Жалал-Абад шаарында жарык улам өчүрүлүп жатат. Бул өзгөчө шаардын айланасындагы жаңы конуштарды кыйнап жатат. Анткени алардын басымдуу бөлүгү үйлөрүн электр менен жылытат. Энергетиктер светти пайдалануу чектен ашып, көмөк чордондорго күч келип, авария көп катталып жатканын айтууда.
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-январдагы чечими менен 3000 сом айыппул салынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Токтонасыров өзү тастыктап, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди. 10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Читать дальше...
Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 19-январда, Таластагы өзү туулуп-өскөн Көпүрө-Базар айылында акыркы сапарга узатылды. Ал 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан каза болгон.
Бишкектеги айрым мектептин окуучулары бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды. Маалыматты Бишкек милициясы ырастады. Азырынча канча мектепке ушундай маалымат түшкөнү так айтылган жок. Милиция учурда маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүдө. Маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы кабарларга караганда, бери дегенде беш мектептин окуучулары эвакуация болуп, милиция мектептерди курчоого алууда. Алар: №33, №63 мектеби жана "Илим", "Сейтек STEM", Айтматов атындагы лицей. ... Читать дальше...
Кыргызстандын Экономика министрлиги креативдүү индустриянын түрлөрү катары 99 ишмердикти аныктады. Бул тууралуу бүгүн 20-январда Бишкекте өтүп жаткан Креативдүү индустриялар паркын өнүктүрүү боюнча жыйында Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Нурбек Үмөталиев билдирди. Бул жаатта ишмердик жүргүзгөндөргө атайын салыктык режим киргизүү боюнча талкууда сүйлөп жатып Үмөталиев министрлик креативдүү ишмердик түрү катары архитектура, дизайн, графикадан тартып жазуучулук, анимация, туристтик ишмердикке чейин тандап алганын айтты. Читать дальше...
Кыргызстан Ооганстандын Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздар арасында оору күчөп, өлүм көп катталганы тууралуу маалыматты бир нече булактан такташтырып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Министр Кыргызстандын Ооганстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев бул багытта иштеп жатканын жана ошол маалыматты тараткан адам менен бир нече жолугушуу болгонун айтты: “Аны чакырып, маалыматты каяктан алганын сураштырдык. Билесиңер да... Читать дальше...
Кыргызстан менен Өзбекстан унаа тетиктерин чыгарып, жыйноочу завод курууну пландоодо. Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр 2017-жылы башталганын Инвестиция боюнча улуттук агенттиктиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, заводдун курулушу боюнча келишимге өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда кол коюу паландалууда. "СССР мезгилиндеги өндүрүштүк кубаттуулуктун сакталышына байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын шарты ар башка экенине байланыштуу айрым тоскоолдуктар болгон. Читать дальше...
Өзбекстанга караштуу Каракалпакстанда соңку бир нече аптада рейд жүрүп, мурда издөөдө жүргөн 132 адам кармалды. Бул тууралуу УзА агенттиги Каракалпакстандын ички иштер министри Бактыяр Төрөбековго шилтеме кылып жазды. Рейд учурунда коомдук активисттер менен биргеликте 90 миңдей үй, 18 миңден ашуун объектер текшерилген. Түшүндүрүү иштеринен кийин тургундар тартип коргоо органдарына 344 даана курал-жарак жана 170 ок-дары тапшырып беришти. Дайыны чыкпай жаткан 12 киши табылып, үй-бүлөсүнө кайтарылды. Читать дальше...
Жакында эле АКШда өткөн “Аалам сулуусу 2022” сулуулук сынагы жыйынтыкталды. Бул жолу Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышып келген. Анын аялдар укуктарын козгогон образы азыр деле талкууда. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө Алтынай Ботоярова менен эксклюзивдик маекти сунуш кылабыз.
Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн жети памирлик үй-бүлөгө жардам жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардамды Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди. Муну менен катар Ош шаарындагы “Элим” клиникасынан эки тиш дарыгери келип, жарандарды кароодон өткөрүп, жергиликтүү бийлик жети тонна көмүр түшүрүп берди.... Читать дальше...
"Азаттыктан" жаңы подкаст угуңуз!