Жарандык активист Афтандил Жоробеков 26-мартта милицияга күбө катарысурак берип чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал эч кандай маалымат бербөө тууралуу тил кат жазганын айтып, кайсы ишке байланыштуу күбө катары өтүп жатканы тууралуу маалымат айткан жок. Ишемби күнү Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына Октябрь райондук милициясынан келген чакырууну жайгаштырган. Анда ал 26-мартта суракка күбө катары келиши керектиги жазылган. Активист постунда суракка чакырууга социалдык медиадагы посттору себеп болушу мүмкүн деген пикирин жазган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 26-мартта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу бөлүктөрүн пландан тышкары кыдырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык, Жапаров аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек имараттар менен курулуштардын абалын көрдү. Жыйынтыгында казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу, капиталдык... Читать дальше...
Адам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмө гүлдөрү кишинин физиологиялык жана психикалык саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан. 2020-жылы америкалыктар бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө 8,5 милллиард доллар коротушкан. Бул каражат Кыргызстандын тышкы карызынан бир нече эсе көп жана биздин өлкөнүн бир жылдык бюджетине барабар. Кыргызстанда бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө канча каражат кетип жатканын изилдене элек. Читать дальше...
Нарындагы музыкалык мектептин мугалими Шабдан Аманкулов окуу жайды музыкалык аспаптар менен камсыз кылуу аракетин көрүп жүрөт. Ал элдин колунда пайдаланылбай калган, бирок колдонууга жарактуу эски фортепианолордун ээлери менен байланышып, аларды мектепке бекер беришин суранат.
Ири шаарлардагы соода түйүндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди. Буга "Ички соода жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы негиз бергенин Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы маалымдады. 15-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр үчүн соода түйүнүнө бонус катары төлөнчү акы жокко чыгарылды. Калган товарлар үчүн 5% чек коюлду. Мурда 15% болчу. Ассоциация тараткан маалыматта жазылгандай, мурда өндүрүшчүлөр... Читать дальше...
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына талибдердин делегациясы барганын "Талибан" өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 25-марттагы маалыматка ылайык, алар Ооганстандын аймактагы консулдугуна барышты. Талибдердин делегациясын тышкы иштер министрлигинин административдик-финансы департаментинин башчысы Мохаммад-Муса Амири жетектейт. Тажикстандын бийлиги бул маалыматка комментарий бере элек. Делегация Хорогго кандай жол менен барганы белгисиз. "Делегация... Читать дальше...
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшөт, кар күрткүсү чогулуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. 27-мартта өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...
Казакстандык эркин журналист, парламенттик шайлоодон кийин 25 суткага камалган Думан Мухаммедкарим ачкачылык жарыялагынын адвокат Галым Нурпеисов маалымдады. Анын айтуусунда, талапкер журналисттер менен жолугуштурууну талап кылууда. Мажилис депутаттыгына талапкер Думан Мухаммедкарим 20-мартта Алматыда өткөн маалымат жыйынында шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин айтып, тилектештерин тынч митингге чакырган. 21-мартта шаардын административдик соту аны 25 суткага камоо чечимин чыгарды. Думан... Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Мекен карт” үчүн документтерди кабыл алуу башталганын билдирди. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Мекен карт” үчүн документтерди кабыл алуу башталарын билдирди. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. “Мекен-картты” алуу үчүн кайсыл органга кайрылыш керек? Кандай документтер талап кылынат?
Бишкектин 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. шаардагы укалоочу салондордун ээлеринен опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалы. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар ич ара сүйлөшүп алып, Бишкектеги укалоочу салондордун ээлеринен мыйзамсыз акча алып туруу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Ага ылайык, аталган кызматкерлер борбор... Читать дальше...
Американын Миссисипи штатында ишембиге караган түндө болгон бороондон кеминде 23 адам набыт болду. Ондогон адамдар жаракат алып, бир нече адам дайынсыз болууда. Катуу бороондон негизинен чакан шаарлар жабыркаганы кабарланды. Бак-дарактар тамыры менен жулунуп, электр жарыгы жана башка коммуналдык байланыштар токтоду. Миссисипинин батышында жайгашкан Роллинг Форк шаарынын мэри "Биздин шаар дээрлик жок болду" деп айтты. 1700 чамалуу тургуну бар шаарда дээрлик бардык үйлөр кыйрап калды. Чакан... Читать дальше...