Ош шаарында "Эмаком" компаниясы өзү курган 12 кабат үйдү мажбурлап буздуруу тууралуу шаардык соттун чечиминен улам Ош облустук сотуна кайрылды. Шаардык сот бул компаниянын Маматсакова көчөсүндө 226-номурда жайгашкан көп кабаттуу үйүн түртүрүү тууралуу 31-майда чечим чыгарган. Бул маалыматты Ош облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы бышыктады. Анын айтымында, сотко Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бул үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин айтып... Читать дальше...
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн кыйганын, дагы төрт адам реанимацияда экенин бүгүн 19-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, маршруттук кичи автобусту оор жүк ташуучу машина сүзгөндө, автобустун ичиндеги бир адам ошол жерден каза болгон. Мындан тышкары 23 адам жараат алган, алардын 11и ооруканага жаткырылган. Ооруканадагы бейтаптардын төртөө реанимацияда, алардын үчөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Читать дальше...
Ташкентте Өзбекстан, Пакистан жана "Талибан" башкарган Ооганстандын ортосунда Транс-Ооган темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы башталды. Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Тараптар каражат тартуунун механизмин, курулуш, техникалык маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн талкуулашууда. Транс-Ооган темир жолунун курулуш долбоору 2018-жылы жарыяланып, иш 2021-жылдын сентябрында башталышы керек болчу. Читать дальше...
Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Мындан бир айдай мурда чакалайдын чак түшүндө Чүй облусунун Васильевка айылында бир зөөкүр 9-класстагы мектеп окуучусун ырайымсыз ур-токмокко алган видео тасманы көрүп, төбө чачым тик турду. Ал ынсапсыз байкуш баланы таш менен жаткыра чапканы аз келгенсип, кудум жыландын башын жанчып жаткандай башы-көзүнө тепкилегени эсимди оодурду. Адам ушунчалык мыкаачы, ушунчалык ырайымсыз... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров Бишкекте 18-июлда Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хайрулло Бозаров менен жолукту. Ага президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлү баштаган кызмат адамдары катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. "Жолугушууда Акылбек Жапаров мындай жолугушуулардын өткөрүлүп жатканы чек аралаш аймактардын өз ара алакасын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багыт алганынан кабар берерин айтты. Читать дальше...
Өзбекстанда 2019-2022-жылдар аралыгында эркинен ажыратылып, түрмөгө кесилген адамдардын саны үч эсе көбөйдү. Бул маалымат Жогорку Сот жарыялаган баяндамада айтылды. Документке ылайык, 2019-жылы 6955 адам абакка кесилсе, 2022-жылы 17 610 киши соттолгон. Бул жылдар аралыгында 11 адам өмүрүнүн акырына эркинен ажыратылган. Ошондой эле соңку төрт жылда атайлап адам өлтүрүү жана зордуктоо өңдүү оор кылмыштардын саны көбөйдү. Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасында 2019-жылы... Читать дальше...
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымын курулуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. "Азыркы учурда жалданма компания (подрядчы) жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында арыктарды коюу иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле, жарыктандыруу жумуштары аткарылууда. Мындан сырткары жолдун 176-чакырымында тротуар оңдолуп жатат. Ушул жылдын 15-ноябрына чейин жолдо кемчиликтер аныкталса... Читать дальше...
Жакында президент Садыр Жапаров жаңы жумуш орундары ачылганы менен ал жерлерде иштөөнү каалагандар аз болуп жатканын айтты. Ошол эле маалда өлкөдө каттоого турган 75 миңдей жумушсуз адам бар. Эмгек рыногундагы жагдай, экономикадагы абал жана жумушсуздук маселесин бүгүн сөз кылабыз. Талкуубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Жеңил өнөр-жай ишканалары - "Легпром" ассоциациясынын төрагасы Сапарбек Асанов жана Соода-өнөр жай палатасынын курулуш комитетинин төрагасы... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында эс алуучу жайда бир келин кичинекей кызы менен сууга чөгүп кеткенин билдирди. 18-июлда суудан келиндин сөөгү табылды, түн кирип кеткенине байланыштуу наристени издөө 19-июлда уланат деп маалымдады. Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашуун адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата 25 %га өстү. Читать дальше...