Сокулук райондук соту 18-июлга караган түнү суу көйгөйүн чечүүнү талап кылган акциядан кийин кармалган Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын карады. Экөөнү тең 15-сентябрга чейин тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарды. Мунун алдында блогер Эртай Искаковго карата да ушундай эле чечим чыккан. Искаковдун да, эки жарандын да бөгөт чарасын кароо үч сааттан ашык убакытка созулду. Жыл сайын жайында суу тартыш болгон Селекция айылынын жана Сары-Өзөн... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрү менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, компаниянын өкүлдөрү 2021-2022-жылдары Кыргызстанга каршы бир катар соттук териштирүүлөрдө, анын ичинде “MegaCom” уюлдук операторунун иши, “Sky mobile” компаниясынын доо арызы жана “Манас Банктын” айланасындагы талаш боюнча... Читать дальше...
Түрк дүйнөсүндөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды. 17-июлда медалды уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды. Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет. Заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акын Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын... Читать дальше...
Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бири, блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга абакта калтырды. Дүйшөмбүнүн кечинде жарыяланган сот чечимине ылайык, Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот. Бир канча күндөн бери суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Мыйзамды 31-майда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин сайтында анын жоболору кенен жазылган жана расмий тил катары орус тили пайдаланары белгиленген. “Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет.... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) автоунаанын айнегин караңгылатуунун (тонировка) баасын убактылуу төмөндөтүүнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Министрлик машиненин айнегин караңгылатуу үчүн уруксат алгандардын саны аз болгонуна байланыштуу баасын убактылуу арзандатууну керек деп эсептейт. Бирок ал канча убакытка чейин экенин тактаган эмес. Мекеменин маалыматында жыл башынан бери автоунаанын айнегин караңгылатуу үчүн 1794 айдоочу кайрылып, казынага 144 млн. 560 миң сом түшкөн. Читать дальше...
Сары-Өзөндө суу тартыштыгына байланыштуу акциядан кийин камалган үч кишинин баш коргоо чарасы каралууда. Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крым көпүрөсүндө жардыруу болду. Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук деңгээлде ысык болору күтүлүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жекшембиде Ысык-Көл-Бишкек жолунда машиналардын каттамы кескин көбөйүп, ылдамдык жана каршы тилкеге чыккан эреже бузуулар катталганын билдирди. Жалпы айып пул салынган 353 айдоочунун жетиси каршы тилкеге чыккан, калганы ылдамдык эрежесин сактаган эмес. ЖКККБ Ысык-Көл-Бишкек жолунда эрежени так сактоого чакырат. 16-июлда социалдык тармактарда Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан автоунаалардын көптүгүнөн узун тыгындардын видео, сүрөттөрү тарады. Читать дальше...
Орусиянын Су-25 аскердик учагы Краснодар аймагындагы Ейск шаарына жакын жерде Азов деңизине кулап түштү. Бул тууралуу облустук ыкчам штаб 17-июлда билдирди. Учкуч катапульта жасап жанын сактап калууга аракет кылганы, аны оор абалда куткаруучулар тапканы кабарланууда. Ошол эле учурда 112 каналы учкуч каза тапканын жазды. Бирок расмий маалымат берилген жок. Түштүк аскердик округу кырсык деп сыпаттаган бул окуяга учактын кыймылдаткычы иштебей калганы себеп болгонун билдирди.
Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган 48 жаштагы тургун эки айга камакка алынды. Ага "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн баштапкы маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону айтылууда. Ал көчөдө ойноп жүргөн баланы “ырдап берем” деп азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычакталып өлтүрүлгөн. Окуя 13-июлда Казакстандын Түркстан облусундагы Жибек Жолу айылында болгон. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 18-20-июль күндөрү Сауд Арабиясында бул өлкөнүн падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу жумушчу сапар менен болот. Анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, жолугушууларда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, аймактар аралык кызматташтык маселелери талкууланат. Ошондой эле Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган. Ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-июлда Экономика жана коммерция министрлигинин жарым жылда жасаган иши тууралуу жыйынга катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров министрден жана бардык орун басарларынан отчет алды. Жыйында өнүктүрүү фонддоруна байланыштуу иш солгун экенин айтып, бул багытта бир орун басар иштеши керектигин билдирди. Жапаров андан сырткары аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. “Өнүктүрүү фонддору боюнча ишиңиздерди көрбөй турам... Читать дальше...
Түркиянын Стамбул шаарында "мындан ары чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берилбейт" деген маалымат кызуу талкуу жаратты. Өлкөнүн Миграция департаменти аны четке какканы менен мигранттардын арасында түйшөлгөндөр көп. Өткөн аптада түрк президентинин мыйзамсыз миграция тууралуу билдирүүсүнөн кийин текшерүү күч алды. Стамбулда жашап, иштеген кыргызстандыкттар экономикалык таңкыстыкты жон тери менен сезгенин, айрымдары мекенине кайтуунун камын көрүп атканын айтып беришти. Стамбулда чет... Читать дальше...
