Окумуштуулар айдын убакыт алкагын аныктап алууну сунушташты. Жер бетинин абасы булганбаган бөлүгү дээрлик калган жок. Социалдык тармактарда аз отуруу менен иммунитетти чыңдоого мүмкүн. “Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктар топтому. Айга өзүнчө убакыт алкагы эмнеге керек? 1969-жылы америкалык астронавт Нил Армстронг Ай бетине алгач кадам таштаганда Жердеги убакыт түнкү 2:56 болчу. Бирок ошол учурда Нил үчүн саат канча болгонун так айтуу азыркыга чейин мүмкүн эмес. Бирок космосту изилдеген эл... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк 13-15-март күндөрү Өзбекстанга келет. Ал Ташкенттен ары Каракалпакстан автоном республикасынын борбору Нукуска да барат. Мамлекеттик "УзА" агенттиги кабарлагандай, сапардын алкагында Түрк Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери менен, ошондой эле парламенттин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугат. ... Читать дальше...
Франциянын Сенаты ишемби күнү талаштуу пенсия реформасын жактырды. Өлкөдө пенсияга чыгуу курагын 62ден 64 жашка көтөрүүнү көздөгөн мыйзам долбоору элде жапырт нааразылык жараткан. Документти 195 сенатор колдоп, 112си каршы добуш берди. Келерки аптада аны парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен комитети карайт. Reuters агенттиги маалымдагандай, шаршемби күнү мыйзам долбоору талкууланып, добуш берилет. France-Presse агенттиги аны кабыл алуу үчүн парламенттин төмөнкү палатасында ... Читать дальше...
Талибдер башкарган Ооганстандын Мазари-Шариф калаасында 11-март күнкү жардырууда жараат алгандар жана өлгөндөр тууралуу так маалымат берилбей жатат. Агенттиктер бул күнү журналисттер бутага алынганы кабарлашты. Ava басылмасы "Табиан" маданий борборундагы жардырууда эки киши набыт кеткенин, 30у жараат алганын жазды. "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такур кол салууда 8 киши, анын ичинде 5 журналист жана 3 бала жараат алганын Твиттерде кабарлады. Ооганстандын... Читать дальше...
Ошто Салык кызматынын ишкерлер митинг-пикетке чыкса, анын кесепети оор болорун эскерткен каты талкууга түштү. Айрым эксперттер бул кат Баш мыйзамдагы адам укугун бузууга жатарын айтып чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы болсо кат боюнча кызматтык иликтөө башталганын, жыйынтыгына жараша тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жазган каты социалдык тармактарга жарыяланып... Читать дальше...
Америкалык белгилүү экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс А.Робинсондун “Why nations fail” китеби “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген аталыш менен кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Бугупресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин кабарлады. Китептин авторлору бул эмгегинде өлкөлөрдүн өнүгүп же өнүкпөй калышынын негизги себептерин мисалдар менен талдашат. Алар өлкөлөрдүн өнүкпөй калышы ал мамлекеттин географиялык жайгашуусуна, кен байлыктарына, менталитетине же ушул сыяктуу... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун 377 жашоочусунун 36,2 миллион сомдук насыясы толук жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады. Мекеме маалымдагандай, аталган окуяга байланыштуу насыясын төлөй албай, арыз менен кайрылгандардын жалпы саны 514 болгон. Калган арыздар дале каралып жатат. Улуттук банктын билдирүүсүндө, мындан сырткары 66,5 миллион сом суммасында 227 насыянын төлөө мөөнөтү жылган же шарттары өзгөртүлгөн. Аймактагы муктаждыктарга байланыштуу... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште Глобалдык фонддун каражаты боюнча талаш чыкты. Депутаттар бул акча бейөкмөт уюмдар аркылуу “жаштарды бузууга” бөлүнүп жатат десе, активисттер ал ВИЧ, гепатит жана кургак учук менен күрөшүүгө жумшаларын айтып чыгышты. Глобалдык фонд СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүчү эл аралык уюм. Кыргызстанда Глобалдык фонддун грантын негизги алуучу - ПРООН өлкөгө ВИЧ инфекциясын, кургак учукту, акыркы жылдары сарыктын алдын алууга жана дарылоого Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик өнөктөштөрү... Читать дальше...
Израилде соттук реформага каршы митинг өтүп жатат. 8 миллиондук калкы бар өлкөдөгү аталган демонстрацияларга кеминде 500 миңдей адам кошулду. Бул Израилдин тарыхындагы эң ири каршылык акциясы болуп калды. Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган соттук реформаларга каршы митингдердин башталганына 10 апта болду. Жаңы реформага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Каршылыкка чыккандардын пикиринде... Читать дальше...
Арстанбап айыл аймагында 72 үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймакта жашап жатышат. Аларга 2017-жылы коопсуз жайдан жер тилкелери жана жөлөк пул берилген. Бирок алар көчкөнгө каршы болгондуктан, жергиликтүү бийлик мажбур көчүрүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.
Бишкектин Касымалы Жантөшев атындагы көчөсүндө жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасы мэрияга караштуу имараттан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Мекеменин сайтында жазылгандай, 10-мартта муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган. 10-февралда Башкы прокуратура Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары... Читать дальше...
Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Бээжин шаарында Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анда кыргыз-кытай авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды. Анын ичинде Бишкек – Бээжин, Бээжин – Бишкек түз авиакаттамын ачуу жана кошумча аба коридорлорун уюштуруу тууралуу сөз болду. Жолугушууда электрондук коммерцияны өркүндөтүү... Читать дальше...
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Казакстандын аймагында кырсыкка кабылган “Бишкек – Самара” багытындагы поездинин кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аларга жетиштүү жардам болбой жатат деп даттанышты. Алардын видео кайрылуусу социалдык түйүндөргө жарыяланды. Видеодо өзүн аталган багыттагы поезддин башчысы деп тааныштырган Чолпон Асанова бир аптадан бери жетекчилик чара көрбөй жатканын белгиледи: “5-мартта Бершигур станциясынын Шалкар тилкесинде биздин поезд тепловоз менен кагышып... Читать дальше...