Мы в Telegram
Добавить новость

Мы вас не больно зарежем!

Перед покупкой мяса его следует пощупать

Пьяный 19-летний водитель на Mercedes устроил смертельное ДТП под Москвой

Прокуратура Москвы: школьница попала в больницу после наезда электросамоката

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2023

Новости за 20.07.2023

Azattyk.org 

Аида: Жетилип калган кыздын биз үчүн жарандык сабагы

“Фейсбук” коомдук тармагында жаш коомдук жигердүү мүчө Аида Сасыбаева 16 жашар кезинде сот жүрүмүндө кантип расачыл мугалимин жеңип чыга алгандыгы тууралуу жазып чыкты. Тарыхчынын блогу.   Дүйнө тарыхындагы Жанна д’Арк Ар кыл муундар жалпы дүйнө тарыхын үйрөнүү аркылуу француздардын чыгаан кызы Жанна д’Арк (Jeanne d'Arc; болжол менен 1412-жылы 6-январда туулган – тирүүлөй отко жагылган күнү: 1431-жылдын 30-майы) тууралуу дурус билишет. Жанна д’Арк Франциянын түндүк-чыгышындагы Домреми жергесинде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов: экономикалык өсүштү 9-10% жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык иши талкууланган жыйында сырттан келген инвестицияны иштетүү менен экономикалык өсүштү 9% чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.   "Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгынан улам биз былтыркы 7% өсүү темпинен ишенимдүү түрдө аша турганыбызды көрүп жатабыз. Биз 9% да жете алабыз. Эгерде тышкы инвестициялардын жок дегенде кайсы бир үлүшүн өздөштүрүп, ишти күчөтсөк 10% да чыксак болот". Байсалов товар өндүрүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус прокуратурасы Алексей Навальныйга 20 жыл сурады

Орусияда прокуратура оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремизм" беренеси менен 20 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү сурады. Бул тууралуу Навальныйдын Телеграм-каналында кабарланды. Саясатчыга өкүм 4-августта чыгышы мүмкүн. Ал акыркы сөзүндө Орусия абийир алдында "кулаганын", убакыт келип кайра бутка турарына ишене турганын айтты. Владимир облусундагы колонияда камакта отурган Алексей Навальныйдын “экстремизм” иши боюнча соту июнда Москва шаардык сотунда башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасы: демаркация боюнча биргелешкен комиссия жыйын курду

13-20-июль күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен демаркациялык комиссиянын жумушчу топтору жолугушту. Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жолугушууда чек араны демаркациялоо маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы айрым тилкелерди жеринен биргелешип изилдөө иштери жүргүзүлдү. Маалыматта сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайында өткөнү, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганы жазылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Тазалык" ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

“Тазалык” ишканасына атайын техника сатып алууда мамлекетке 8 млн. сомдук зыян келтирилгени аныкталганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына беш даана атайын техника сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөн.  "Ишкананын тендерлик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебей жана реалдуу бааны аныктабай туруп, 2022-жылдын сентябрь айында “Г.” жеке ишканасы менен 5 даана атайын техника сатып алууга келишим түзүү боюнча чечим кабыл алган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда карызы бар 2600 адамдын сыртка чыгуусуна тыюу салынды

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматы дагы 2600 кишини Карызкорлордун бирдиктүү реестрине киргизди. Алар банктарга, мекемелерге жана жеке адамдарга карызын төлөй албай жүргөн жарандар. Бул тизмедегилер өлкөдөн чыга албайт. Аткаруу кызматы жылдын башында 850дөн ашык карызкордун аты-жөнүн жарыялаган. Кийинчерээк жалпысынан 7 миллион сомониден ашык карыз ээлерине төлөнүп берилгени маалымдалган. Бул сумма 639 миң АКШ долларына барабар. "Озоди" радиосу тактагандай, мамлекеттик реестрде бюрократиялык кечиктирүүлөрдөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды

УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады. Беларустун куралдуу күчтөрү «вагнерчилер» менен биргелешкен машыгуу өткөрүүдө. Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды. Министрлик мындай чара көрүлбөсө,тармакта дефицит көбөйөрүн эскертти.