Чаткалда нааразылык жараткан "Аташ-Чапкан" кен компаниясы чыгарткан экологиялык экспертиза кайра текшерилет. Ошондой эле эл менен жолушуу тууралуу протколдорун милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондун акими Алтынбек Сеңирбаев билдирди. "Айылдын тургундары "айдоо жерлерибиз суусуз калат" деген жүйө келтирип, нааразылык акциясына чыгышкан. "Эл менен жолугушуулар тууралуу протоколдорду карап бергиле, биз кол койгон эмеспиз" деген тургундар дагы болгон. Алар райондук милицияга кайрылуу беришти. Читать дальше...
“Бийлик сырлары” программасынын бул чыгарылышында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева аялдар партиясын кантип түзгөнүн, “Ар намыс”, КСДПга кантип кирип калганы, президенттик администрациянын ЖКга басымы, Жээнбеков менен Атамбаевдин достугунун кыйрашынын себептери тууралуу айтып берди. - Айнуру айым, 2010-жылы “Аялдар кеңеши” коомдук уюмунун төрайымы, ошол эле жылы “Биримдик” партиясын негиздеп, лидер болгон экенсиз, партияны кандай максатта түзгөнсүз, саясатка чындап аттанайын дедиңизби? Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анын сайтына жарыяланган долбоордо бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо каралган. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн. 1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө; 2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон... Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбуздө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева аялдар партиясын кантип түзгөнүн, “Ар намыс”, КСДПга кантип кирип калганы, президенттик администрациянын ЖКга басымы, Жээнбеков менен Атамбаевдин достугунун кыйрашынын себептери тууралуу айтып берди.
Астана Ташкенттен темир жол аркылуу Ооганстанга жүк ташуу үчүн тарифтерди төмөндөтүүнү суранууда. Казакстандын расмий маалыматына ылайык, бул маселе 17-июлда Астанада өкмөттөр аралык жумушчу топтун жыйынында көтөрүлдү. Казакстандык өндүрүшчүлөр тарифтер арзандатылса, Ооганстанга ун жана башка товарларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Өзбекстан менен Казакстандын вице-премьер-министрлери Жамшид Хожаев менен Серик Жумангарин баштаган эки өлкөнүн делегациялары муну талкуулап, чечүү... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы техникаларды тапшырып жатып, курулуш маселелерине токтолду. Ал Бишкектеги жаңы өкмөт үйүн куруу кечигип жатканын билдирип, буга байланыштуу жергиликтүү курулушчуларды сынга алды. Мындан улам "Асман" шаарын курууга Дубайдан келген 800дөй адамды өкмөт үйүн убагында бүтүрүү үчүн алып калганын айтты. "Жаңы өкмөт үйүн сентябрга чейин бүтүрөбүз деген план бар эле. Анткени октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт. Ага 12 өлкөнүн президенти келет... Читать дальше...
Кыргызгидрометеорология кызматы 17-19-июль күндөрү ысык аба ырайы сакталарын эскертти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. 18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектүү техника тапшырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, 265 даана техника мамлекеттин эсебинен сатылып алынды. Ага ылайык, аны алууга жалпысынан 5 миллиард сом бөлүнгөн жана 2026-жылга чейин баш-аягы 700 техника алынат. “Акыркы үч жылда өлкөдө миң чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл. Алдыбызда масштабдуу... Читать дальше...
Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун эскертишүүдө. Адаттан тыш аптап ушул күндөрү Испания, Италия жана Грекияда өкүм сүрүп жатат. Эксперттер мындай аба ырайы айыл чарбага чоң зыяны тиерин, башка маселелер жараларын айтышат. Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды. Италиянын метеорологиялык кызматы ушул аптада абанын температурасы 45 градустан ашарын билдирген. Айрым региондордо ысыктын рекорддору жаңыланууда. Читать дальше...
Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлдан башталды жана ал төрт тур менен өтөт. 1-тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; 2-тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин; 3-тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин; 4-тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат. Быйыл Кыргызстанда 70 миңге чукул окуучу мектепти аяктады. Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов менен парламенттеги айрым депутаттардын пикир келишпестиги боюнча комментарий берди. Касмамбетов өлкөдө президенттик башкаруу ыкмасы экенин айтып, “парламенттин өкмөттүн чарба иштерине аралашып жатканы туура эмес” деди. “Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдагы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов "Эмаком" курулуш компаниясындагы батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөргө жооп берди. Жусупов Инстаграмдагы баракчасында курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, үлүшчүлөрдүн алданып калганына тиешеси жок экенин билдирди. “Тилекке каршы депутат болуп шайлангандан кийин чарбалык, каржылык, курулуш иштерин толук кандуу, юридикалык жол менен өткөзүп бергем. Мен тапшырып берген адамдардын көбү жарандарыбыздын укуктарын бузуп, үйлөрдү сатып, каражаттарын коротуп... Читать дальше...