Жогорку Кеңеште 27-январда Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо мыйзам долбооруна байланыштуу парламенттик угуу өтүп жатат. Ага депутаттар, тархычылар, коомдук ишмер жана жаштардын өкүлдөрү катышууда. Долбоорду Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо даярдаган. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү. Мирзиёев 27-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өтөт. Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла... Читать дальше...
Мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 27-январда Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен расмий жолугат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы билдирди. Андан ары президенттер тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Кийин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, президенттер маалымат каражаттарына билдирүү жасайт. Читать дальше...
Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган активист Атай Бейшенбек Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштери тууралуу комментарий берди. Анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында "мэрияны басып алууга аракет жасаган" деген айыптоо негизсиз экенин белгилеген. "2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгансың деп мага дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чакырышты. Читать дальше...
“Алдамчылыкка” шек саналып кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 26-январда соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, 24-февралга чейин убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камоо чечимин чыгарды. Шектүү мурдагы депутат Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалган. ИИМ Разаковго эки кылмыш иши боюнча айыбы угузулганын билдирди. Жеңиш Разаков өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу комментарий берген жок. Парламенттин... Читать дальше...
Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээгин бойлой жайгашкан үйлөрдү, короолорду суу каптоо коркунучу жаралгандыктан аталган райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жагдай көзөмөлдө экенин, муз тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. "Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, эки техника, Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси баштаган алты кызматкер тартылды. Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун... Читать дальше...