Орусиянын Хакасия жумуриятындагы шорлор жашаган Неожиданный кыштагынын тургундары ата-бабасы байырлаган жерди колуна курал алып коргоого даяр. Өзгөчө макамы бар аймакта артелдер гектарлаган кедр токойлорун талкалап, дарыянын нугун бууп, чакырымдаган жерди аңтарып, алтын казууда. Эзелтеден шорлор табият берген ырыскы менен жашоо кечирип, экологияга эч зыян келтирген эмес.
“ПолитКлиника” медиасы “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жайгдайлар жана бул иште Максим Бакиевге байланышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу иликтөө чыгарды. Кимдин гана болбосун көзүн кызарткан кирешелүү ишкана былтыр гана Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өткөнү турат. “ПолитКлиника” анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экенин жазды. “ПолитКлиниканын” иликтөөсү Кыргызстанда “Кумтөр... Читать дальше...
2-апрель күнү Бишкектин 145 жылдыгына карата веложарыш өтөт. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, жарыш жекшемби күнү саат 9:00дө Ала-Тоо аянтынан башталат. Бир жарым сааттан кийин, саат 10:30да Түштүк магистралдагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында жыйынтыкталат. Иш-чара майрамдык театрлаштырылган оюн-зоок программасы, Улуттук филармониянын симфониялык оркестринин жана эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот. Иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугуна шаардык патрулдук милиция кызматкерлери көз салат. Читать дальше...
Өзбекстандыr жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган. Ал... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин ооруканага түшкөн окуучуларынын абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, "атырга" ууланып, ооруканага түшкөн 18 баланын 13ү дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды. Ош облустар аралык балдар клиникасынын директору Равшан Маматов жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш окуучу мындан ары дагы текшерүү үчүн травматология бөлүмүнө которулганын "Азаттык" радиосуна кабарлады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 30-мартта, Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюро мүчөсү, Шиңжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуйду кабыл алды. Кытайдын өкүлү Бшкекке жумушчу сапары менен келген. Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, жолугушууда Жапаров кыргыз-кытай салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер, өз ара ишеним - ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, жалпы кызыкчылыктарга толук жооп... Читать дальше...
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, өлкөнүн маалымат айдыңындагы кызматташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу 30-мартта Орунбеков 30-мартта билдирди. Ал жолугушууда кыргыз тарап сөз эркиндиги жана демократиялык коомдун принциптерин карманарын, Кыргызстанда көз карандысыз медианын иши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтканын маалымдады. "Бизде бардык медиаларга карата бир гана талап... Читать дальше...
Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Авторитаризмди эңсеген, өз өлкөсүндө бийликтин ырайымсыз диктатурасын орноткусу келген эл башчылардын дээрлик баары сөз эркиндигинен, эркин ой жүгүрткөн кишилерден, т.а. демократиядан катуу жазганат. Демократия – алардын башкы душманы, анткени алар мурдагы чексиз бийлигинен, эбегейсиз күч-кубатынан, таасиринен айрылууну каалабайт. Коррупция менен өкүмзордук киндиктеш Чыныгы демократиянын принциптери (сөз эркиндиги... Читать дальше...
Бишкектин Алтын-Казык конушунда Мургабдан көчүп келген 20 жаштагы Нурмухаммед Султанов таяк жеп, ооруканага түштү. Чырга мечиттеги талаш түрткү болгон. Муфтият буга дин ишмерлеринин тиешеси жок экенин билдирди. Милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө. 20 жаштагы Нурмухаммед Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 25-марттын түнү түшкөн. Анын айтымында, ошол кечте мечитте тараба намазынан кийин салават айтып жатканда талаш чыгып чырга айланган. "Мени жамааттын көзүнчө “туура эмес окудуң” деп айыптап баштады. Читать дальше...
