Энергетика министрлиги “Клооп” басылмасынын иликтөөсүндө айтылган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Ага ылайык, аталган компания "Камбар-Ата-2" ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алат. Иликтөөчүлөр инвестор аталган “МБТ Строй” Бакиевдерге байланыштуу компания экенин, аларга электр энергиясын текейден арзан берүү пландалып жатканын жазып чыгышкан. Алар ГЭСтин өзүндө майнинг-ферма иштетиши күтүлүүдө деп эсептешет. Энергетика министрлиги... Читать дальше...
Энергетика министрлиги “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Чеченстанда "Новая газета" басылмасынын иликтөөчү журналисти Елена Милашинага жана адвокат Александр Немовго кол салуу болду. Түркияда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз аман-эсен табылды.
Сокулуктагы Орок айыл өкмөтүнө кирген бир катар жаңы конуштарда таза суу тартыш. 3-июлда айылдыктар менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, нааразы болгон элге бир жумада маселе чечилет деп айткан. Бирок жергиликтүү эл бийликтин убадасына ишенбей турат.
Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбооруна терс корутунду бергенин документти талдап чыккан юрист Таттуубүбү Эргешбаева “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал жарандык коом, элдин эркин чогулуу укугу тууралуу суроолорго да жооп берди.
Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу башталды. Маалыматка караганда, ушу тапта тактоо иштери эң оор тилкелер боюнча жүрүп жатат. Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулап келгени тууралуу маалыматтар чыкты. Атайын кызмат да, Камчыбек Ташиев өзү да аны ырастап же четке кага элек. Читать дальше...