Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги тогузунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 1-июлда 10 млн. 400 миң долларды сатыкка чыгарды. 1-июлга карата расмий курс 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныкталды. Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 - 78 сом 30 тыйындан сатып алынып, 78 сом 70 тыйындан 79 сомго чейин сатылууда. Читать дальше...
Таажы вирусунан улам үйдө отуруп калып, бир топ ата-эне бала-чакасын жакындан тааныганга мүмкүнчүлүгү болду окшойт.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов 1-июлдагы брифингде шаарда карантин тартибин бузгандар боюнча чаралар катаалдаша турганын билдирди. "Рейддердин саны да көбөйөт. Айып пул эскертүү берилбей эле дароо салынат». Мэрдин айтымында, тиешелүү жетекчилерге Бишкектеги төрт райондо күн сайын текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу тапшырма берилди. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспорт жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат. 1-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб баш калаада жаңы иш тартиби бекитилгенин жарыялаган. Читать дальше...