Казакстандын Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында 13 киши кургак ачкачылык жарыялады. Дагы бирөө суудан да баш тартканын «Азаттыктын» казак редакциясы маалымдады. Жетыбай мунай кенинин жанындагы айылдын 100 чакты жашоочусу 27-марттан бери жергиликтүү тургундарга вакансияларды көбөйтүүнү талап кылып, тынч акция өткөрүп келатат. Шейшембиде полиция активист, акцияга катышып жатакан Канат Койшыбаевге адиминистративдик иш боюнча чакыруу тапшырып кеткен. Тартип коргоочулар иш чараны мыйзамсыз деп аташууда. Читать дальше...
Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучунун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине таандык делген диплому жасалма деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 30-мартта маалымдагандай, бул факты боюнча жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Таластын мэриясы жана жасалма диплом алган деп айтылган кызматкер маалымат бере элек. Былтыр жыл башында УКМК мамлекеттик... Читать дальше...
Бишкекте “Убакыт келди” деп аталган улуттук форумда сөз эркиндигинин абалы, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активисттердин ишиндеги ачыкталбаган жагдайлар, геосаясий окуялардын Кыргызстандын коомдук-саясий абалына тийгизген таасири жана тышкы, ички коркунучтар талкууланды. Аны мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жетектеген Консолидация жана диалог кыймылы деп аталган уюм уюштурган. "Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоң, эл ишенбей атат. Буга чейин биз өткөргөн эки тегерек столдо адам укугу жана сөз эркиндигинин абалына токтолуп... Читать дальше...
Кыргызстан Батыштын санкцияларына туш болбош үчүн бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал учурда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат, бааны кармоо аракети, ишкерлердин нааразылыгы боюнча суроолорго жооп берди "Евробиримдик тобокелчиликтер тууралуу айтты" -Данияр мырза, алгач кепти учурда талкууланып, орчундуу болуп жаткан темадан баштайлы. Ушул аптада Бишкекте Евробиримдиктин сакциялар боюнча атайын өкүлү Девид О’Салливан келип... Читать дальше...
Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды Ооганстандын Памир аймагынан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды. Аталган институттун өкүлдөрү Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылындагы Памир кыргыздарынын абалы менен таанышып келген. "Айылда жашаган этникалык кыргыздар жумушка орношууда кыйынчылык тартууда, кирешелери төмөн. Аларга айыл чарба иштерине жер бөлүп беришкен, бирок сугат суунун жоктугунан жерлер колдонулбай келет. Жергиликтүү... Читать дальше...
Пакистандын түндүк-чыгышында шаршембинин кечинде полициянын төрт кызматкери, арасында жогорку офицер окко учканын бийлик өкүлдөрү билдирди. Жергиликтүү тартип коргоочулардын басма сөз катчысы “Машал” радиосуна маалымдагандай, куралчан адамдар Вазиристан чөлкөмүнө жакын жердеги Лакки Марват районунда полиция бөлүмүнө кол салганда ок атышуу тутанган. Аларга жардамга полициянын дагы бир тобу жөнөгөндө унаасына коюлган алыстан башкарылган бомба жарылып кеткен. Набыт болгондордон тышкары дагы бешөө жараат алды. Читать дальше...
Өзбекстандагы Навои шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин калемгерлеринин "Классикалык поэзия" деген аталыштагы эл аралык фестивалы өтүп жатат. Фестивалдын алкагында 29-мартта Ташкент шаарында Түрк адабиятынын 100 томдук антологиясынын бет ачары болду. Мындан тышкары жалпы түрк тилдүү элдердин маданий, адабий тенденциялары, өз ара кызматташтык маселелери талкууланды. Ошол эле күнү фестивалдын катышуучулары Бухара облусундагы Навои шаарында түрк элдеринин орток акыны, Алишер Навоинин эстелигине гүл коюшту. Читать дальше...
