Мы в Telegram
Добавить новость

Казань вошла в топ популярных железнодорожных направлений на 1 Мая

Двухлетний ребенок выпал с 7 этажа на улице Корнейчука

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

В Балашихе подросток на автомобиле сбил женщину с ребёнком

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2023

Новости за 08.03.2023

Azattyk.org 

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы миңдеген аял жүрүшкө чыкты

8-мартта Тбилисиде "чет элдик агент жөнүндөгү" жаңы мыйзамга каршы аялдар жүрүшкө чыгышты. Байкоочулардын айтымында, акцияга кеминде беш миң адам катышты. Алар "Кыз-келиндер катаал көзөмөлгө каршы" деген жазуусу бар стикерлерди таратышты. Жүрүшкө чыккандар борбордук Руставели проспектиси аркылуу парламент имаратынын алдындагы аянтка келишти. Нааразылык акциялары Грузиянын башка шаарларында да өтүүдө. Активисттер Грузиянын Орусияга эмес, Европага ыкташын талап кылып жатышат. Полиция күч колдонуп, ондогон жаранды кармады. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ: "Талибан" аялдар үчүн эң каардуу режимге айланды

“Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик”. Бишкекте аялдарга тилектештик жүрүшү өттү. Грузияда талаштуу мыйзамга нааразылар көчөгө чыкты. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлгөн Марал Шаболотованын үйү кайра салына баштады. "Талибан" аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланды.

Azattyk.org 

Тажикстанда дагы бир журналист кармалганы кабарланды

Тажикстанда дагы бир журналист кармалганы кабарланууда. Зарафшан өрөөнүндөгү элдин көйгөйүн көтөрүп, жергиликтүү бийликтин кемчилигин көрсөтүп жүргөн Хуршед Фозиловду 6-мартта атайын кызматтын өкүлдөрү алып кеткенин анын апасы билдирди.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Пенжикенттеги бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткени айтылган Фозиловго кандай айып тагылып жатканы белгисиз.  37 жаштагы Фозиловдун туугандары ага адвокат берилбегенине тынчсызданууда. "Озоди" радиосу буга расмий комментарий алууга мүмкүн болбогонун жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа соту Пригожиндин апасына салынган санкцияны жокко чыгарды

Европа соту орусиялык ишкер, "Вагнер" менчик аскер компаниясынын  негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин апасына салынган санкцияны жокко чыгарды. Виолетта Пригожина Евробиримдиктин "кара тизмесине" 2022-жылдын 3-мартында киргизилген эле. Соттун чечимине байланыштуу маалыматта Пригожина уулу менен бирге "Конкорд" кейтеринг-компаниясынын ээси экени белгиленген. Бирок акциялары бар экенине карабай, 2017-жылдан бери ишкердин энеси компанияны башкарууга аралашкан эмес. Евробиримдиктин кеңеши Пригожина... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы конуштарда жашагандарга “кызыл китеп” качан тиет?

Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйү түрттүрүлгөн окуядан кийин мыйзамсыз жер тилкелеринин маселеси кайра көтөрүлдү. Ага президент Садыр Жапаров аралашып, жетекчилерди кызматтан алды. Жаңы конуштардагы он миңдеген үй-бүлө "кызыл китеп" качан тиерин күтсө, үлүш жер ээлеринин өз жүйөсү бар.

Azattyk.org 

Алматыда аялдардын укугун жактагандар митингге чыгышты

Казакстандын Алматы шаарында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укугун жактагандар митингге чыгышты. Шаар борборунан алыс Ганди атындагы паркта өткөн иш-чарага миңге жакын адам чогулганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.  Активисттер негизинен сексуалдык зомбулукка каршылык билдирип, өлкөдө аялдарга кордук көрсөткөндөр көп учурда жазасыз каларына нааразылыгын айтышты.  Митингдин катышуучулары ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзамды кабыл алууну да талап кылышты. Ошондой эле парламентте... Читать дальше...

