Иранда 7-январда былтыр сентябрда башталган нааразылык акцияларынын дагы эки катышуучусу дарга аcылды. Ушуну менен акцияга катышкан төрт адам өлүм жазасына тартылды. Эл аралык коомчулук эки кишинин дарга асылганын айыптап, Тегеранды өз жарандарын мындай катаал жазага тартууну тезинен токтотууга чакырды. Махди Карами менен Саид Мохаммад Хоссейниге "аскер кызматкерин өлтүргөн" деген айып тагылган. Экөө тең күнөөнү четке кагып, түрмөдө кыйноо көргөнүн айтышкан. Европа Биримдигине улай эле АКШ Иранда... Читать дальше...
Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонарунун тарапкерлери 8-январда өлкө парламенти – Конгресстин имаратына жана президенттик ордого кирип барышты. Интернетте тарап жаткан борбор калаа Бразилиадан тартылган сүрөт жана видеолорго караганда, Болсонарунун тарапкерлери адегенде Конгресстин имаратынын чатырына чыгып, андан соң ичине киришкен. Полиция аларды токтото алган жок. Өлкө бийлиги шаарга укук тартибин коргоо кызматкерлеринин кошумча күчтөрү жөнөтүлөрүн билдирди. Президенттик шайлоо бул өлкөдө былтыркы жылдын октябрында өткөн. Читать дальше...