Германиянын өкмөтү чет өлкөлүк адистердин иммиграция эрежелерин жөнөкөйлөштүргөн мыйзам долбоорун жактырды. Deutsche welle эми документти парламент кароого тийиш деп маалымдады. Долбоорду ички иштер министри Нэнси Фезер жана эмгек министри Хубертус Хайл сунуш кылышкан. Жаңы эрежелерде упай системасы камтылган “мүмкүнчүлүктөр картасын” киргизүү каралууда. Упай берилгенде адистин квалификациясы, немис тилин билгени, кесиптик тажрыйбасы, Германия менен байланыш (мисалы, ал жерде жашаган туугандары) жана жашы эске алынат. Читать дальше...
Баткендеги "Айгүл Тоо" ботаникалык коругуна кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Анын мөөнөтү үч жыл экенин Баткен токой чарбасынан "Азаттыкка" билдиришти. Эми жарандар 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботаникалык коруктун аймагына кире албайт. Маалыматка караганда, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатын көздөйт. Айгүл Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. 1978-жылы СССРдин "Кызыл китебине" киргизилген. Учурда бир даана гүлдү үзгөндөр 4500 сом айыпка жыгылат. Читать дальше...
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы The Wall Street Journal гезитинин журналисти Эван Гершкович тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирди. "Азаттыктын" орус кызматы жазганына караганда, атайын кызмат ал АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок. "Медуза" журналисттин кесиптешине шилтеме берип, ал Нижний Тагил шаарына барып кеткенин билдирди. Ал жерде танк чыгарган завод орун алган. Читать дальше...
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинасына кошумча бак орнотуп, Казакстандан күйүүчү май ташыган 36 айдоочу кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, анын 29у жеңил автоунаа, жетөө жүргүнчү ташыган автобустар. Бул унаалардын баары убактылуу айып жайына токтотулуп, “Укук бузуулар” Кодексине ылайык 5500 сомдон айып пул салынды. Андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, ыкчам тергө тобу менен Салык кызматы чакырылган. Аталган башкармалыктын кызматкерлери жыл башынан бери мыйзамсыз... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Азербайжан жана Тажикстанда безгек илдети (малярия) жоюлганын билдирди. Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, эки өлкө ал жугуштуу ооруну жеңген 42 мамлекеттин катарын толуктады. Тийиштүү сертификат безгектин жайылуу чынжыры кеминде акыркы 3 жылда үзгүлтүккө учураганда берилет. Ошондой эле өлкө инфекциянын кайра тарашын алдын алууга кудуреттүү экенин далилдеши керек. Адам баласына инфекцияланган чиркейлер аркылуу жуккан безгек өмүр үчүн коркунучтуу илдет болуп эсептелет. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору 1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температура төмөндөп, 0…-2° болот. 2-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай үшүк данектүү мөмө-бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет. Абанын температурасынын жогорулашына... Читать дальше...
Бүгүн, 30-мартта Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылынын элүүдөй тургуну ичүүчү суу жок болуп жатканына байланыштуу нааразылык билдирип чыкты. Тургундар айылда таза суу төрт айдан бери жок болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Алар учурда сууну сатып ичип жатканын айтууда. Кызыл-Суу айылында таза суу жок болгондуктан жергиликтүүлөр сугат сууну колдонуп келген. Дээрлик төрт айдан бери сугат суу дагы токтоп калган. Кызыл-Суу айылынан сырткары Беш-Кепе, Тойчу айылдарында дагы ичүүчү суу жок болууда. Читать дальше...
"Азаттыкта" иштеп кеткендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. Ал "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ырдын сөзүн жазган. Бул жолку маекте эркин басма сөздүн ролу, акындык менен журналистиканын байланышы жөнүндө сөз болду
Бүгүн, 30-мартта Бишкекке Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Ма Синжуйду "Манас" эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды. Сапар алкагында Шинжаңдын партиялык комитетинин катчысы Синжуй Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, соода-экономикалык, инвестициялык... Читать дальше...