Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда. Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва... Читать дальше...
Президенттик “Манас” камералык оркестринин негизги курамынын иштен кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев буга оркестрдик топ менен администрациянын ортосундагы пикир келишпестиги себеп болгонун айтып чыкса, жетекчилик дооматты четке какты. Дирижёр ишиндеги мыйзам бузуулардан улам кызматынан алынганын айтууда. "Мыкты музыканттар кетти" Оркестрде көп жылдан бери көркөм жетекчи жана дирижёр болуп иштеген Кыргыз Республикасынын эл... Читать дальше...
Президенттик "Манас" камералык оркестринин дирижёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев өзү менен кошо бир нече музыкант иштен кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Асаналиев мындай кадамга барууга жамаат менен администрациянын пикир келишпестиги себеп экенин билдирди. "Угармандарга азырынча эч кандай концерттер болбой турганын билдирүүнү милдетим деп эсептейм. Бирок алар сөзсүз болот, анткени биз маданиятты алып жүрүүчүлөрбүз. Кантип жана качан болот, алдыда кошумча маалымдалат", - деген... Читать дальше...
97 жаштагы сузактык Мамасалы Жумаев боз улан кезинде кан майданга аттанып, жапон согушуна чейин барган. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун киши катышкан. Жыл өткөн сайын ардаргерлер азайып, үркүрдөй гана киши калды. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 78 жыл толду.
Маңзат сатууга шек саналып кармалган эки аскер кызматкери 18-июлга чейин камакка алынды. Биринчи Май райондук сотунун 7-майдагы чечимине ылайык, алар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу аталган соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты. Мурдараак Коргоо министрлигинин эки офицери маңзат сатууга шектелип, кармалганын, аларды 6-майга караган түндө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашканын "Азаттыктын" жеке булактары кабарлаган. Читать дальше...
Кытайдын президенти Си Цзинпин эмки аптада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчылары менен саммит өткөрөт. Бул тууралуу Бээжин 8-майда билдирди. АФП кабар агенттиги жазгандай, 18-19-май күндөрдөгү иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышмакчы. "Быйыркы Жибек Жолунун тоомундагы Сиань тарыхый шаарында өтө турган жолугушуу 31 жыл мурун расмий алака түзүлгөндөн берки мындай форматтагы биринчи саммит болуп калмакчы", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлиги. Читать дальше...
Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. 62 жаштагы юрист өлкөдө болгон конституциялык реформалардын дээрлик бардыгына катышкан. Тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда бир катар кызматтарда иштеп, 2010-жылы Убактылуу өкмөт түзгөн Конституциялык кеңешмеге да мүчө болгон. Учурда “сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтөт” деп сынга кабылган мыйзам долбоорлорунун негизги авторлорунун бири. Читать дальше...
Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтү апийим өстүрүүгө, колдонууга жана сатууга тыюу салганын дагы бир ирет жарыялады.
Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтү апийим өстүрүүгө, колдонууга жана сатууга тыюу салганын дагы бир ирет жарыялады.
Казакстанда Каспий деңизинин жээгинде Кызыл китепке кирген 15 тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экология министрлиги маалымдады. Факт боюнча полиция кылмыш иш козгоду. Адистер суунун жана абанын үлгүлөрүн анализдеп атышат. Мурда да бул деңиздин жээгинде өлгөн тюлендер табылган. Былтыр декабрда Дагестанда 2 жарым миң тарпты, кийинчерээк дагы 100 чактысын таап алышкан. "Росприроднадзор" ошондо жаныбарлар «жаратылыш газынан улам аба жетпей калып тумчуккан» деген версиясын айткан. Көз карандысыз экологдордун пикиринде... Читать дальше...
Өзбекстанда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 9-июлга белгиледи. Бул маалымат 8-майда аталган мекеменин сайтына жарыяланды. Мунун алдында, 8-майда президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. Документти парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталары өткөн аптада кабыл алган. Мирзиёев парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталарынын башчылары менен жолугушууда калган 3,5 жылдык мөөнөтүнөн баш тартып, жаңы шайлоо дайындаган себебин түшүндүргөн. Читать дальше...
Техас штатындагы трагедиядан кийин АКШ президенти Жо Байден 7-майда Конгрессти жарым автоматтык куралдарга тыюу салууга кайрадан чакырып, республикачылардын бул багытта чара көрбөгөнүн сындады. Далластын түндүгүндөгү соода борборунда дем алышта бир адам жарым автоматтык мылтыктан туш келди ок ачканда сегиз киши, арасында бир бала мерт кетти. Президент желектерди жарым-жартылай түшүрүүнү буйруду. АФП агенттиги жазганына караганда, куралга тыюу салган мыйзамды Конгрессте кабыл алуу мүмкүн эместей көрүнөт... Читать дальше...
"ПолитКлиника" сайтынан парламент спикери Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты делген жаңылык толуктоо максатында алынды. Бул тууралуу басылманын редактору Дилбар Алимова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдын жообу келгенден кийин материал кайра толукталып чыгарыларын билдирди. "Биз ал жаңылыкта ушундай кат тарап жатканын кабарлап, Жогорку Кеңештин дагы жообун бергенбиз. Башкы прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болбогонун кошо жазганбыз. Читать дальше...
