Парламент билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин 1-мартта колдоп берди. Билим берүү жана илим министрлигине жаңы жетекчи дайындалганы билим берүү системасын реформалоо сунуштары кайрадан айтылып жатат. Билим берүү тармагына кандай реформа керек?
Билим берүү жана илим министри кайрадан алмашып, Каныбек Иманалиев соңку үч жылдагы төртүнчү жетекчи болуп келди. Ал кызматка киришип жатып реформа баштай турганын, билим берүүгө ваучердик система киргизүүгө убакыт келгенин айтты.
БУУнун Атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси жума күнү Иранга барат деп күтүлүүдө. Дипломаттардын айтымында, “жогорку деңгээлдеги жолугушууларда” ал Тегеранды жарыяланбаган жерлерде табылган уран издерин иликтөөдө кызматташууга чакырууну көздөйт. Иран мурда ачыкка чыгарылбаган үч жайда табылган урандын издерин текшерүүгө көп жылдан бери бут тосуп келаткандыктан, былтыр МАГАТЭнин 35 мамлекетти өкулдөрүнөн турган башкаруучулар кеңеши Ислам жумуриятын кызматташтыкка милдеттендирген резолюцияны кабыл алган. Читать дальше...
«Биз жана дүйнө» программасынын бул чыгарылышында Түркиядагы миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери, ураган үйлөрдүн чоо-жайы жана Кыргызстандын курулуш тармагындагы соңку жагдайды талкууладык.
Мамлекеттик мекемелердин коомдук кеңештеринин мүчөлөрү 2-мартта Юстиция министрлигинин коомдук кеңештерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты. Коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров жыйынга Юстиция министрлигинен жана өкмөттүн өкүлдөрү чакырылып, бирок эч ким келбегенин “Азаттыкка” билдирди. “Мыйзамдын демилгечилери коомдук кеңештердин иши натыйжасыз экенин, аларга муктаждык жоктугун айтып, бул кеңештерди жоюуну демилгелеп жатышат. Биз мындай тыянакка кантип келишкенин сурап... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусу калайман мушташта каза тапты. Өспүрүмдү чоң класстын балдары сабаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 10-класстын төрт окуучусу кармалды. Кырчындай 15 жашында бейажал өлгөн бала Сузактын Сафаровка айылынын тургуну болчу. Анын таякеси Канат Абдыкалыков окуя 1-мартта болгонун, 10-класстын бир нече окуучусу 9-класста окуган беш баланы мектептин жанындагы эски имаратка киргизип токмоктогонун айтып берди. . "Жээним... Читать дальше...
Башкы прокуратуранын мурдагы имараты жайгашкан жерге соода борборун куруу долбоору Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясында айрым депутаттардын сынына кабылды. Алар шаардын борбордук бөлүгүндөгү тыгын көйгөйүн чечүү үчүн ал жерге көп ярустуу, акы төлөнүүчү борбордук унаа токтотмо салса болмок деген пикирин айтышты. Депутат Таалайбек Дайырбеков долбоорду ишке ашырууда жалган бирөөлөр аралашканын... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сөз сүйлөдү. Министр өлкө мындан туура 30 жыл мурун уюмга киргенин айтып, Кыргызстан БУУнун хартияларында, адам укуктары тууралуу жалпы декларацияда бекитилген принциптерди сактап келатканын белгиледи. Кулубаевдин айтымында, Адам укуктары боюнча кеңешке буга чейин эки жолу мүчө болгон Кыргызстан маанилүү уюмдун ишине салым кошууну улантып, мыйзам үстөмдүгү, жарандардын эркиндиктери жаатындагы милдеттенмелерин аткара бермекчи. Читать дальше...
Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу 39 кишинин иши каралууда. Прокурор айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү сурады. Каракалпак активисттеринин иши сотто каралууда 6-февралда Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу дагы 39 кишинин соту башталган. Дүйшөмбүдө прокурор айыпталуучулардын дээрлик көбүн узак мөөнөткө эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди. Соттолуп жаткандар арасында банктын юристи... Читать дальше...
Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгым, убара-түйшүк көбөйгөнүн, соода солгундаганын айтып жатат. Кыргыз өкмөтү болсо электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирип келет. Нааразы соодагерлер Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулду. Алардын бири, "Дордой-Моторс" базарында... Читать дальше...
Алматыда былтыр Январь окуясында набыт болгон беш кишинин соту уланууда. Алар президенттин резиденциясына жана шаар акимчилигине кол салган деп айыпталууда. Маркумдардын жакындары коюлган айыпты четке кагып жатышат.
Былтыр Каракалпакстанда болгон кандуу окуялар боюнча Бухарадагы сотто 27-февралда прокуратура айыпталып жаткан 39 кишинин көбүн беш жылдан 12 жылга чейин абакка кесүүнү сурады. Мындай маалыматты Өзбекстандын Жогорку соту таратты. Соттолуп жаткандардын көбү жапырт башаламандыкка катышуу жана башаламандык уюштуруу, дагы бир нечеси коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды чыгаруу жана сактоо, курал-жаракты тартып алуу үчүн айыпталууда. Жети кишиге кимдир бирөөнүн саламаттыгына оор зыян келтирген деген күнөө тагылып жатат. Читать дальше...
Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда 2-мартта пландалган тактикалык машыгуу өтүп жатат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгуунун жүрүшүнө мамлекет башчысы Садыр Жапаров көз салып, жоокерлер күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда аскердик чеберчилигин, ырааттуулуктун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи. Иш-чара алкагында аскерлер мыйзамсыз куралчан топторго бөгөт коюп, аларды жок кылуу жөндөмүн көрсөтүштү. Машыгууга 200гө жакын жоокер, 30дай автоунаа... Читать дальше...
Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызы боюнча жараянды 7-мартка жылдырды. Буга “Настоящее время” телеканалынын Кыргызстанда юридикалык жак болуп катталып-катталбаганы боюнча Юстиция министрлигинен сотко жооп келбегени негиз болду. 17-февралдагы сотто “Настоящее время” каналынын юридикалык макамын аныктоо боюнча Юстиция министрлигине кат жөнөтүлүп, отурум 2-мартка белгиленген. Читать дальше...
Бишкекте милиция социалдык тармактарда тараган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтей баштады. Кырсыкка тиешеси бар адамдардын аты-жөнү такталып жатканын Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. 2-мартта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде катуу ылдамдыкта бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын кырсыкка учураганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Машине кырсыктаганда анын үстүнө чыгып алган киши жол четиндеги арыкка кулап түшкөн. Дароо ордунан туруп, рулдагы... Читать дальше...
Бишкекте чет өлкөлүк жаранды чочутуп, мазактаган киши жазага тартылды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин “Майда бейбаштык” беренесинин негизинде айыптуу деп табылып, 5500 сом айыпка жыгылганын 2-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Өзүн пранкер деп тааныштырган Асхат Өмүров аттуу киши Бишкектин жер астындагы өтмөлөрүнүн биринде тарткан “Квадраттын ичин тебелегенге болбойт” деген видеосун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына 20-февралда жарыялаган. Читать дальше...
Биринчи типтеги кант диабетине чалдыккан балдарга “Левемир” инсулини келбей калганына нааразы ата-энелер 2-мартта маалымат жыйын өткөрүп, бийликке кайрылуу жасашты. 20дай жаран дарыны тез арада алып келүүнү талап кылышты. “Бала бул инсулинди күнүнө эки маалдан кем эмес алып турушу керек. Азыр ар бир ата-эненин колунда бир же эки айга жете турган запас бар. Ал түгөнгөндөн кийин министрлик башка инсулинге өткөрөрүн айтты. Биз ага макул эмеспиз. Себеби ал инсулин өтө жай таасир берет. Эски жана көп өлкөлөр колдонбой калган инсулин. Читать дальше...
