Мы в Telegram
Добавить новость

РКН: «Википедия» по-прежнему не удалила 187 противоправных материалов

«Известия»: защита блогера Портнягина обжалует его домашний арест

В России отмечают 375-летний юбилей пожарной охраны

Столичные предприятия увеличили производство продуктов для пикника



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2023

Новости за 11.07.2023

Azattyk.org 

"Заматта эки чүрпөсүнөн айрылып калды". Сууга агып кеткендер көбөйдү

Караколдо эки жана беш жашар бир туугандардын сууга агып кеткени коопсуздук маселесин күн тартибине алып чыкты. Кыргызстанда жарым жылда эле сууга чөгүп каза болгондордун расмий статистикасы 60ка жетти. Алардын 60% сууга агып кеткендер. Бул былтыркы жылга караганда бир топ көп. Өткөн бир жылда сууга чөгүп каза болгон 85 адам катталган. Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, өзгөчө жаш балдарга көз салууга чакырууда. Наристелер сууга агып чарчап калды Заматта... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жадитчилер 1911–13-жылдары “Казакстан” аттуу гезит чыгарышкан

XX кылымдын башында айрым жадитчи казак айдыңдары мамлекеттик эгемендик жана маданий өз алдынчалык идеяларын көтөрүү менен катар эле “Казакстан” деп аталган гезит чыгарышкан. Тарыхчынын блогу.   Сөз башы Орусиядагы падышалык режим кулатылган соң бир катар түрк элдеринин алдыңкы айдыңдары автономия маселесин көтөрө башташкан. Автономия – алгачкы кадам, андан ары – толук эгемендик үчүн күрөш жүрөт эмеспи. Казакстанда жана ага чектеш аймактарда оболу “Алаш Ордо” өкмөтү куралгандыгы, бул автономиялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азербайжан Лачын коридорун кайрадан жапканын билдирди

Азербайжан Эл аралык Кызыл чырым уюмун жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташып жатат деп айыптады. Баку Армения Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтотконун Мамлекеттик коопсуздук кызматы 11-июлда кабарлады. Кызыл чырым уюму Лачын коридору менен гуманитардык жүк гана өткөрүлөрүн билдирүүдө. Уюм жергиликтүү тургундарга медициналык каражаттар жеткирилерин, аны улантууга уруксат берүү керектигин айтып жатат. Кийинчерээк Кызыл чырымдын жетекчилиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: аптапта суу эки күнгө токтоду

Мезгилдик оңдоо иштерине байланыштуу 11-12-июль күндөрү суунун үзгүлтүккө учурашы шаар тургундарын, ишкерлерди ыңгайсыз абалга кептеди. Ал эми мэрия шаардын суусуз калган бөлүктөрүнө биодааратканаларды орнотуп, суу ташып берүү менен алек.

Azattyk.org 

Зулушев: Мадумаровдун ишин ИИМ тергеп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатат. Бул тууралуу 11-июлда АКИpress маалымат агенттигине башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди: «Бул боюнча ИИМ кылмыш ишин тергеп жаткан жана сунуш берген Жогорку Кеңештен макулдук алуу тууралуу. Андан мурда Жогорку Кеңеш прокуратуранын сунуштамасынан баш тарткан, билесиздер. Мыйзам талаптарын так сактоо менен биз сунуштаманы бердик Жогорку Кеңешке. Алар изилдеп көрүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Активист Токтонасыров кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканы айтылды

Активист Өндүрүш Токтонасыров улуттук кастыкты козутуу тууралуу кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканын 11-июлда “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. “Өндүрүш Токтонасыров адвокаты менен сурактан чыгышты. Азырынча кылмыш иш боюнча күбө катары өтүп жатканын белгилүү болду”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына. Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: Балдар ооруканасы боюнча төрт айда төрт кылмыш иши козголду

Ошто балдардын кургак учукка каршы ооруканасына байланыштуу быйыл жыл башынан бери төрт кылмыш иши козголду. Өткөн айда, тагыраагы, 7-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеменин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесинин негизинде иш козгоп, мамлекетке 2,8 миллион сом зыян келтирилгенин аныктаган. Март айында оорукананы Ош облустук прокуратурасы текшерип, ошол эле берене менен иш козгогон. Май айында кайрадан текшерүү жүрүп, эки иш ачылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Январь окуясында аэропортту басып алды деп айыпталгандар абакка кесилди

Казакстандын соту 2022-жылдын Январь окуясында Алматы эл аралык аэропортун басып алуу иши боюнча 11-июлда өкүм чыгарды. "Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовду сегиз жылга кести. Соттолуучулар жана алардын жактоочулары өкүмгө нааразылыгын билдирип, апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти. Адвокаттар иш көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен сотко өткөн деп эсептешет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөрдүн биринин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөнү үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган кишинин өкүмү ошо бойдон калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн 11-июлда Баткен облустук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, облустук соттун 4-июлдагы өкүмү менен Кадамжай райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Кадамжай райондук соту быйыл 28-февралда аны өмүрүнүн аягына чейин абакка кескен. Кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болгон дагы бир соттолуучуну (2006-жылы туулган)... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: үч адамды өлтүрүүгө шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган жок