Бишкектеги бир катар мектептердин окуучулары 7-майдан тартып, "Эстелик вахтасы" деп аталган акцияга катышууда. Алар бул акциянын алкагында Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" кароолдо туруп жатышканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, окуучулар кароолду 9-майда Улуттук Гвардиянын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет. "Акция Коргоо министрлиги тарабынан "Биздин Жеңиш - Наша Победа" издөө кыймылы менен биргеликте өтүп жатат. Иш-чаранын максаты - жаштарды аскердик-патриоттуулукка... Читать дальше...
Синоптиктер эскерткендей, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш. 9-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28; Талас облусунда түнкүсүн 5...7, күндүз 24...26; Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9...11, күндүз 28...30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусундагы жолдордун курулушу менен таанышты. Аталган министрликтин маалымдашынча, ал Нарын аэропортунун учуу тилкесин, шаардын ички жолдорун, Нарын-Баетов жолун куруу иштеринен кабар алды. "Бариев жолчуларга ишти өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды. Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо каралган. Ал эми Нарын-Баетов жолунун 36 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда бул жерде эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
Быйыл алгачкы үч айда Кыргызстанда “каржы пирамидасын” уюштуруу фактыларына байланыштуу 54 кылмыш иши козголгонун 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдан калган дагы 153 ишти тергөө уланган. Былтыр бир жыл ичинде, ИИМ билдиргендей, жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп, анын 765и сотко жөнөтүлгөн, 129у кыскартылган, төртөө жоопко тартыла тургандар аныкталбаганына байланыштуу токтотулган. “Каржы пирамидасынан” жабыркаганын айтып... Читать дальше...
Мектептеги кан төгүүдөн кийин Сербиянын билим берүү министри Бранко Ружич отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Министр курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, трагедиянын сүрөттөрү анын көз алдында өмүр аягына чейин каларын айтты. Ал өз чечимин үч күндүк аза күтүү аяктаганда, жекшембинин кечинде жарыялады. Буга чейин оппозиция өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырып келди. 3-майда Белградда 13 жаштагы өспүрүм өзү окуган мектепте сегиз окуучуну жана коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөн. Читать дальше...
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев 8-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Документти парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталары өткөн аптада кабыл алган. Шайлоонун датасы азырынча жарыялана элек. Мыйзамда "президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындагандан кийин добуш берүү эки айдын ичинде өтөрү" жазылган. Мирзиёев парламенттин төмөнү жана жогорку палаталарынын башчылары менен жолугушууда калган 3,5 жылдык мөөнөтүнөн баш тартып, жаңы шайлоо дайындаган себебин түшүндүргөн. Читать дальше...
Иранда социалдык медиада “атеизмди жайылтып, диний жана мусулмандардын ыйыктарына акаарат келтирген” деп айыпталган эки киши дарга асылды. “Фарда” радиосу жазганына караганда, Юсеф Мердад жана Садролла Фазели Заренин өкүмү ишке ашырылганы тууралуу маалымат 8-майда юстиция тармагынын сайтында жарык көрдү. 2019-жылы Эрак революциялык соту аларга айып таккан. Үч жаш баланын атасы Мердад жаратканга акаарат келтирди, Куранды өрттөдү деп айыпталган. Заре Мухамед пайгамбарга жана исламга акаарат келтиргенин моюнга алганы кабарланган. Читать дальше...
Бүгүн 8-майда Бишкекте Жогорку Кеңешке № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) билдиргендей, бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календардык планына ылайык, үгүт өнөктүгү 27-майга чейин уланат. Депутаттыкка арыз берген 49 адамдын арасынан 32си талапкер болуп катталган. Арыз тапшыргандар арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев... Читать дальше...
Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Чүйдүн Достук айылынын бир нече тургуну кайрылган. Алар Пригородное айылдык кеңешинин депутаттарынын бири суу өткөрүп берүүнү убада кылганын, 3,5 миң сомдон чогултуп алганын, ишти аягына сапаттуу чыгарбай, коркутуп-үркүтүп жатканын айтып беришкен. “Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголду. Читать дальше...
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон төлөнүп берилгенин 8-майда “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Жеңиш майрамына карата бир жолку мындай акчалай жардамдан тышкары ардагерлерге ай сайын 7 миң сомдон кенемте жана президенттин атынан 10 миң сомдон стипендия төлөнүп келет. Мындан тышкары, бир жолу төлөнүүчү 20 миң 400 сомдук акчалай жардам да төлөнүп берилди. Кыргызстанда... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балкчы жолунун жээгинде 7-майда тутунган өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылганын билдирди. Ага ылайык, 8-майда таң эрте кырсык болгон жерге Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн беш куткаруучу, райондук токой чарбасынан төрт кызматкер жана Көк-Мойнок айылынан үч адам тартылды. Жекшембиде кечинде "Балыкчы" суу чарбасынан бир суу ташуучу машина барган. Ошондой эле шаардагы №19 өрткө каршы бөлүктөн дагы бир күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрт өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калган. Читать дальше...