Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды. 26-июлда Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экенин, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганын эске алган. Читать дальше...
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбек Тайлаков Кыргызстанда “Яндекс.Такси” кызматынын баасын жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын рыногуна кирген “Яндекс.Такси” 2023-жылдын башында гана каттоодон өттү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишкана расмий катталгандан кийин бир жыл талдоо жүргүзөт. Бул компаниянын кызмат көрсөтүүсү кымбат экени тууралуу... Читать дальше...
Тажикстанда бир катар ири банктар орусиялык "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну чектеди. "Азаттыктын" тажик кызматы анда бул система аркылуу доллар жана евро жөнөтүү/алуу толугу менен токтогонун, бирок рублге мындай чектөө колдонулбаганын жазды. Өлкөнүн Улуттук банкы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында АКШ аталган системага санкция салган жана мындан улам Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы бир катар банктар "Юнистрим" менен кызматташууну токтоткон. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы мектептерде кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт. 2021-жылы февралда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында... Читать дальше...
Кыргызстанда камакка алынган эки орусиялык активист Алена Крылова менен Лев Скорякиндин абактагы мөөнөтү узартылды. Бул туурауу "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров "Азаттыкка" билдирди. Соттун чечими менен алар 4-сентябрга чейин №1 убактылуу тергөө абагында (СИЗО-1) кармалат. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондук соттору Атайын кызматтын (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Крыловага жана Скорякинге карата эстрадициялык камакка алуу чарасын колдонгон. Орусиялык... Читать дальше...
Нигер мамлекетинде аскерлер тобу өлкө президенти Мухамед Базум бийликтен четтетилгенин билдиришти. Козголоңчулардын өкүлү, генерал-полковник Амаду Абдурахман улуттук телеканалда билдирүү жасап, өлкөгө коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын билдирд. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Мунун алдында президентке караштуу гвардия Базумду резиденциясынан чыгарбай камап турганы белгилүү болгон. Башында президенттин кеңсеси козголоңчуларды армия дагы, Улуттук гвардия дагы колдобогонун билдирген... Читать дальше...
Кытайда бир айдан бери коомго чыкпай келген тышкы иштер министри Цинь Ган кызматтан алынды. Бул тууралуу 25-июлда мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Ал эмне себептен кызматтан кеткени ачык айтылган жок. Бирок Циндин дээрлик бир ай табышмактуу жок болушу ар кандай түкшүмөлдөрдүн жаралышына жол ачты. Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган күтүүсүздөн кызматтан алынганын мамлекеттик CCTV каналынын алып баруучусу түз ободо жарыялады. "Төрага Си Цзинпин 25-июлда № 8 буйрукка кол койду. Ага ылайык... Читать дальше...
Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды. Тилсиз жоо үч аптадан бери өлкөнүн бир нече аралдарын каптап, миңдеген жергиликтүү тургун жана турист коопсуз аймакка көчүрүлдү. Ысыктан улам ушул тапта Түркияда, Италияда, Сирияда токойлор өрттөнүп жатат. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө.
Июль айында ысык аба ырайы Жер планетасынын бардык аймктарына таасир этти. Кытайдан баштап, Америка жана Европанын түштүгүндө абанын кескин ысышынан улам айрым жерлерде токойлор өрттөнүп, кээ биринде тынбай жааган нөшөрдөн улам сел жүрүп, көп өлкөлөр эбегейсиз чыгым тартууда. Алжирде токойлорду каптаган тилсиз жоо калктуу конуштарга жайылып, 34 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында жергиликтүү тургундарды коопсуз жактарга көчүрүүгө жардам берип жаткан аскерлер да бар. Ушу тапта Алжирдин алты облусун тилсиз жоо чулгады. Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) узакка созулган операциянын негизинде Чүй облусунда синтетикалык баңгизат даярдоочу лаборатория табылганын билдирди. Анда бул операцияга Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү дагы катышканы айтылат. Анын негизинде алгач 20 жаштагы эки адам кармалып, алардын машинасынан 12 килограммга жакын 47 таңгактагы "мефедрон" заты табылган. Кармалган жарандардын үйүн тинткенде, баңгизат лабораториясы бар экени аныкталып, психотроптук заттарды өндүрүүгө керектүү эки тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар алынган. Читать дальше...
Миллиондон ашуун киши жашаган Бишкек шаарында болгону 250 миңдей гана бак-дарак бар. “Арча демилгелери” коомдук фонду 2014-жылдан 2021-жылга чейин баш калаада 479 гектар жашыл аймак жоголгонун изилдеп чыккан. Адистер буга шаардагы мыйзамсыз курулуштар, инфратүзүмдүн өзгөргөнү, суунун жетишсиздиги жана бак-дарактардын каралбай калганы себеп дешет. Жашыл шаардан - такыр шаарга Интернеттен белгилүү советтик режиссер Изя Герштейндин 1980-жылы тартылган “Фрунзе шаары” (“Город Фрунзе”) даректүү тасмасын таба аласыз. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 26-июлда Кытайдын Кыргызстандагы Ду Дэвэн менен жолукту. Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, анта өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Сентябрь айында Бишкек менен Ош шаарларында кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө аксыз операция жасай турганы айтылды. "Элчи айым Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун “Экспресс ден соолук” долбоору тууалуу маалымат берди. Анын алкагында... Читать дальше...
Ушул аптада УКМК экс-министр Динара Кутманованы коррупцияга шектелип кармалды. Ошол эле маалда Кутманова өзүнүн айланасындагы окуяларды "Андаш" алтын кенинин лицензиясына байланыштырып жатат. Бүгүн тоо-кен тармагындагы абалды жана акыркы окуяларды талкуулайбыз.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 26-июлда орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгал районунда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышты. Аталган министрликтин билдиришинче, анда “Туюк-Суудагы” уран калдыгын “Дальнее” жайына ташуудагы коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурулду. "Бообек Ажикеев “Дальнее” жайынын абалын текшерип, жумушчулардан кабар алды, уран калдыктарын төгүү, көмүү эрежелеринин сактоо тууралуу сунуштарын берди. Жергиликтүү тургундарга эле эмес, коңшу... Читать дальше...