Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтышты: “2020-жылы пандемия маалында жашаган үйүбүздү куруучу компанияга өткөрүп берип, курулуп аткан бул үйдөн 3 батир алганбыз. Анда 2021-жылдын жаз айларында курулушу бүтөт деп айтылган. Ошо күндөн бери жылыш жок. Компаниянын ээси өлкөдөн чыгып кеткени да айтылууда.
Дем алышта Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына барганы кабарланды. Алар бул шаардагы консулдуктун имаратын оңдоп-түзөө иши менен таанышканын айтышууда. "Талибан" өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Хорог шаарындагы ооган консулдугуна талиб делегациясы барганын 25-мартта жарыялады. Маалыматка ылайык, делегацияны талиб Тышкы иштер министрлигинин административдик-финансы департаментинин башчысы Мохаммад-Муса Амири жетектеп барган. Читать дальше...
Чүй облустук прокуратурасы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жарлыктын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерип, 66,8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. "Текшерүүдө аталган комиссиянын мүчөлөрү, бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекетке... Читать дальше...
Өзбекстандын 25-мартта Сох анклавынын тургунун чек арага жакын жерде көчөт отургузуу иши кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулду. Бул аймактын чек арасы жазылып, бирок жеринен тактоо иштери (демаркация) жүргүзүлө элек болчу. Ушул эле күнү Тажикстан менен чектеш аймакта да коңшу өлкөнүн жарандарынын чек арага жакын жерге көчөт тигүү аракети токтотулганы белгилүү болду. Жазгы талаа иштери башталганда эки өлкө менен чектеш Баткен районунда күн сайын чек арадагы абал көңүл борборунда. Чыңалуунун... Читать дальше...
Германияда дүйшөмбүдө транспорт тармагынын кызматкерлери 24 саатка иш таштады. Акция темир жолдор менен аэропорттордун ишине таасир этти, айрым жерлерде коомдук транспорттун кыймылы чектелди. Deutsche Welle кабарлагандай, дээрлик бардык аэропорттордо, анын ичинде Европадагы эң чоң түйүндөр – Франкфурт жана Мюнхенде рейстер аткарылбай калды. Иш таштоо Берлиндеги аэропорттун ишине гана таасир эткен жок. Deutsche Bahn темир жол концерни 28-марттын таңына чейин алыска кетчү поезддер токтоп турарын билдирген. Читать дальше...
Иранда милдеттүү хижаб кийүү эрежесин бузган кыз-келиндерге күч колдонууну жокко чыгарып, анын ордуна айып пул салуу жана административдик жазага тартуу боюнча жаңы стратегияны талкуулоо уланууда. Бул тууралуу мыйзам чыгаруучу Хоссейин Жалалиге шилтеме берип, “Фарда” радиосу билдирди. Депутаттын айтымында, коомдук жайларда бетин-башын жаап жүрбөгөндөр 30 миллиард иран риалын (60 миң АКШ доллары) төлөөгө чейин милдеттендирилмекчи. Андан тышкары айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, паспортун жокко чыгаруу... Читать дальше...
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу боюнча билдирүү таратты. Анда өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүлөрү айтылат. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталары белгиленген. Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Читать дальше...
Бир кылымдык тарыхы бар "Кыргыз темир жол ишканасында" миңдеген кызматкер эмгектенет. Алар ички жана эл аралык каттамдагы поезддерди коштоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жооптуу. "Данисте" бул жолу темир жолдогу кызматкерлердин ишин, көрүнбөгөн түмөн түйшүгүн көргөзөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунда мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүккө шек саналып Словакия мамлекетинин эки жараны кармалганын билдирди. “26-мартта Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок Талас шаарынын тургундарын Рим католик чиркөөсүнүн идеологиясына үгүттөшкөн”, – деп айтылат атайын кызматтын маалыматында. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 27-мартка карата Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларында абал туруктуу экенин билдирди. Маалыматка караганда, 25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышты. Кездешүүгө тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Суйлөшүүнүн... Читать дальше...
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта парламенттин төмөнкү палатасы - мажлиске болгон шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Күтүлгөндөй эле алдын ала жыйынтыктар дээрлик өзгөргөн жок. Ат салышкан жети партиянын алтоо парламентке өттү. Бийликтеги "Аманат" партиясы добуштарын 53,9% алып, 40 мандатка ээ болду. 5% босогодон өзүн оппозициялык деп атаган ОСДП партиясы өтө алды. Аларга парламентте төрт орун тиймекчи. Шайлоочулардын 3,9% баарына каршы добуш берди. БШК бир мандаттуу округдардан да шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты. Ага чейин ал өзү катышкан мушташка байланыштуу мандатын тапшыра турганын жарыялаган. Боршайком арызды дароо карап, канааттандырды. Марттын башында кафенин күзөтчүсү катуу сабалган окуядан кийин Абиров сындын бутасында калган. Жаныбек Абиров 27-мартта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын билдирген. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировдун мандаты өзү жазган арызына байланыштуу алынды. Боршайком мындай чечим 27-мартта кабыл алынганын билдирди. Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан шайланып, түрдүү себептер менен кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болот. Аталган мыйзамдын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо президенттин жарлыгы менен дайындалат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалган "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Рысбек Сарпашев Биринчи май райондук сотунун 24-марттагы чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, атайын кызмат мурунку жетекчини үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Сарпашев 9-апрелге чейин үй камагында болот. Рысбек Сарпашев 23-мартта кармалган. УКМК тараткан маалыматка караганда, ага карата өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан... Читать дальше...
