24-июлда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, бир нече киши жараат алды. Кыргыз тарап тажикстандыктар милиция кызматкерине кол салганын маалымдады. Кыргызстан чатакка тажик жарандарынын аракети себеп болгонун айтса, Дүйшөмбү аны кыргызстандык атуул баштаган деген маалымат таратты. Эки тарап тең азыр чек арада абал туруктуу экенин ырасташты. Баткендин бийлиги окуяда зыян келтирилген милициянын автоунаасына кеткен чыгымды тажик тарап төлөй турганын да айтууда. Жергиликтүү бийлик бул окуяны күнүмдүк пикир келишпестик катары сыпаттаса... Читать дальше...
Норвегияда «Кызылдар» солчул радикал партиясынын лидери Бьорнар Мокснес кызматтан кетти. Бул кадамга ал күндөн коргоочу көз айнек уурдаганы аныкталгандан кийин барды. Politico басылмасынын маалыматына караганда, окуя Осло аэропортундагы дүкөндөрдүн биринде 16-июнда болгон. Саясатчы видеокамераларга түшүп калган. Тасма социалдык тармактарга жайылып кеткен. Мокснес алгач саламаттыгына байланыштуу өргүүгө чыгып, кийин кызматтан кетерин жарыялады. «Көптөр менен кантип ушундай акылсыз кадамга барганымды сурап жатышат. Читать дальше...
Казакстандын бийлиги БТА банктын каражаттарын "уурдоого шектелген" Куаныш Нургазиндин чет жактан кайтканын жарыялады. Ал бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун агасы жана жакын санаалашы. Бийлик тараткан маалыматка караганда, соңку он эки жылдан бери Нургазин Литванын аймагында жашап келген. Ал жактан качкын макамын алган. Прокуратура билдиргендей, Нургазин 24-июлда Алматы аэропортунда кармалган. 25-июлда анын жашын жана саламаттыгын эске алуу менен сот үй камагына алуу чечимин чыгарды. Маалыматка ылайык... Читать дальше...
Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик сатып алууларда мындан ары тендер өткөрүлбөйт. Президент Садыр Жапаров мындай өзгөртүүлөр киргизилген мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга 25-июлда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Маалыматта документ мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыкканы айтылат. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, тендер боюнча... Читать дальше...
“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” жаңы күчүнө кирген конституциялык мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүгө кенен жол ачат. Бул тууралуу президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” курган маегинде айтып, жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.
Кытайда бир айдан бери коомго чыкпай келген тышкы иштер министри Цинь Ган кызматтан алынды. Бул тууралуу 25-июлда мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Себеби түшүндүрүлгөн жок. Анын ордуна ушул эле кызматты 2013-2022-жылдары аркалап келген Ван И дайындалды. Цинь Ган 11-12-июлда Жакартада өткөн АСЕАН уюмунун министрлер жыйынына катышкан эмес. Тышкы иштер министрлиги ал саламаттыгына байланыштуу бара албай калганын жүйө келтирген. Андан кийин Йоханнесбургда 24-25-июль күндөрү өтө турган БРИКС... Читать дальше...
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди 24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалыматы боюнча... Читать дальше...
24-июлда чек арада болгон окуядан кийин зыян келтирилген Кыргызстандын милициясына тиешелүү автоунаанын чыгымын тажик тарап төлөп бермей болду. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 25-июлда «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жарандардын жабыркаганы, калган автоунаалардын чыгымы боюнча тиешелүү экспертизалардын жана укук коргоо кызматтарынын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынат. Аким тараптар ортосунда күнүмдүк тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик болгонун, жаңжалды эки тарап иликтей турганын кошумчалады. Читать дальше...
Бишкектин борборунда митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, мындай чектөө 30-сентябрга чейин узартылды. Бул жарандык активизмге кандай таасир этет? Жарандык активисттердин көз карашы кандай?
Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, өлкө башчы анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салуу керектигин айтканын билдирди. 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу... Читать дальше...
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 25-июлда Бишкекте Түштүк Кореянын эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Ли Чжон Сик менен жолукту. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы Жээнбеков жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз жарандары үчүн виза берүүнү жеңилдетүүнү, эмгек мигранттарына квотанын көбөйтүү маселелерин көтөрдү. "Талкууланган темалардын бири - эки өлкөнүн эмгек жана калкты иш менен... Читать дальше...
Түркиянын Анталия провинциясындагы Кемер курортуна жакын аймактагы токойдун 120 гектарына өрт жайылгандан улам 25-июлда ондогон тургундар жана жергиликтүү оорукананын бейтаптары коопсуз жакка көчүрүлдү. Туризм жана маданият министри Нури Эрсой билдиргендей өрттү өчүрүүгө 10 учак жана 22 тик учак тартылды. Министр кечке чейин тилсиз жоо өчүрүлөт деп үмүттөнүп турганын кошумчалады. Былтыр Түркияда өрт 14 миң гектар токой аянтын күлгө айлантканы расмий кабарланган. Анкара тилсиз жоодон сегиз адам өлүп... Читать дальше...
Кыргызстанда төрт айда мас болуп автоунаа айдаган 1800дөн ашуун адам бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн 8-марттан бери ичимдик ичип машина айдагандар 17% азайды. Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн. Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Читать дальше...
