Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 26-июлда орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгал районунда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышты. Аталган министрликтин билдиришинче, анда “Туюк-Суудагы” уран калдыгын “Дальнее” жайына ташуудагы коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурулду.
"Бообек Ажикеев “Дальнее” жайынын абалын текшерип, жумушчулардан кабар алды, уран калдыктарын төгүү, көмүү эрежелеринин сактоо тууралуу сунуштарын берди. Жергиликтүү тургундарга эле эмес, коңшу айылдардын элине да зыяны тийбегендей иш-чаралар аткарылышы зарыл экенин эскертти. Учурда аталган министрликтин жана “Росатомдун" машиналары калдыктарды зыянсыздандыруу иштерин аткарып жатат",-деп жазылган маалыматта.
Ушул айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы уран калдыктарын көчүрүү маселелерине байланыштуу Жумгалда болгон. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда "Туюк-Суу" маселесин эл менен кеңешип, жергиликтүү тургундар арасында референдум жолу менен чечүүнү убада кылганын билдирген.
"Дальнее" жайына зыяндуу калдыктарды айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан, жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген. Акылбек Жапаровго алар эгерде “Туюк-Суу" ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо ал ден соолукка зыян келтирерин айтышты. Жапаров "бардык иштер мыйзам чегинде болоорун жана эл кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин” билдирди. Ал "Туюк-Сууну" көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында "референдум" сыяктуу жол аркылуу чечүүнү жана анын жыйынтыгы менен өкмөт бир чечимге келерин билдирди",-деп жазылган маалыматта.
Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келет.
2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзүп баштаган.
Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андан ташылган уулуу зат айылды аралап өтөт.