Azattyk.org 

Грузияда "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы митингде ондогон адам кармалды

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы митингде алтымыштан ашуун адам кармалды. Аларга "майда бейбаштык" жана "полицияга каршылык көрсөтүү" боюнча адмнистративдик айып тагылууда. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Ошондой эле "полиция кызматкерлерине кол салуу", "мүлктү бүлдүрүү же жок кылуу" деген айыптар менен да тергөө башталды. Маалымат каражаттары полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, үн чыгаруучу граната жана суу атма колдонгонун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте ак элечек энелердин жүрүшү өттү

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте энелердин жүрүшү өтүп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Иш-чараны Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстан пенсионерлер партиясы биргеликте уюштурган. Жүрүштө улуттук ак элечек кийген аялдар Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып барды. Ал жерден акындар ыр окуп, "Манас" эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан өкүлдөр келип... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ: "Талибан" аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланды

8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүнө карата БУУ билдирүү таратып, Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланганын белгиледи. Дүйнөлүк уюм эл аралык коомчулук тааныбаган Кабулдагы бийликти кыз-келиндердин укуктарын чектеген эрежелерди жокко чыгарууга чакырды. 2021-жылдын августунда Ооганстандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгып кеткенде, бийликке кайра келген радикал исламчыл топ адегенде аялдардын укуктарын коргоону убада кылган. Бирок кыз-келиндердин билим алышына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Грекиядагы нааразылыктардан улам коомдук транспорт токтоп калды

Грекияда уланып жаткан демонстрациялардан улам 8-мартта бир катар коомдук транспорт каттамдары токтоп калды. Темир жол тармагында иштеген жүздөгөн жумушчулар иш таштап, өкмөттү коопсуздукка көңүл бурууга чакырууда. Марттын башында ондогон адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгынан кийин башталган демонстрациялар 8-мартта кечинде парламенттин имаратынын алдында аяктайт деп күтүлүүдө. Премьер-министр Кириакос Мицотакис каргашалуу окуяга адам фактору себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Кийинчерээк темир... Читать дальше...




Azattyk.org 

Акылбек Жапаров Анжияндагы UzAuto Motors ишканасына барды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-мартта Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында Анжиян облусунун Асаке шаарындагы UzAuto Motors ишканасына барды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, Жапаров анда бул ишкана менен өз ара пайдалуу шартта кызматташууну талкуулады. Бул заводду куруу 1994-жылы баштаган жана 1996 жылдан тартып Damas үлгүсүндөгү машинелерди чыгара баштаган. Расмий маалыматка ылайык, учурда Chevrolet деген бренд менен Spark, Nexia, Cobalt... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 8-мартта саат 16.00дар чамасында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал болору эскертилген. Аталган министрлик буга чейин мындай учурда машинелерди бак-дарактардын, имараттардын алдына токтотуу опурталдуу экенин белгилеген.  Өлкөдө катуу шамалдын айынан үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кыйрап, бак-дарактар сынып автоунааларды жана адамдарды басып калган учурлар болгон.

Azattyk.org 

Аялдар маршынын 10 талабы жарыяланды

Бишкекте бүгүн 8-мартта өтүп жаткан кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган тилектештик жүрүшүнүн талаптары жарыяланды. Жүрүштүн катышуучулары зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын түзүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартуу, ар бир райондо мамлекеттен каржылануучу кризистик борбор ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу, балдарды багуу үчүн алимент өндүрүп алуунун иштеген механизмин киргизүү, аялдардын саясий укуктарынын, сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үйү түрттүрүлгөн Шаболотованын тамы кайра салына баштады

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотованын үйү кайра салына баштады. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлады. Анын ырасташынча, үйүнүн жерин талашып жаткан кошунасы Толкун Самудинова кызыл китепти мыйзамсыз алганы тууралуу президенттин администрациядан кабарлашкан. “Мен төрт балам менен убактылуу батирде туруп жатам, ал жака өкмөттөн киргизишкен. Бүгүн үйүм турган жерге чакырып, мен жерди мыйзамдуу алганымды айтышты. Бүгүн, 8-марттан баштап эски үйдүн урандыларын тазалап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тилектештик маршы “Эркин кыз. Эркин Кыргызстан” урааны менен башталды

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте өтүп жаткан кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган жүрүш “Эркин кыз. Эркин Кыргызстан” деген ураан менен башталды. Жүздөгөн жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап баратышат. Акциянын коопсуздугун ондогон милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп баратышат. “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшүн “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Камактагы активисттин жубайынын иши шаардык сотто каралат

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын иши шаардык сотто 13-мартта каралмай болууда. Эки ай мурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде айыптуу деп таап, 3 миң сом айып пул салган. Шаардык сотто райондук соттун бул чечимине каршы апелляциялык арыз каралат. 10-январда камактагылардын жакындары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшү башталууда