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда 11-июлда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Анда кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна албай турганын айтты. Анын алдында мамлекеттик айыптоочу Аширалиев өзгөчө оор кылмышка айыпталып жатканын, кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, аракетине жооп бере алган абалда болгонун, маңзат, алкоголго көз каранды эмес экенин билдирген. Сот жараянынын башталышында кылмышка шектүүнүн адвокаты жараянды жабык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирген, бирок судья аны канааттандырган жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо ийгиликтүү аяктаганын Астана жарыялады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров макулдашуу 4-июлда күчүнө киргенин айтты. "Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык жараяндын толук аяктаганын билдирет", – деди Смадияров. Читать дальше...




Azattyk.org 

Орусияда ашынган улутчул Тесактын шериктери мигранттарды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды

Москва облусундагы Сергиево-Посадский шаардык сотунда сот арачылары 20 жыл мигранттардын өлүмүнө айыпталган ашынган улутчул Максим Марцинкевичтин (Тесак) алты шеригин күнөөлүү деп тапты. Тергөөнүн версиясына ылайык, 2003-жылы ашкере улутчул көз караштагы Марцинкевич, Семён Токмаков жана Андрей Кайль эки мигрантты "курулуш иштерине" деп алдап, Смоленск облусундагы Тесактын үй-бүлөсүнө таандык дачага алып барышкан. Ал жактан мигранттардын бирин балта менен чаап, экинчисин муунтуп өлтүрүп, сөөктөрүн дачага көмүп салышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

CPJ казак бийлигин журналист Батырбековду бошотууга чакырды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) казак бийлигин "Сарыагаш-информ" гезитинин редактору Амангелди Батырбековду тезинен бошотууга чакырды. Укук коргоочулар 10-июлда тараткан билдирүүдө өткөн жылдын башында бир нече жолу "Жалаа жабуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кол салууга кабылган журналисттин 20 суткага административдик камакка алынышын "өтө кооптуу" деп аташкан. CPJ казак бийлигин жалган жалаа боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана журналисттердин кесиптик милдеттерин аткарышын камсыз кылууга үндөйт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Индиядагы катуу жаан жана сел 72 кишинин өмүрүн кыйды

Индияда соңку бир айга жетпеген убакытта катуу жаан жана селден 72 адамдын өмүрү кыйылды. Жаан-чачын өлкөнүн түндүгүндө айрыкча апаат алып келгенин Reuters агенттиги жазды. Набыт кеткендердин көбү Химачал-Прадеш, Уттаракханд, Уттар-Прадеш, Жамму, Кашмир жана Пенжаб штаттарынын тургундары Дарыялардан ташыган суу айрым аймактарда көпүрөлөрдү алып кетти. Адамдарды куткаруу үчүн тик учактар колдонулду. Борбор шаар Делиде окуу жайлар жабылды. Шаардын кээ бир жолдору тизеге чейин сууга толду. Адистер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы: Үй-бүлөдө зомбулук көргөндөрдүн көбү билимсиз жана жумушсуз кыз-келиндер

Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зомбулук көрсөткүчү жогору болуп жатканын, мындай кылмыштардын көбү ачылбай кала берерин бүгүн 11-июлда Бишкекте өткөн лидер аялдардын курултайында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди. Анын белгилешинче, өлкөдө мамлекеттик кризистик борборлор да, аялдар менен балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча маалымат да жетишсиз болууда. Укук тартибин коргоо органдары аялдарды зомбулуктан коргоонун мамлекет кепилдеген кандай ыкмалары жана түрлөрү бар экени жөнүндө... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЕККУ Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу корутунду жарыялады

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо "техникалык жактан жакшы уюштурулган", бирок "чыныгы атаандаштык болгон жок". Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары билдиришти. "Катталган бардык талапкерлерде эркин үгүт жүргүзүү мүмкүндүгү болду. Аларга үгүт материалдарын өндүрүүдө, таркатууда, иш-чараларды уюштурууда жана мамлекеттик каржылоого жетүүдө бирдей шарттар түзүлгөн"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үч кишинин өлүмүнө шектүүнүн соту ачык өтөт

Бүгүн, 11-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Сот жараянынын жүрүшүндө анын адвокаты жараянды жабык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирди, бирок судья аны канааттандырган жок. Бишкек шаардык милициясы 12-июнда бул үрөй учурган окуяга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн билдирген. Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Azattyk.org 

