Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу армениялык жүк ташуучу автоунаалардын кербенин өткөрбөй койгону Баку менен Еревандын кайым айтышын күчөттү. Жабылган жол жана айыптоолор Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрөрүн билдирген. Армян аткаминерлери ошондой эле орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артып жаткан. 26-июлда кечинде Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу унаа барганда... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” Чүйдүн Кемин шаарынын жогору жагындагы майнинг ферманын ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөсүнө комментарий берди. Мамлекет башчы “Кабар” агенттиги менен болгон кыскача маегинде майнинг ферма чын эле иштеп жатканын ырастады. Президент Жапаров майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айтты. “Себеби, Кемин подстанциясынын күч-кубаты жетет. Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергиясы толук жетиштүү. Читать дальше...
Үч баласын жети жылдан бери жалгыз багып келе жаткан Садриддин Аюуповдун жубайы Шинжаңда калган. Алар жети жылдан бери көрүшө элек. Шинжаңдын тургуну Гусман Рахимулы 2023-жылы жазында камакка алынган.
Алматы шаарынын тургуну Адилет Мусин Январь окуялары маалында "жапырт башаламандыкка катышкан" деген кине менен 27-июлда тогуз айга кесилди. 38 жаштагы Мусин ага коюлган айыптардын баарын четке какты. Адвокаттарынын айтымында, Мусин "Чал, кет!" деп кыйкырганы үчүн гана соттолууда. Кылмыш ишин козгоого 2022-жылдын январь айындагы окуялар маалында тартылган тасма түрткү болгон. Анда Мусиндин "Чал, кет!" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Мусин тергөө абагында беш ай жатып, былтыр ноябрда эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 27-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Ар бири алты миң куб метр болгон резервуарлар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. Садыр Жапаров ишти тездетип, бир айдын ичинде шаардын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүү тапшырмасын берди. Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов мэриянын ишти 31-августка... Читать дальше...
Эсеп палатасы Бишкек мэриясынын 2021-жылдагы ишмердигин текшерүүдө 1 млрд. 778 млн. сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын кабарлады. Маалыматка ылайык, 917 миң сом айлыкка негизсиз төлөнгөнү, 635 миң сом иш сапарларга ашыкча коротулганы, курулуш иштерине 12 млн. сом ашыкча жумшалганы, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасында 3 млн. 264 миң сом максатсыз пайдаланылганы белгилүү болгон. Мындан башка да бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Эсеп палатасы юридикалык баа берүү өтүнүчү менен айрым каржылык... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаарында эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин атайын жумушчу топ 229 курорттук-ден соолукту чыңдоочу жайды, 1096 жеке секторду, 29 суу транспортун, беш суу аттракционду текшерди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясы билдирип, жыйынтыгында эреже бузуу боюнча 25 факты аныкталганын жана материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылганын кошумчалады. 23-июлда 16 жаштагы бала Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып “таблетка” жанындагы теплоходго урунган. Читать дальше...
Бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен анын түрмөдөгү күйөсү Сергей Тихановскийдин Минскидеги үч бөлмөлүү батирин бийлик аукциондо 80 миң долларга сатты. Бул тууралуу "Зеркало" басылмасы жазды. Аукцион 13 саатка созулган. Маалыматка караганда, бул баага батирдин ичиндеги ашкана эмеректери, техникасы жана башка буюм-тайымдар да кирген. Тихановскийлердин батири 2022-жылдын сентярь айында камакка алынган. Популярдуу блогер, Ютубдагы "Жашоо үчүн мамлекет" долбоорунун... Читать дальше...
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө союз маалында салынган малчылардын маданий борборунда ушул күндөрү бирин-серин гана киши калды. Мунун айынан Ак-Сайдагы малчылар өкмөттүн тейлөө кызматтарына толук жетпей жатат. Өрөөндө кышкысын 120 түтүн эл туруктуу жашайт. Ал эми жайкысын аймакка келгендердин катары калыңдап 3 миң кишиге чейин жетет.
Саламаттык сактоо министрлиги Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (мурдагы "Республикалык СПИД борбору") аталган министрликтин алдында каларын билдирди. Мындай чечим 27-июлдагы жыйында кабыл алынды. Буга чейин аталган борбор жаңы негизделген Коомдук саламаттык сактоо институтуна кошулары айтылган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан. Өткөн аптада, 21-июлда ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптардын өкүлдөрү аталган министрликтин алдына нааразылык акцияга чыккан. Читать дальше...
Орусиянын Алтай аймагында Ми-8 тик учагы кырсыктап, алты киши мерт болду. Дагы жети киши жабыркады. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы тиешелүү кызматтарга шилтеме жасап жазды. Кырсыкка электр зымдары себеп болгону кабарланды. Маалыматка караганда, тик учакта туристтердин тобу бараткан. Жалпысынан бортто 15 киши болгон, алардын үчөө экипаж мүчөлөрү. Тик учак Түнгүр айылына конуп баратканда электр зымдарына илинип, кулап түшкөн. Тергөө комитети кырсык боюнча иш козголгонун билдирди. Тик учак "Алтай авиа" компаниясына караштуу болчу.