Azattyk.org 

"Менчик корголуп, укуктар сакталышы керек". Өкмөттүн алты айлык иши, ишкерлердин сунушу

Өкмөт соңку алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Жыйында өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта экономиканын бардык багыттарында өсүш болгонун билдирди. Бул макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоонун аркасында болгону да белгиленди. Алгачкы жарым жылдыкта салыктан 84,4 млрд. сом  киреше түшкөнү да айтылды. Айрым ишкерлер салыктардын көтөрүлүшү инвесторлорду качырып же ишин жыйынтыктоого аргасыз кыларын эскертип жатат. "Туруктуулукту камсыз кыла алдык" Министрлер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы куруларын билдирди. Ал 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында буга чейин беш чакырымы салынганын айтты. Былтыр жыл аягында "Кыргыз темир жолу" ишканасы Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Сот сегиз кишини тергөө абагында калтырды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан сегиз адам: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов соттун чечими менен камакта калды. Алардын бөгөт чарасын 20-июлда Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев карап, биринин да өтүнүчүн канааттандырган жок. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы... Читать дальше...




Azattyk.org 

Динара Кутманова Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты

Мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, өзү тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат берилип жатканын айтты. Кутманова ошондой эле Жаратылыш фондунан каржыланган 110дой долбоор натыйжасыз болгону тууралуу жана туугандарын, жакындарын кызматка койгону  жөнүндө сөздөрдү жокко чыгарды.  "Жетекчилерге туура эмес маалымат берип, мени жаманатты кылып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ала-Арча капчыгайында дайынсыз кеткен турист изделип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, чет өлкөлүк турист 14-июлдан бери байланышка чыккан эмес. Жакындары ал Семенов - Тянь-Шань чокусуна чыгып кеткенин айтышкан. 19-июль күнү министрликтин "Эдельвейс" куткаруу отрядынын алты мүчөсү туристти издөөгө кеткен. "Алар түндө Ала-Арча капчыгайына түнөп, издөө иштерин таң эрте башташты", - деп маалымдады мекеме. Азырынча жыйынтык жок. Кыргызстанга эс алууга же бийик чокуларды багындырууга келген чет өлкөлүк туристтердин жана альпинисттердин өлүмү катталып турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын аткарды

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Сауд Арабиядагы жумушчу сапарынын алкагында Умра зыяратын аткарды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына президент кыргыз делегациясынын коштоосунда кичи ажылык амалдарын аткарып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады. Ошондой эле президент Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине да барып, пайгамбардын кабырын зыярат кылганы белгилүү болду. Меккедеги Кааба жана Мединадагы пайгамбардын мечити мусулмандар үчүн эң ыйык жайлар боулп саналат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эң мыкты жана эң начар мекемелер тизмеси жарыяланды

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын рейтинги жарыяланды. Бүгүн 20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы талданып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын аткаруу планы 554 иш-чарадан турарын, азыр анын 92си аткарылышы керек болсо, 71и (77%) бүткөнүн билдирди. Жапаровдун айтымында, мекемелердин ишин баалаган мониторинг атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде жүргүзүлдү. “Мыкты” деген баага 11 мамлекеттик орган ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Абактагы сегиз кишинин бөгөт чарасы жабык каралууда

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кармалган бир нече адамдын бөгөт чарасын карай баштады. Сотко тергөө абагында жаткан активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Темир Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов жеткирилди. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: багбандын багын ачкан базар

Ош-Баткен кан жолунун жээгиндеги мөмө-жемиш базары кызып турган маалы. Кокон гилас бышканда жанданган базар кеч күздө - курманын түшүмүн саткандан кийин жабылат. Үч-Коргон айыл аймагына 5 миң тоннадай мөмө-жемиш четке экспорттолсо, калганы ушул базарда сатылат.

Azattyk.org 

УКМК милициянын капитанын акча алган деген шек менен кармады

Милиция кызматкеринин акча алып кармалышына байланышкан иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу атайын кызмат 19-июлда кабарлады. Буга чейин мекеме анын кол алдындагы кызматкерди кармаган.  Мекеме анда А.Ч. инициалындагы милициянын улук тергөөчүсү, капитан  акча алып жаткан жеринен кармалганын, ал аты аталбаган адамдардан жума сайын 10-15 миң сомдон алып турганын маалымдаган.  Шектүү тарап жана шаардык милиция УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мектеп курууга жумушчу жетпей жатканын айткан жетекчи акимдерден жардам сурады

Кыргызстанда ушу тапта 100 мектеп салынып, аларды курууга жумушчу жетпей жатканын бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Өкмөттүн быйылкы жылдын алгачкы жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгын талдаган жыйынында сүйлөп жатып министр 100 мектептин курулушу быйыл аякташы керектигин, бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө турганын айтып, мындай курулуш буга чейин болбогонун белгиледи: “Чүй менен Ысык-Көлдө 12ден, Нарында жана Таласта сегизден... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда талибдер полициянын эки кызматкерин атып өлтүрдү

