Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 26-июлда Кытайдын Кыргызстандагы Ду Дэвэн менен жолукту. Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, анта өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Сентябрь айында Бишкек менен Ош шаарларында кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө аксыз операция жасай турганы айтылды.
"Элчи айым Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун “Экспресс ден соолук” долбоору тууалуу маалымат берди. Анын алкагында 600 кыргызстандык жаранга катаракта илдетине бекер операция жасалат. Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт",-деп жазылган маалыматта.
Катаракта- бул чечекейдин толук, же жарым-жартылай тунарышы. Бул дарт тубаса же кийин пайда болушу мүмкүн.