Кумтөр алтын кенинде быйыл жыл башынан берки алты айда жалпы суммасы 341,3 млн. доллар турган 5 499 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул маалыматты 19-июлда өкмөттө Кумтөр алтын кенинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы талкууланган учурда ишкананын президенти Алмаз Барктабасов билдирди. "Өнүктүрүү фондуна 5,3 млн. доллар төлөндү. Социалдык өнүктүрүүгө мүчөлүк акы катары 800 миң доллар берилди. Жарым жылдагы таза киреше - 101,2 млн. долларды түздү", - деди Алмаз Барыктабасов. Министрлер кабинетинин... Читать дальше...
Түркмөнстандын бийлиги калктын саны жети миллиондон ашканын жарыялады. Бирок эксперттик чөйрөдө бул эсеп күмөн жаратууда. Айрым булактар муну бийликтин “Борбор Азия чөлкөмүндө эли эң аз өлкө” деген мүнөздөмөдөн арылуу аракети катары баалап жатышат. Мамлекеттик статистика кометитинин төрагасы Довлатгелди Аманмухамедов 14-июлда түркмөнстандыктар 7 миллион 57 миң 841 кишиге жеткенин жарыялады. Мамлекеттик телеканалдын «Ватан» маалымат программасында түркмөнстандыктын 50% көбүн аялдар түзөрү, элдин... Читать дальше...
Беларус Орусия менен чек арадагы пункттарынан өткөндөрдү текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу РБК басылмасы Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинен расмий өкүлү Антон Бычковскийге таянып жазды. Бирок мындай чечим канча убакытка кабыл алынганы белгисиз экенин "Зеркало" басылмасы кабарлады. Беларус бийлиги чек арадагы жүргүнчүлөрдү дыкат текшере баштаганы быйыл майда белгилүү болгон. Адамдардын документтер, жүктөрү гана эмес, телефондорунан бери текшерилип, Беларуска кандай максатта кирип-чыгып жатканы тууралуу да маалымат суралган. Читать дальше...
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик "Инвест Импульс" ишканасынын DJI Agras T30 14 даана учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди. "Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок "Инвест... Читать дальше...
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик "Инвест Импульс" ишканасынын DJI Agras T30 14 даана учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди. "Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок "Инвест... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү боюнча сөз болду. Садыр Жапаров кыргыз тарап ИӨБ менен кызматташууга артыкчылык берерин белгилеп, 2023-2027-жылдарга карата... Читать дальше...
Кадамжайда «Алгакадам» долбоорунун алкагында эл өзүнүн демилгеси менен каражат топтоп, канал курууга киришти. Анын ичинде 6 чакырым туннел казылат. Муну менен 4 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, шаар аймагы кеңейет деп пландалууда.
35 жаштагы Айдана Алибаева Кытайда билим алып, 10 жылдай Тажикстанда котормочу болуп иштеген. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, Ош шаарында “Ай класс” аттуу жеке мектебин түптөп, 600дөн ашык окуучуга заманбап билимдерди үйрөтүүдө.
"Озодлик" радиосу Өзбекстанда президенттикке үчүнчү жолу шайланган Шавкат Мирзиёев башкарган непотизм тууралуу көлөмдүү иликтөө жарыялады. Анын кыскартылган текстин сунуштайбыз. “Мирзиёевдердин эмирлиги” деп аталган иликтөө ал 2016-жылы бийликке келгенден бери 20га жакын тууганын өкмөттүн жогорку кызматтарына дайындаганы, алар мамлекеттин экономикасынын алдыңкы тармактарын көзөмөлгө алганы сөз болот. Иликтөө Мирзиёев президенттикке келгени өзүнүн жана жубайынын туугандары бийлик менен жыргалчылыктын даамын татып калганын көрсөтөт. Читать дальше...
Орусиядагы «Нелегал» операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков 19-июлда билдирди. "Операция негизинен Москвада, Санк-Петербургда болду. Москвадан жалпысынан 130 киши Кыргызстанга депортацияланды", - деди Манас Жолдошбеков. Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал» рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген. Читать дальше...
Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга качып өткөн америкалык аскер кармалган болушу ыктымалдыгы айтылууда. АКШ жаранынын чек арадан өткөнүн эки Кореянын ортосундагы коопсуздук зонасын көзөмөлдөгөн БУУнун командачылыгы тастыктады. Кармалган адам - катардагы жоокер Травис Кинг. Ал Түштүк Кореяда кызмат өтөгөн жана дисциплинардык жазаларга байланыштуу убактылуу кармоо абагында болгон. Болжол менен бир жума мурун ал бошотулуп, АКШга кайтып келүүнү пландаган. Аскер кызматкери аэропортто коопсуз тилкеден... Читать дальше...
Түркмөнстандын Дашөгүз облусуна караштуу Гөроглы районунда арзандатылган ун үчүн кезек талашта бир аял каза болду. Окуяга байланыштуу мамлекеттик дүкөндүн сатуучусу камакка алынды. Бул тууралуу 18-июлда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы аймактагы кабарчысы менен өз булактарына таянып билдирди. Маалыматка караганда, окуя 14-июлда район борборунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан айылда болгон. Сатуучу алып келген ун абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айтканда кезекте тургандар дүкөнгө жабылышкан. Читать дальше...