Пакистандын Пешавар аймагында талибдер полициянын эки кызматкерин атып өлтүрдү, дагы экөө жараат алды. Окуя 20-июлга караган түнү Ооганстан көзөмөл өткөрүү бекетинде болду. Полициянын башчысы Аршад Хандын айтымында, кол салгандар качып кеткен, аларга издөө жарыяланды. Чабуулга жоопкерчиликти ишмердигине тыюу салынган “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобу алды. “Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аймактык реформа: Түптө 13 айыл аймагы бешке чейин азайды

Аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Илияз Иманбетов 20-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди. "Жаңы түзүлгөн айыл аймактары Юстиция башкармалыгынын каттоосунан өтүп, күбөлүктөрү алынды. Штаттык санына жараша кызмат орундарын бөлүштүрүү үчүн жыйындар уюштурулду жана 201 штаттык бирдиктин 25и кыскарды. Бириктирилген айыл аймактарынын Жайыт жана суу комитеттеринин буюм-тайымдарын, документтерин өткөрүп берүү иштери толугу менен аяктады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абитуриент-2023: Кесипти кантип туура тандоо керек?

Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү маанилүү тандоонун алдында турат. Быйыл мектептерди 60 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын көбү IT тармагын, медицина, юриспруденция адистиктерин жана мугалимдик кесипти тандоодо. Бирок каякка барууну дагы эле чече электери да арбын. ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 19-июлда аяктады. Ага 26 миң абитуриент катышкан. Дагы үч тур августтун тогузуна чейин уланат. Улан-кыздар адистик тандоодо эмне үчүн кыйналат? Келечекте өкүнбөш үчүн... Кыргызстанда жогорку... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоют экспортуна быйыл да чектөө киргизилет

Кыргызстанда быйыл да тоюттун бардык түрлөрүн сыртка чыгарып сатууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда өкмөттүн жарым жылдыктын жыйынтыгын талдаган жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Министр өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тоют быйыл былтыркыга караганда 30 % аз камдалары тууралуу суроосуна жооп берип жатып былтыр да ушундай абал болгондо чектөө киргизилгенин айтты: “Долбоорун даярдадык. Тоюттун бардык түрлөрүнө экспортко чектөө киргизебиз. Экономика... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токмок: Секелекти зордуктаган деп айыпталган киши 15 жылга кесилди

Чүй облустук соту 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган адамды 15 жылга эркинен ажыраткан Токмок шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу облустук соттун кеңсесинен маалымдашты. Токмок шаарында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча иш 5 жылдан бери аягына чыкпай келген болчу. 2017-жылы секелек кош бойлуу болуп калгандан кийин, аны 21 жаштагы кошунасы зордуктап жүргөнү аныкталды деп укук коргоочулар айтып чыгышкан. Бирок шектүүнүн "тукумсуз" экенин айтканынан улам, бир нече жолу ДНК экспертиза жүргүзүлгөн. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Прокуратура Москвы: школьница попала в больницу после наезда электросамоката

Жителей Москвы и области предупредили об усилении ветра

Лесной пожар ликвидировали в Луховицах

Житель Узбекистана осужден на пять лет за оскорбление президента страны Мирзиеева из-за участия в параде Победы в Москве

Музыкальные новости

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о Всероссийском конкурсе спортивных проектов «Ты в игре»

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

Новости России

Российский рынок упал вслед за дешевеющей нефтью

Лесной пожар ликвидировали в Луховицах

Пятерых человек арестовали за грубые нарушения ПДД на Малой Бронной в Москве

«Июнь и июль будут сумасшедшими». Синоптики сказали, к чему готовиться

Экология в России и мире

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Природа России 81

ЗЕЛЕНЬ для здоровья мужчин и женщин: советы аюрведы

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»

Спорт в России и мире

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Moscow.media

Мрамор XXX. Пан и нимфа

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT

На трассе М-4 Дон в этом году отремонтируют 200 км и нанесут экспериментальную разметку

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Мы вас не больно зарежем!

Российский рынок упал вслед за дешевеющей нефтью

«Июнь и июль будут сумасшедшими». Синоптики сказали, к чему готовиться

WSJ: Россия не будет вторгаться в какую-либо страну НАТО