26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. 7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 27-июлда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жай мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, оңдоп-түзөөгө бюджеттен 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Президенттин резервдик фондунан дагы 14 миллион сом берилген. "Бул каражатка имаратты оңдоп-түзөөдөн сырткары, сот отурумдары өтчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар орнотулду... Читать дальше...
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстанда 18 жаштан өткөн адамдарды гепатиттин В жана С түрүнө каршы акысыз текшерүү башталганын билдирди. Ал үчүн кыргызстандыктар жашаган аймактагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышы керек. Текшерүүдө В жана С гепатити аныкталбаса, 23 жаштан өткөндөргө акысыз эмдөө жасалат. Ал эми В же С вирустук гепатити аныкталгандар акысыз дарылануу үчүн медициналык уюмга катталып, бардык... Читать дальше...
Биринчи май райондук соту абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. 25-майда Улуттук коопсуздук комитети 52 жаштагы Алимбаеваны кармап, бирок кайсы ишке байланыштуу камалганы тууралуу маалымат берген эмес. Алимбаеванын жакындары ал күйөөсүнүн саясий ишмердигинен улам жок жерден доого жыгылганын айтып, өлкө бийлигине кайрылып келет. Равшан Жээнбеков былтыр октябрдан бери Кемпир-Абад иши боюнча Бишкекте тергөө абагында отурат. Читать дальше...
Быйыл "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына 17 студент талапкер болууда. Республикалык комиссия алардын тизмесин карап чыгып, өкмөткө жөнөткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр бул стипендияга тогуз студент тандалып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Стипендия Колумбия, Стэнфорд, Жонс Хопкинс атындагы университеттерде жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларда окуп жаткан студенттерге берилери айтылган. Президент Садыр Жапаров былтыр... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл-2023" эл аралык форумунда Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюлду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аны кытайлык үч компания курат жана 2030-жылга чейин колдонууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу 1,160 МВт болот. "Каскад төрт гидроэлектрстанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт). Инвестициянын баштапкы жалпы баасы... Читать дальше...
Ош облусундагы Кара-Суу базарынын 30 чакты соодагери 27-июлда Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн жээгине нааразылык акцияга чыгышты. Алар 100дөн ашык соодагердин Кара-Суу базарындагы орундары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мыйзамсыз өткөрүлүп жатканын айтышты. Акцияга чыккандар тиешелүү документтери бар экенин билдирип, Ошто иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаровдон аларды кабыл алууну суранышты. Кара-Суу базары 2006-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Читать дальше...
Орусиянын өкмөтү мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасын бекитти. Бул тууралуу токтом расмий сайтка жарыяланды. Анда жазылгандай, мобилизацияга тартылган адам Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен аскердик комиссариатка барышы керек. Чакырууда буйруктун номери жазылган эмес жана ага орун дагы берилген эмес. Документте ошондой эле мобилизация жарым-жартылай экени дагы белгиленбеген. Буга чейин Орусияда мобилизация боюнча чакыруу кагазы болгон эмес. Аскердик комиссариаттар кадимки армияга чакыруу формасын колдонуп келишкен. Читать дальше...
Жыл жаңыргандан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан маалда Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратат.
Бишкектеги жашыл аймак 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектарга кыскаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу "Арча демилгеси" коомдук фонду спутниктен алынган сүрөттөрдүн, жашыл аймакты таанып, аныктаган жасалма интеллекттин жана NDVI (Өсүмдүктөрдүн демейки, салыштырмалуу индекси) технологияларын колдонуп, жүргүзгөн изилдөөдө айтылды. Аталган фонддун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский карт дарактарды курт жеп, илдетке чалдыгып жатканы аныкталганын билдирди. "Бактарды өз убагында жаңыртып... Читать дальше...
Кыргызгидромет кабарлагандай, 28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 29…34; Таласта түнкүсүн 13…18... Читать дальше...
Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу армениялык жүк ташуучу автоунаалардын кербенин өткөрбөй койду. Ереван билдиргендей, алар жикчил Тоолуу Карабакка гуманитардык жардам алып баратышкан. Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрөрүн билдирген. Армян аткаминерлери ошондой эле орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артып жатышкан. 26-июлда кечкисиин Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу унаа барганда... Читать дальше...
Оштогу “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) өткөрүп берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү токтому 24-июлда чыккан. Ага ылайык “Ынтымак” телеканалынын штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары УТРКга берилет. Токтом жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан “Ынтымак”... Читать дальше...
Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен, бир жумадан ашык убактын бери изделип жаткан бир жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык, наристенин сөөгү кырсык болгон жерден эки чакырым алыс, дарыянын "Таштар-Ата" дачасынын аймагынан табылган. Кырсык 18-июлда катталган, бир жашар кызы сууга аккан келин аны куткарам деп өзү дагы чөгүп кеткен. Аталган министрликтин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Читать дальше...