. Окуя саат 14:30 чамасында болгон. Zhongnong үлгүсүндөгү автобус шаардын Жибек жолу менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки кишини сүзүп кеткен. Алардын бири 82 жаштагы Т.И. окуя болгон жерде өзүнө келбей каза болгон. 48 жаштагы тургун мээси чайкалып, Бишкек шаардык улуттук ооруканага жаткырылган. Читать дальше...
Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты. 25-октябрда аталган мыйзам долбоору (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу) Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Кайрылууда мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын, төрага Нурланбек Шакиевдин... Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы келерки жылы ажыга барчуларды каттоо 9-20-ноябрь күндөрү жүргүзүлөрүн билдирди жана анын эрежесин жарыяларды. Ага ылайык, ажылык зыяратка баргысы келгендердин тизмеси талапкер муфтияттын аймактарындагы бөлүмдөрүнө келгенде (живая очередь) түзүлөт. Алар ID-картасын, эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек. "Талапкерлер эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөбөй туруп каттала албайт. Читать дальше...
Кыргызстан Орусияда кармалган жаранынын Тажикстандын күч органдарына өткөрүлүшүнө жол берген жок. Бул тууралуу 25-октябрда өлкөнүн акыйкатчысынын кеңсесинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, тажик тарап ал жаранга эл аралык издөө жарыялаган, бирок акыйкатчынын жана Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен аракети менен Орусия аны Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты жана кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке чыгарды. Ал 2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келгени... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 25-октябрда "Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, аны кабыл алды. Мунун алдында парламенттин тармактык комитети бул документти жактырган. Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр фондго бирдей каражат бөлөрүн, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын маалымдаган. "Фонддун уставдык капиталы 350 миллион доллар болот. Ар бир тарап уставдык... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Максатбек Сарыбагышев "Азаттык" жазып чыккан, Казакстанда 15 жылдан бери кулчулукта жүрүп кайтып келген жубайлар тууралуу айтты. Ал Бакыт Рыскелдиев менен анын жубайы Элмира Токтосунованын окуясынан улам кулчулукка кабылган дагы башка жарандар дагы болушу мүмкүндүгүн белгилеп, буга байланыштуу иликтөө жүрүшү керектигин билдирди. "Алар "Азаттыктын" каарманы болуп, Кыргызстанга алынып келип, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы үйүнө 15 жылдан кийин гана кайтып келип отурат. Читать дальше...
Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин окуясынан кийин ондогон келиндер өздөрү кабылган зордук-зомбулук тууралуу жазууда. Социалдык тармактарда зомбулукту токтотууга чакырган "Мен Аселмин" деген хэштег менен флешмоб акциялары өтүп жатат. Аялдардын укугун коргоочулар зомбулуктун токтобой жатышынын себептеринин бири катары көбүнчө зордукчулдун жазасыз калуусун, укук коргоо, сот органдарындагы, коомдогу мамилени айтып жатышат. Аселге окшогондор көп Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин жанында улут аралык жаңжал чыгарган, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эки адам кармалганын билдирди. Этникалык касташууга баргандар, катышкандар мыйзам чегинде жазаланарын эскертти. "23-октябрда "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар катышкан калайман мушташ болгон. Жаңжалдын улут аралык мүнөздөгү белгилери аныкталган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды. Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду. Муну "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алды. Ал желекти өзгөртүүгө көпчүлүк каршы экенин белгилеп, 30 жылдан бери колдонулуп келген желек азыркыдай абалында калышы керектигин айтты. "Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жатат. Биз желектен башка нерсени жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коелучу. Бул күндүн нуру. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок, анда ал уйгак болуп калат. Башка иштерибиз кокодон... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад, Ош облусундагы жабылган мечит-медреселерге байланыштуу маселе көтөрдү. Депутат Шайлообек Атазов учурда эки облуста жабылган мечиттердин саны 100дөн ашканын айтып, нааразылык жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Дагы бир депутат Жалолидин Нурбаев жабылган мечиттердин кемчиликтерин жоюуга жардам берилип, кайра ачылышы керектигин айтты. "Айрым мечиттерде өрт өчүрүү жабдуулары жок болуп калган учурлар болот экен. Документтери бир аз чала болсо дагы жаап коюшуптур. Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги учурда Орусияда "кара тизмеде" 47 миңден ашык кыргызстандык жаран бар экенин кабарлады. Мекеме андан чыгуу эреже-шарттарын, жол-жобосун жарыялады. Ага ылайык, "кара тизмедеги” жаран Кыргызстанда болсо, анда ал ооруканага анализ тапшырып жугeштуу оорулары (сифлис, кургак учук) жоктугун тастыктаган маалымдама алышы керек. Эркин формада өтүнүч менен Роспотребнадзордун электрондук дарегине: https://petition.rospotrebnadzor.ru/petition / кайрылуусу зарыл. Читать дальше...
Газа тилкесинде блокадада калган тургундар үчүн шейшемби күнү кечинде, 24-октябрда гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди. Бул тууралуу Reuters агенттиги Палестинадагы Кызыл жарым ай коомуна шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Египет аркылуу дары-дармек, азык-түлүк жана суу жүктөлгөн сегиз машина чек арадан өттү. Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарадарларга толуп калган Газадагы ооруканаларды медициналык каражаттар жана суюк отун менен камсыздоого шарт түзүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырган. Читать дальше...
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин кызматкер-жумушчуларынын маянасы келерки жылдан тартып эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Альянс" фрациясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев билдирди. Ал бул маселе тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен сүйлөшкөнүн, айлык акыдан сырткары штат дагы көбөйөрүн билдиргенин кабарлады. Өткөн аптада аталган тарыхый комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов парламентте... Читать дальше...