Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Москвада мамилекеттик сапары уланууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Докладда Кыргызстанда жабык жайларда кыйноолор уланып, басма сөз эркиндиги чектелип жатканы да белгиленген. Президент Садыр Жапаров майрамдык куттуктоосунда чек араны чечүү жана Баткен облусун калыбына келтирүү, коопсуздукту камсыздоо эң башкы улуттук маселе экенин белгиледи.
21-марттын кечинде Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору силкинүү Пакистанда жана Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилгенин кабарлады. Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок. Силкинүү Бишкек убактысы менен саат 22:50гө жакын болду. Reuters агенттиги Пакистандын Лахор, Пешавар шаарларында жер силкинүүдөн чоочуп көчөгө чыгып турган тургундардын сүрөттөрүн жарыялады. Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынын... Читать дальше...
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши өтүүдө. 21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышууда. Мушкерлер 10 салмак даражасында күч сынашып, финал 25-мартта өтөт. Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл 45-жолу өткөрүлүп жатат. Шопоков 1915-жылы 19-майда Чүй облусунун Шалта айылында туулган. Ал Москва облусунун... Читать дальше...
Орус бийлиги жоюп жиберген "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси Олег Орловго кылмыш иши козголду. Ал орус армиясын "бир нече жолу каралаган" деп айыпталып жатканын "Мемориал” коому Телеграм-каналында билдирди. Бийлик азырынча комментарий бере элек. Шейшембиде "Мемориалдын" 10дон ашык кызматкеринин үйүндө тинтүү өткөрүлүп, суракка алынганын "Новая газета Европа" басылмасына адвокат Арсений Левинсон билдирди. Тинтүү иштеринен кийин "Мемориалдын" кызматкерлери Москванын Тверь райондук полициясына... Читать дальше...
Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Команда финалда Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 5:0 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү. Бул лигада 3-орунду Оштун “Достук” командасы ээледи. Оштон келген көкбөрүчүлөр кечээ, 20-мартта Таластын “Алтын-Алянс” командасын 11:3 эсебинде утуп алган. Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 13-мартта башталган. Оюндар төрт лигада өтүп, ага 37 команда катышты. Читать дальше...
Бүгүн Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык негизги иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Куттуктоосунда президент Жапаров чек ара маселесин чечүүгө убада берип, жарандарды ынтымакка чакырды. Жаздын келишин кабарлаган Нооруз майрамы Кыргызстанда жылдагыдан көп деле айырмаланган жок. Борбор калаа Бишкек баш болгон аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Былтыр президент Садыр Жапаров келип, негизги майрамдык иш-чаралар өткөн Баткенде айыл чарба иштери кызуу жүрүп жаткан чак. Читать дальше...
Чүйдө 12 жаштагы баланын денеси тытылганча сабалышы коомчулукту нааразы кылды. Бир нече жолу ур-токмокко кабылганы айтылган баланын атасы бир айга камакка алынды. Атасынын ур-токмогуна кабылганы айтылган 12 жаштагы Карим (аты өзгөртүлдү) Чүйдүн Москва райондук ооруканасынын сынык оорулар бөлүмүндө дарыланып атат. Интернетте анын далысында мурда жана кийин да катуу ургандан калган тактар тартылган сүрөттөр өткөн аптанын соңунда тараган. Бала 17-мартта мектепке барып, сабак учурунда колу ооруп жатканын мугалимине айткан. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15, Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23... Читать дальше...
Таласта облустук администрациянын алдына "Айкөл Манас" айкели орнотулду. Бүгүн 21-мартта анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү жана манасчылар катышты. Скульпторлор Садабек Ажиев жана Токталы Мурзакаримов жасаган, бийиктиги 12 метрлик, жалпы баасы 8,7 миллион сомдук эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берди. Аны алып келүүгө жана орнотууга "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 1,1 миллион сом бөлгөн. Эстеликтин... Читать дальше...
Тажикстандын бийлиги Ирандын диний мекемелеринде таалим алып жүргөн жети жаранын мекенине кайтарды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады. Маалыматка караганда, 2022-жылы мекеме Ирандын диний мекемелериндеги тажикстандыктардын санын тактоо үчүн бул өлкөгө эки кызматкерин жөнөткөн. "Кызматкерлер мыйзамсыз билим алып жаткан 58 студентти аныктап, алардын жетөө Тажикстанга кайтарылды. Учурда калгандарын да алып келүү аракеттери көрүлүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Читать дальше...
Түркияда февралдагы зилзаланын курмандыктары 50096 кишиге жетти. Жараат алгандар 107 миңден көбүрөөк. Бул тууралуу 20-мартта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезер билдирди. Анын айтымында, имараттардын курулушун көзөмөлдөөгө жооптуу жана курулуш тармагына тиешеси бар 300дөн ашуун адам кармалган. 6-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында сегиз баллга жакын жер титиреген. Ондогон шаар-кыштактар кыйраган. Зилзала Түркияга чектеш Сирияда да сегиз миңден көп кишинин өмүрүн алды.