Бишкекте “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшү башталууда. “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму бүгүн 8-мартта уюштуруп жаткан марш “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” урааны менен өтүүдө. Уюмдун билдиришинче, иш-чараны өткөрүү борбор калаанын мэриясы жана Ички иштер министрлиги менен макулдашылган. Жүрүштү "Азаттыктын" түз эфиринен көрө аласыздар. Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өткөнү жатышат. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

9-марттын аба ырайы

9-мартта түнкүсүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11…16; Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаш ишкерлерди колдоо программасы ачылды

Ишкерликти жаңы баштап жаткан жаштарга колдоо көрсөтүү программасы ачылганын Accelerate Prosperity уюмунан билдиришти. Уюмдун маалыматына караганда, 6-мартта Youth CUP долбоорунун алкагында жаштар менен жолугушуу өттү. Кыргызпатент мекемеси менен биргеликте уюштурулган жолугушууга ишкерликте алгылыктуу ийгиликке жете алган жаштар катышып, бизнес баштоого камданып жаткандарга кеп-кеңешин беришти. Мисалы, ушул программанын бүтүрүүчүсү, өлкө ичинде саякат турларын уюштуруу менен алектенип келаткан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактарда жашагандарды жер котортуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин эсебинде, аталган облуста сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табыгый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймакта кеминде 1160 үй-бүлө жашап жатат. "Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулугу жогору аймактардан жашоочуларды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган. Адистер жашоочулар көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экенин белгилешет",-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы мыйзам күчүндө: кайра экзамен, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу

8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра экзамен тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөргөн мыйзам күчүнө кирди. Айрымдар жаңы эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып чыкты. ИИМ коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө. "Кайталап бузсаңыз, сынак тапшырасыз" Жаңы эреже боюнча мас айдоочу – айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

Жалал-Абад облусунда 1-7-март күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, анын алкагында тараптар иш жадыбалды макулдашып, чек аранын айрым тилкелерин кыдырышты. Маалыматта жолугушуу "достук жана өз ара түшүнүү маанайында" өткөнү белгиленген. Буга чейинки кезектеги жолугушуу 12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн. Анда тараптар чек араны демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Өзбекстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-мартта Өзбекстанга жумушчу сапар менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ал сапардын жүрүшүндө бул өлкөдөгү өнөр-жай, өндүрүш жана илимий-техникалык ишканаларда болот. Ошондой эле расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугат. "Акылбек Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатат",-деп жазылган маалыматта. Кыргыз өкмөт башчысы Өзбекстанда канча күн болору айтылган жок. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Болот Абдыжпаровду Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын мэри кызматына дайындады.  Буга чейинки шаар башчы Максат Кадыркулов кандай себеп менен кызматтан алынганы маалымдалган жок. Болот Абдыжапаров буга чейин Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп турган. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин журналист болуп иштеген.


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

РЕН ТВ: в Москве шестилетний сын спас мать, впавшую в кому

Казань вошла в топ популярных железнодорожных направлений на 1 Мая

Как «рафики» использовали на Олимпиаде-80

Экс-солист "На-На" Юрин заявил, что Алибасов задолжал 5 млн рублей гонораров

Музыкальные новости

Предприниматели из Химок станут участниками проекта «Мой Бизнес»

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Азербайджанцев, подозреваемых в убийстве у «Галереи Чижова», суд отправил в СИЗО

Пожарную технику на базе «КАМАЗа» представили на ВДНХ

Новости России

Экс-солист "На-На" Юрин заявил, что Алибасов задолжал 5 млн рублей гонораров

Двухлетий ребенок выпал из окна квартиры седьмого этажа на северо-востоке Москвы

РЕН ТВ: в Москве шестилетний сын спас мать, впавшую в кому

СК: подросток в Балашихе сбил женщину с ребенком и протаранил витрину ТЦ

Экология в России и мире

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Уголовное дело против известного российского политолога Михаила Александрова является фальсификацией бакинского режима

ЗЕЛЕНЬ для здоровья мужчин и женщин: советы аюрведы

"Чек Индекс": Продажи новых марок одежды и обуви выросли за год в России на 10 проц

Спорт в России и мире

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Moscow.media

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Уверенность в каждом дне вместе с автомобилем HAVAL

Ученые обнаружили ранний признак рассеянного склероза

Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Пётр Алексеевич Спичев











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Какой шашлык — таков и мужик: что говорит о характере манера жарить мясо

РЕН ТВ: в Москве шестилетний сын спас мать, впавшую в кому

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

Двухлетий ребенок выпал из окна квартиры седьмого этажа на северо-востоке Москвы