Орусиянын Пермь аймагындагы дарыяда туристтердин тобу жоголду

Орусиянын Пермь аймагындагы Усва дарыясында 22 туристтен турган топ дайынсыз жоголду, алардын жарымы балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары 11-июлда жазышты. Топ 4-июлда 175 чакырымдай аралыкка жолго чыккан. 9-июлда акыркы чекитте айдоочу туристтерди тосуп алышы керек болчу. Бирок топ белгиленген жерге барган эмес. Байланышка чыга элек. Куткаруучулар издөө иштерин баштады. Mash Телеграм-каналы билдиргендей, туристтер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров "Мекен-карт" берүү иштери соолгун экенин эскертти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мекен-карт" программасынын алкагында иштерди күчөтүү керектигин билдирди. Ал 11-июлда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясында бул макамды алууга жалпысынан 34 арыз түшкөнүн, анын 18 гана каралып, канааттандырылганын билдирди. “Мекен-картка” документ кабыл алуу быйыл мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. Өткөн айда, 12-июнда санариптик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт башчы "Социалдык келишимге" көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-июлда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясына катышты. Анда аталган мекеменин алты айда жасаган ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Жапаров анда министрликтин бюджети 2020-жылга салыштырмалуу "дээрлик эки эсеге" көбөйгөнүн белгиледи. Соңку эки жылдагы ийгиликтер катары жөлөк пулдун көбөйүшүн, "Социалдык келишим" долбоорунун атады. "2022-жыл жана 2023-жылдын башы министрлик үчүн жемиштүү болду. Социалдык жөлөк пулдардын көлөмү көбөйтүлүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Статкомитет ички дүң өнүм 3,9% өскөнүн жарыялады

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болду. Бул тууралуу бүгүн 11-июлда өлкөнүн Статистика комитети билдирди. Мекеме биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарып, ички дүң өнүм (ИДӨ), алдын ала баалоо боюнча, былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 3,9% жогорулап, 453 миллиард сомдон ашканын, мындай өсүш негизинен товардык өндүрүштүн жана тейлөө тармагынын эсебинен болгонун маалымдады. Ошону менен катар айрым тармактарда төмөндөө бар экени белгилүү болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков дүйнөдөн кайтты

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков 74 жашында көз жумганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-июлда билдирди. Рустенбеков 1993-1995-жылдары мамлекеттик катчы, президенттин администрациясынын жетекчиси, кийин Ош облусунун губернатору, Токой чарба агенттигинин директору болуп иштеген. 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган. 2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси кызматын аркалаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бала менен үйдө отурган эненин убактысын эмгек стажына кошуу сунушталды

Бала багыш үчүн үйдө отурган аялдардын бул убактысын эмгек стажы катары эсептөө керектигин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева лидер аялдардын Бишкекте өткөн курултайында айтты. Мекеменин басма сөз кызматынын 11-июлдагы маалыматына караганда, Жаманбаева баланы тарбиялап, өстүргөнчө жумушка чыкпай отурууга мажбур болгон аялдардын укугун коргоо зарыл экенин, бул үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи. “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, бала карап үйдө отурган аялдарга ошол убактысын эмгек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттык мандаты алынган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко арызданганы белгилүү болду. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 11-июлда “Азаттыкка” ырастады. “Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт”, - деди ал. Бишкек шаардык административдик соту бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги №17 мектептин хореографы өз жанын кыйганы кабарланды

Бишкек шаарындагы Александр Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясында иштеген хореограф өз жанын кыйганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары 11-июлда милицияга таянып жазды. Октябрь райондук милициясы "Азаттык" радиосуна маалымат такталып жатканын билдирди. Bulak.kg сайты милицияга таянып жазгандай, окуя боюнча милицияга 5-июлда саат 9:14тө маалымат келип түшкөн. “Окуя болгон жерге шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Каза болгон А.Э. 1986-жылы туулган. Анын... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Из аэропортов Москвы депортировали 643 граждан Таджикистана

Лишь три четверти жилфонда Тульской области обеспечены сразу горячей водой, канализацией, газом и отоплением

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

На выставку трофейной техники в Москве доставили танк M1 Abrams

Музыкальные новости

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"

Театра кукол «Ульгэр» в Улан-Удэ проводит етс фотосессию детям

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Новости России

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Из аэропортов Москвы депортировали 643 граждан Таджикистана

Губернатор Забайкалья Александр Осипов вместе с кадетами посетил выставку «Казачество на государевой службе»

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше

Экология в России и мире

"Чек Индекс": Продажи новых марок одежды и обуви выросли за год в России на 10 проц

Чем перекусить без вреда для здоровья и фигуры?

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде

Moscow.media

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Музеи Твери. Лисичкины сказки

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

«Начальник Чукотки» против «хозяина тайги». Как жили звезды «Бумбараша»

Апрель в Москве вошел в тройку за самых теплых за все время наблюдений

В Москве за 10 лет модернизировали более 40 театров