Өзбекстандын Салык комитети сингапурдук TikTok PTE LTD компаниясын кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары каттады. Расмий маалыматта 5-октябрдан тарта бул компания 12% КНС төлөй турганы айтылат. TikTok социалдык түйүнү Өзбекстанда 2021-жылдын июль айында бөгөттөлгөн. Буга аталган түйүндүн Өзбекстандын “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамдарын бузганы себеп болгон. Аны менен бирге Twitter, ВКонтакте жана WeChat да Купуялык мыйзамын бузгандардын тизмесине кирген. Аталган үч түйүн 2022-жылдын августунда тизмеден чыгарылган... Читать дальше...
Селекцияда бычакталган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн ишин апелляциялык негизде караган Чүй облустук сотунун үч судьясы бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, иштин создугуу себебин түшүндүрдү. Алар "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган Азамат Эстебесовду пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмү негизсиз колдонулганын айтууда. Судьялардын бири Тилек Абдырашитов райондук сотто өкүм чыгарууда айыпталуучунун мурдагы иштери, жабырлануучунун өтүнүчү эске алынышы зарыл экенин белгиледи. Судьялар... Читать дальше...
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда нандын баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин, бул чечим "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынганын кабарлады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында 1-сорттогу буудай унунан жасалган (бөлкө жана тандыр нандын) дан азыктарынын дүң жана чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев буйрукту бузуп... Читать дальше...
Ош облусунда “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү жети мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматта айтылгандай алар М.у.Х., Ю.У., А.Ы.Б., Р.А.С., Т.И.М., А.у.Б. жана Ж.Д. аттуу инициалдагы жарандар. Бирөө Өзгөн районунун “кароочусу” (смотрящий) болгону жана дагы бири “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени кабарлаган. Кармалган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин... Читать дальше...
Орусия тажик оппозициясына караштуу "Паём ТВ" телеканалынын директору Шавкат Мухаммадинин бир тууганы Аслиддин Шарифовду Тажикстанга өткөрүп берди. 2022-жылы сентябрда Свердлов облусунда кармалган Шарифов Тажикстандын укук коргоо органдарына быйыл 1-октябрда өткөрүлүп берилгенин "Озоди" радиосуна анын жакындары билдирди. Тажикстандын бийлиги Шарифовдун экстрадицияланганы боюнча эч кандай маалымат берген жок. Учурда анын кай жерде экени белгисиз болууда. Жакындарынын айтымында, ал Тажикстанда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 10-октябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова билдирди. Жактоочунун айтымында, иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат: “Биз эми соттун адилеттигине ишенип турабыз. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесинин негизинде коюлган айып негизсиз. Мадумаров өзү муну ага каршы атайын жасалып жаткан иш деп баалоодо”. Богданова ишке “жашыруун”... Читать дальше...
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху ХАМАС радикал тобу менен куралдуу кагылышуунун үчүнчү күнүндө элге кайрылуу жасады. Ал Израилдин авиациясы "жаңы эле" Газа тилкесине катуу сокку ура баштаганын билдирди. "Алар согушту каалашкан, ошондой болот", - деди Нетаняху. Премьер-министр оппозициялык партияларды саясий кагылышуулардан баш тартууга жана 1967-жылы болгон алты күндүк согуш маалындагы сыяктуу улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө чакырды. Нетаняху АКШ президенти Жо Байден менен дайыма байланышта экенин... Читать дальше...
2023-жылдын январь-сентябрь айларында 437 этностук кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында билдирди. Алыбаева булардын ичинен тогуз кишиге жөлөк пул жана сегиз кишиге пенсия чегерилгенин, 11 кишиге жергиликтүү бийликтер жер тилкесин бергенин тактады. Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында кол күрөштөн Азия, дүйнө чемпиондорун чыгарган спорт уясы бар. Аянбүбү Асанкулова быйыл августта Алматы шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында өспүрүмдөр арасында алтын медаль тагынды. Чемпион кыздардын айылына "Азаттыктын" кабарчысы барып келди.
2023-жылы 7-октябрда эртең менен АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасады. Ошол эле учурда жүздөгөн согушкерлер тилкенин айланасындагы чептердин линиясын бузуп өтүп, Израилдин аймагына иш жүзүндө эч кандай каршылыкка учурабай, айрым жерлерде ондогон чакырымга чейин кирип барды. Карапайым калкты кырып, барымтага да алышты. Бул окуялар Израил аскеринин жана чалгындоо кызматынын тарыхындагы эң коркунучтуу ойрон болуу деп каралууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуста мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу тарап жаткан маалымат жалган экенин 10-октябрда “Азаттыкка” спикердин маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев билдирди. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, мындай сөздөрдү жайылтуудан карманууга чакырды: “Бул жалган маалымат. Мен да көрдүм өзүн блогер деп эсептеген адамдар жеке баракчасына ушундай калп маалыматты жайгаштырып, бөлүшүп жатышканын. Өлкө жетекчилеринин... Читать дальше...
10-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоп берди. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлөрүн айтты. Ал мыйзам 1941-1945-жылы согуштан качканы үчүн чыккынчылыкка айыпталып, соттолгондорго тиешеси жоктугун белгиледи. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын... Читать дальше...
Баткен облусунун аймагында 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулганын бүгүн 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 8 материал облустук милициянын каттоосуна алынды. УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, архитектура жана “Кадастр” мекемесинин, муфтияттын жана президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен... Читать дальше...
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду боюнча маселе бүгүн 10-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралбай калды. Буга комитеттин жыйынына транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев барбай калганы себеп болду. Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков буга чейинки отурумда депутаттардан Жол фонду иштебей жатканы тууралуу пикирлер айтылганын, аны менен кошо титулдук тизмеге кирген капиталдык салымдар жана оңдоо... Читать дальше...
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде ишкерлерди тоноп жүргөн кылмыштуу топ аныкталганын бүгүн 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишкерлерден акча чогултуу боюнча туруктуу схема түзгөн деген шек менен эки киши кармалды, алар уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн жакын туугандары экени аныкталды. “Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (“Экономикалык контрабанда”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы 10-октябрда Израилдин жана Газа секторунун аймагындагы соңку суткадагы абал боюнча маалыматын жарыялады. Анда айтылгандай, эки тараптан тең каза болгондор 1600дөн ашты, Газанын 187 миңдей тургуну жер которду. Израилдин аймагына ракеталык чабуул уланды, израилдик аскерлер да ХАМАСтын турумдарына тынымсыз чабуул жасап жатты. Израилдин аймагында каза болгон жергиликтүү тургундар жана чет элдиктер 900дөн ашты, жараат алгандар 2600гө чамалады. Читать дальше...