Орусияда эми аялдар полициядан жашынууга аргасыз болууда. Буга чейин күч түзүмдөрү негизинен эркектерди кармап, камап келген. Аялдардын көбү эмгек патентинин жоктугунан кооптуу абалга туш болууда. Эркектерге салыштырмалуу аз айлыкка иштеген аялдар толук кандуу документ ала албай убара. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын журналисттери Орусияда иштеп жүргөн бир нече тажик аялдарды кепке тартып, алар туш болгон кыйынчылыктары тууралуу сурады. "Биз бул жерде талаада иштейбиз, шартыбыз оор: тизеге чейин баткак. Читать дальше...
Жыл сайын жайкысын беш-алты миң кыргызстандык студент Германияга барып, иштеп, жер кыдырып келет. Быйыл алардын айрымдары ишсиз калып, немис жергесинде ар кандай кырдаалга кабылганы ачыкка чыкты. “Азаттыктын” журналисттери Германиянын Оффенбург жана Франкфурт шаарларына барып студенттерден кабар алып, ошондой эле аларды Европага жиберген жергиликтүү компаниялардын жүйөсүн укту.
Борбор Азиянын бир нече банкы "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду. 24-июлда Өзбекстандын "Халк-банкы", "Ипотека-банкы" жана "Капиталбанкы" иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу "Фергана ньюс" агенттиги жазды. Кыргызстанда "Компаньон", Finсa банк, "РСК Банк", "Халык Банк" жана "Капитал Банк" аталган банк менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды. Казакстанда "Казпочтасы" жана... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Малинин башында турган аскердик хунтанын үч расмий өкүлүн "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын "дестабилдештирүүчү" ишмердүүлүгүн колдогону үчүн санкцияга киргизди. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына 24-июлда жарыяланды. "Кара тизмеге" коргоо министри, полковник Садио Камара, Малинин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Алу Бои Диарра жана анын орун басары, подполковник Адама Багайоко кирди. Маалыматка караганда, Камара Малиге "Вагнердин" аскерлеринин киргизилишин жактап... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов мандатын тапшырып кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы кайра шайлоого катыша албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” комментарий берген учурда айтты. “Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт” деген жобо бар. Экинчи – моралдык да жагы бар. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек”, - деди Бекматов. Читать дальше...
Нарын облусунда аймактык реформанын алкагында 63 айыл өкмөтү ирилешип, 27ге чейин кыскарды. Бул тууралуу облустук администрациянын жарым жылды жыйынтыктаган чогулушунда айтылды. Президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бул реформаны ишке ашырууга 10 миллион сом акча бөлүнгөнүн билдирди. Ирилештирүүнүн негизинде 113 миллион сом үнөмдөлөрүн, аны үч жылга аймакка калтыруу сунушталып жатканын белгиледи. Аймактык реформа үчүн Ысык-Көл облусунун Түп району дагы пилоттук долбоор катары тандалып алынган. Читать дальше...
Грекиянын Родос аралында өрт өчүрүүчүлөр токойлорду каптаган тилсиз жоо менен күрөшүп жатканына 25-июлда жети күн болду. Мындан улам кооптуу аймактардан эвакуацияланган жүздөгөн туристтер өз өлкөсүнө кайтууга аргасыз болду. Туроператорлор Грекияга сатылган жолдомолорду артка кайтарды. Соңку күндөрү Родостон 20 миңдей адам турак жайларын, убактылуу токтогон мейманканаларын таштап чыгып кетти. Корфу жана Эвия аралдарында дагы токойлорду өрт каптады. Өрт өчүрүүчүлөргө Түркиянын жана Словакиянын тиешелүү кызматтары жардам берүүдө. Читать дальше...
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында кырсыктан каза болгон эки кишинин окуясы боюнча комментарий берди. Облустук милициянын маалыматына ылайык, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Экөө 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Читать дальше...
Ички иштер министрлиги Интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген шылуундар улам жаңы ыкмаларды жана схемаларды ойлоп таап жатышканын билдирди. Мекеменин бүгүн, 25-июлда жарыяланган маалыматында мындай көрүнүш жайылып жатканы, алар адамдардын ишенчээктигинен пайдаланып улам бирин ар кандай жарнамалык акциянын шылтоосу менен көңүлүн бурдуруп, алдап кетип жатышканы белгиленди: “Жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин... Читать дальше...
26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 34…39; Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 33…38; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34; Нарын облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаарында скутерде кырсыктаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу 25-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 23-июлда болгон. Бир эркек бала жана эки кыз Чолпон-Ата шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборуна түшкөн. 24-июлда эркек бала менен бир кыз каза болуп калган. Алар 2000 жана 2004-жылкы улан, кыздар экени айтылды. Бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алган. Дагы бир кыз хирургия бөлүмүндө жатат. Читать дальше...
Токмоктогу «Ай Кью» жеке мектебинин жетекчилиги тийиштүү уруксат документтерин көрсөтө электигин бүгүн 25-июлда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган мектептин маселесине байланыштуу быйыл 17-июлда министрликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия жеринен териштирүү жүргүзгөндө мектептики деп көрсөтүлгөн даректе ИСИТО коллежи жайгашканын көргөнү, мугалимдерден же жетекчилигинен эч кимди жолуктура албаганы... Читать дальше...