Пакистандын Аббатадаб шаарында автоунаага жасалган куралдуу кол салууда 11 адам набыт болду. Арасында Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Хавелиан аймагынын төрагасы Атиф Мунсиф Жадун да бар. Полиция чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз экенин билдирди. Күч кызматкерлери бул кол салууга Жадундун үй-бүлөсүндөгү чыр-чатак себеп болушу ыктымал экенин белгилешүүдө. Пакистандын маалымат каражаттары каза болгондордун төртөө Жадундун үй-бүлөсүнүн жансакчылары экенин жазышты. Жадун былтыркы шайлоодо... Читать дальше...
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуунун, жабыркагандарга укуктук жардам берүүнүн жол-жобосун үйрөткөн атайын окутуу уюштуруларын “Жарандык бирикме” коомдук уюму билдирди. Аталган уюм АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Жигердүү жарандар» долбоорунун жардамы менен 30-мартта «Оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү» деген темада бекер онлайн курс баштайт. Ага үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана ошондой эле мындай мамиледен коргонуу жолдорун... Читать дальше...
18-мартта Германиянын Мурнау шаарында окуп, иштеген кыргызстандыктар жергиликтүүлөргө Кыргызстандын туризм тармагын, маданиятын жана улуттук тамак-аштарын таанытышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин алдындагы Миграция боюнча кеңештин Германиядагы өкүлү Бермет Абдрахманова билдирди. Нооруз майрамын утурлай уюштурулган иш-чарада диаспора өкүлдөрү жана студенттер конокторго Кыргызстандын туризм потенциалын айтып берди. Концерттик программа менен аяктаган кечеге ондогон мурнаулуктар катышканы кабарланды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев бажыдагы коррупцияга байланыштуу кармалгандар тууралуу билдирүү жасап, алардын арасында баш прокурордун кайниси бар экенин ырастады. Алты бажычы жашыруун схема менен мамлекетке 1 млрд. сомдой зыян келтирген деп шек саналууда. Бул “Райым миллион” атыккан экс-бажычы Райымбек Матраимовдун схемаларын эске салды. Ташиевдин билдирүүсү, Зулушевдин кайниси Атайын кызмат кармаган ар бир шектүү жөнүндө адатта билдирүү жасай бербеген... Читать дальше...
Тажик адабиятынын негиз салуучусу, Бухара хандыгынын адилетсиз доорунда өтө кайгылуу күндөрдү башынан өткөргөн калемгер Садриддин Айни (чыныгы аты Садриддин Саид-Муродзода) 1878-жылы Бухарадагы Соктаре (Өзбек Республикасынын азыркы Гиждуван району) кыштагында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1890-жылы холера эпидемиясынын айынан атасынан да, энесинен да айрылгандан кийин Бухарага келип, ал кезде диний жана байистүү (светтик) орто билим бере турган медресеге кабыл алынган.... Читать дальше...
Нооруз майрамына арналган Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 1-лигасында Жалал-Абад облусунун “Жаштык” командасы жеңүүчү болду. Финалдык оюн бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өтүп, жалал-абаддыктар Бишкектин “Четинди” командасын 7:2 эсебинде утуп алды. Көкбөрү: "Четинди Бишкек" - "Жаштык" (Финал. 1-Лига) Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш төрт лигада өтүп жатат. Кечээ, 20-мартта 2-лигада Бишкектин “Көк-Жал” командасы Чүйдүн “Кара-Балтасын” 5:1 эсебинде утту. 40... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү жана Баткен облусун калыбына келтирип, коопсуздукту камсыздоо - эң башкы улуттук маселе экенин белгиледи. Ал чек ара аймагында жашаган элдин социалдык көйгөйлөрү четинен чечилип жатканын айтты. “Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт”, - деп Баткенде айткан каалоо-тилектерде кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз дегенбиз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз”,- деди президент.
Нооруз майрамынын урматына карата Кыргызстанда жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. Бишкектин Ала-Тоо аянтында жылдагыдай эле концерт өтүүдө. Таң эрте Ала Тоо аянтына Ноорузду майрамдоо үчүн эл чогулду. Саат 10:00до президенттик аппараттын, Министрлер кабинетинин, коомдук ишмерлер, мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда салтанат башталды. "Азаттыкка" майрамды түз чагылдырууга уруксат берилген жок. Майрамдын башында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Анда ал кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап... Читать дальше...
21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, бул эзелтен келаткан, ынтымакка үндөгөн күн экенин белгиледи. Ал куттуктоосунда буга чейин коомдо саясат менен алектенгендер көп болуп, улуттук экономикага маани берилбей келгенин айтты. Ар бир президент өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өзүнөн мурдагы бийликти айыптап келгенин, мындай көрүнүштү токтотуу керектигин да белгиледи. Читать дальше...