Кабулда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигине жакын жерде жанкечти бомба жардырганда кеминде алты карапайым киши мерт кетти, 12си жаракат алды. Бул тууралуу талибдер жетектеген министрликке шилтеме берүү менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган редакциясы кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечтини талибдердин коопсуздук кызматы байкап калганы менен ал өзүн жардырууга үлгүргөн. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Кабулдагы ооруканада иш алып барган италиялык бейөкмөт... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Клара Сооронкулованын өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. "Операциядан кийин саламаттыгы кескин начарлады. Бүгүн барсам араң эле кыймылдайт. Өпкөсү кагынган (пневмония) деп айтышты мага. Буга чейин да Сооронкулованы ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп, тергөөгө кайрылганбыз. Тергөө баш тарткан. Жакынкы күндөрү сотко кайрылабыз", - деди Жакупбекова. Читать дальше...
Бишкектин Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши аяктады. 21-марттан 25-мартка чейин өткөн мелдеште кыргыз мушкерлери алты алтын, жети күмүш, 10 коло байге утушту. Таймаштар 48 килограмм салмактан тартып 92 килограммдан жогорку салмакка чейин, жалпы 13 салмакта өттү. Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнир быйыл 45-жолу уюштурулду. Мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзүп, 1-орунду алган мушкерге 1400 доллар... Читать дальше...
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунун айрым тургундары жер тилкелерине байланыштуу камакка алынган Султан Оморовду бошотуу талабы менен 27-мартта Башкы прокуратуранын алдына чогулушту. Конуштун 172-контурунун тургундары инфраструктуралык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүп келген жергиликтүү тургун Султан Оморов негизсиз кармалганын айтышты. “Биз 5-6 жылдан бери жашайбыз. Электр жарыгы, суу, жол маселелеринин баарын Султан Оморов чечип келген. Аны эми укук коргоо органдары кыйноого алып... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 20-26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен пневмониянын 36 жаңы учуру катталганын кабарлады. COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын 13ү ооруканага жаткырылган. 2022-жылы вирусту 88 миңден ашуун адам жуктурганы белгилүү болгон. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталып, былтыр басаңдаган коронавирус пандемиясы 206 миңден ашуун адамга жугуп, 3 миңдей киши кайтыш болду. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кезексиз коллегиясынын чечими менен Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын башчысы Мирлан Ниязалиев, орун басарлары Улан Орозалиев, Эрмек Момуналиев жана Улан Бектемиров кызматтан алынды. Мындай чечим алар өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаганы, кол алдындагы кызматкерлерге көзөмөл кыла албаганы үчүн кабыл алынганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Бирок алар кандай милдетти аткарбаганы так жазылган эмес. Министр Улан Ниязбековдун буйругу менен Биринчи... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Жаутыков эл аралык олимпиадасынын 12 жеңүүчүсүн кабыл алып, ар бирине планшет тапшырды. Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Казакстанда өткөн олимпиадага бир нече мамлекеттен миңден ашык окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жеткен. Шакиев башка тармактардагы эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүн даңазалап тосуп алуу адатка айланганын белгилеп, илим... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын торнадодон жабыркаган аймактарында аман калгандарды издөө, тазалоо иштери уланууда. Соңку маалыматтарга караганда, Миссисипи жана Алабама штаттарында ишембиге караган түнү болгон табигый кырсыктан кеминде 25 киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Жергиликтүү жүздөгөн тургун коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Миссисипинин Чукул кырдаалдар башкармалыгы урандыларды тазалаган сайын, набыт болгондордун саны өсүшү ыктымал деп эскертти. Айыл жергесиндеги чакан шаарчалар өзгөчө жапа чекти. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу тууралуу арыз бергенден кийин абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бул округдан шайлоого катышарын жарыялады. "Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Андан кийинки көп добушту абакта жатсам да мен алгам. Азыр да түрмөдө отуруп, кайрадан шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Күрөштү улантышыбыз керек", - деп жазды ал 27-мартта Фейсбуктагы баракчасына. Равшан Жээнбеков 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо камакта... Читать дальше...
Социалдык медиада президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атынан баракчалар ачылып, жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эскертти. Орунбеков маал-маалы менен президенттин жубайынын атынан жасалма баракчалар ачылып, чындыкка дал келбеген маалыматтар таратылып жатканын жазып, ага ишенбөөгө чакырды. Буга чейин Фейсбукта Айгүл Жапарованын атынан акча таратылып жатканы жөнүндө маалыматтар тараган. Читать дальше...
27-мартта абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк тоолуу аймактарында, ашууларда кар көчкү түшөт, кар күрткүсү чогулуп, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. 28-марттагы абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24; Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -0…5, күндүз 12…17; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...