Кыргызстандын Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну Ош облустук төрөтканасындагы окуя боюнча териштирүүнүн калыс жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, адвокаттык кызматын көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн 19-июлда “Азаттык” радиосуна кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова билдирди. Ал төрөт үйү каалаган адам кирип-чыгып жүргүдөй коомдук жай эмес, мыйзамда жазылган талаптардын негизинде медициналык жардам көрсөтүлүүчү мекеме экенин эскертип, бардык мыйзамдар жана эрежелер дарыгерлер тарапта болорун белгиледи. Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички коопсуздук кызматына орусиялык жаран кайрылып, бейтааныш милиция кызматкерлери андан акча талап кылып жатышканына даттанган. Ал 20-апрелде шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде өзүнө маңзат таштап коюшканын, көп өтпөй жашаган үйүнө бараткан жеринен бир нече милиция кызматкери келип, коркутуп, жоопкерчиликке тартпоо үчүн 315 миң сомун алып коюшканын билдирген. Факт ИИМдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат... Читать дальше...
Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан алынган айып пулдун эсебинен мамлекеттик бюджетке 241 млн. 310 765 сом түштү. Бул өткөн жылкы ушул убактагы көрсөткүчтөн 38 млн. 647 865 сомго көп. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын (ЖККББ) алты айлык ишинин жыйынтыгы тууралуу жыйынында айтылган маалыматка ылайык, алты айда жол кыймылынын эрежелерин бузган 486 083 айдоочу аныкталган. 37 784 автоунаа айып токтотмосуна токтотулган. Булардын ичинен 5 440 айдоочу машинесин мас абалында айдаган. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн жети адам арыз берди. Алар Эртай Искаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнов, Турсунбек Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов. Эртай Искаков аталган округда буга чейинки дагы шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу өткөн жекшембиде камалган жана сот аны эки айга камакта калтырган. Аскар... Читать дальше...
Түркмөнстандын өкмөтү калктын саны жети миллиондон ашканын жарыялады. Бирок эксперттик чөйрөдө бул эсеп күмөн жаратууда. 14-июлда Мамлекеттик статистика кометитинин төрагасы Довлатгелди Аманмухамедов түркмөнстандыктар 7 миллион 57 миң 841 кишиге жеткенин билдирген. Жарандардын 50% көбүн аялдар түзөт. Элдин 47% көбүрөөгү шаардыктар, 53% жакыны айылдыктар деп бөлүнгөн. Түркмөнстан соңку 16 жылдан бери калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыялаган эмес. Акыркы жолу 2006-жылы өлкөдө 6,7 миллион адам жашай турганы айтылган. Читать дальше...
Гемодиализ аппараты суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен чогуу жалпы 16 млн. 552 миң 250 сомго алынды. Аппараттардын чыгымы толугу менен президент Садыр Жапаровдун фондунан төлөнгөнүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, төрт аппарат Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында орнотулду. Дагы төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлду. Экөө Нарын облусунун Жумгал районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна берилет. Читать дальше...
Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи. 2023-жылга карата 18-июлда жарыланган рейтингде кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген. 200дөй мамлекеттин ичинен Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан 66-орунду (77 мамлекетке визасыз режим), Өзбекстан менен Тажикстан 78-орунду (59 мамлекет), Түркмөнстан 87-орунду (50 мамлекет) алды. Тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз барат. Андан ары Германия... Читать дальше...
Жогорку Соттун басма сөз өкүлү Изати Шүгүралиева таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалгандар тууралуу судьянын чечимин эрте жарыялап жиберген кызматкерге чара көрүлөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбукта аталган окуяга байланыштуу макала талкууланып жатканда жазды. Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаков, Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын карап, аларды эки айга камакта калтырган. Балбаев менен Бекболотовго байланыштуу өкүм түнкү саат 12де чыккан... Читать дальше...
20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 20-22-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Өткөн айда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан... Читать дальше...
Казакстандын Жогорку Соту Түркстан облусундагы беш жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сарыагаш райондук соттун төрагасын иштен алды. Анда кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүүгө карата май айында мыйзамсыз чечим чыгарылгандыгы аныкталган деп айтылат. Түркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө шектелген, мурда адам өлтүрүү беренеси боюнча түрмөдө отуруп чыккан 48 жаштагы тургун камалган. Ага "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылган. Читать дальше...
Өткөн айда Каспий деңизинин тартылып баратканына байланыштуу Актауда киргизилген жергиликтүү маанидеги өзгөчө кырдаал режими август айына чейин узартылды. Бийликтегилер деңиздин айланасында абал оор экенин ырасташууда. Жергиликтүү калк маселени чечүү кийинкиге калтырылса, соолуп калган Арал трагедиясы кайталанышы мүмкүн деп кооптонот. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Айнур Сапарованын макаласы. ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАНА КЫРСЫК 200 миң калкы бар Актау шаары сууну Азербайжан, Иран, Казакстан... Читать дальше...
Мамлекет башчы бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барды. Жумушчу сапар менен барган президентти Жидданын эл аралык аэропортунан Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды. Сапар алкагында Садыр Жапаров “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи cаммитине катышат. Анда лидерлер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Читать дальше...