Кыргызгидрометтин кабарлашынча, 2-мартта өлкөдө жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20, Талас дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 6…11... Читать дальше...
Ирандын саламаттыкты сактоо министри Бахрам Эйноллахи окуучулардын уулануусу иликтенерин билдирди. Анын айтымында, катарына эң мыкты токсиколог жана профессорлор кирген атайын комиссия түзүлдү. "Акыркы айларда жүздөгөн мектеп окуучу кыздар жеңил ууландырууга кабылды", - деп билдирген Эйноллахи февралда. Шаршембиде Ислам жумуриятынын президенти Ибрахим Раиси кыздардын мектептеринде катталган оорунун толкунун иликтөө буйругун берген. Биринчи окуя болжол менен былтыр ноябрда катталган. Кум шаарындагы 18 окуучу кыз жүрөктөрү айланганын... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата бул ирет “Азаттыктын” мурагы кызматкери, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин менен маек курдук. “Азаттыктын” кийин ал маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеди.
1-мартта Азербайжандын делегациясы негизинен этникалык армяндар байырлаган Тоолуу Карабактын өкүлдөрү менен жолугушуп, аймакты коңшу Армения менен туташтырган Лачин коридорун кайра ачуу тууралуу маселелерди талкуулады. Евробиримдиктин атайын чабарманы Тойво Клаар тараптардын кездешүүсүн үмүт жаратуучу деп сыпаттады. “Учурдагы маселелерден тышкары кеңири көйгөйлөрдүн талкууланганы жакшы жышаана”, - деп жазды дипломат Твиттерге. Тоолуу Карабактагы "Арцах" маалымат агенттиги жолугушуунун катышуучулары... Читать дальше...
Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын президент Садыр Жапаров 2-мартта Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарында жайгашкан Курал-жарак жана аскердик техника оңдолуучу борбордук базасына барганда айтты. Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды бергенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Былтыр октябрда ачылган базада курал-жарак жана аскердик техника оңдоодон, комплекстүү техникалык тейлөөдөн өтүп турат. Читать дальше...
Таласта облустук акимчиликтин алдына Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, айкел Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарында коюлган Манастын эстелигинин көчүрмөсү. Бийиктиги 12 метрди түзгөн эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берген. Анын жалпы баасы 8, 7 млн. сомду түзөт. Эстеликти алып келүүгө жана орнотууга "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 1 млн. 160 миң сом бөлгөн. Анын расмий ачылышы 21-мартка пландалууда. Айкелдин авторлору Кыргыз эл сүрөтчүсү... Читать дальше...
1-марттан тарта бир апта Баткен районундагы Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Кара-Бак, Кызыл-Бел жана Боз-Адыр айылдарында Бишкектен барган мобилдүү көчмө клиника акысыз иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Негизинен кыз-келиндер текшерилип, дарыгерлерден кеңеш алса болот. Онколог, маммолог, гинеколог, терапевт сыяктуу адистерден турган дарыгерлер тобу Баткен районунда 6-мартка чейин болот. Аларга кайрылгандарга көчмө клиникадагы заманбап жабдуулар менен кызмат көрсөтүлөрү кабарланды. Читать дальше...
«Кумтөр Голд Компани» ишканасын жер салыгын төлөөдөн бошотуучу норманы жоюу сунуш кылынууда. Бүгүн 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Арсланбек Малиев компания 30 жылдан бери иштеп келатканын, бир да жолу жер салыгын төлөбөгөнүн айтып, андай норма келишимде жазылып калганын айтты: “Азыр Кумтөр бизге өттү. Ошондуктан Салык кызматына тапшырма бериш керек жер салыгын Жети-Өгүз районуна төлөсүн деп. Алар эски шылтоосу менен бүгүн да төлөбөй жүрүшөт. Керек болсо 30 жылдыгын төлөп берсин, ал деле чоң сумма болбойт”. Читать дальше...