15-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы менен Ички иштер министрлигинин Талас облусундагы бөлүмдөрү биргеликте 1800 килограмм (1,8 тонна) кара куурайды жок кылышты. Бул өсүмдүктөр Таластагы Кыргызстан айылына жакын жерде табылган. Аны күч кызматкерлери өрттөп жок кылышты. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кара куурай (марихуана) өсөт. Жылына аларды жок кылууга күч кызматкерлери тартылат. (TSh)
Саламаттык сактоо министрлиги Интернетте “Семетей” обсервациясында (мурдагы "Ганси" аскердик базасы) медициналык жабдыктарды өкмөт башчы келгенде гана алып келип, кайра алып кетишти” деген маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Семетей” обсервациясынын координатору Айбек Койчуманов жандандыруу бөлүмүнө заманбап кычкылтек концентраторлору орнотулганын жана медициналык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгонун билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...
АКШдагы Жон Хопкинс университети аныктаган рейтинг боюнча Казакстан 15-июлдан тартып вирус өтө тез тараган 30 өлкөнүн катарына кирди.
Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырды. 16-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, "медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт" деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты: "Хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эмес. Пневмониядан болобу, коронавирустан болобу, дарылоо үчүн тастыкталган ыкмалардын катарына эч кирбейт. Клиникалык протоколдордо да бекитилген эмес. Читать дальше...
Кыргызстандын ооруканаларында кечээтен бери коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу 16-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Коронавирустан каза болгон жети адам: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 78 жаштагы эркек, Баткен облустук ооруканасында 71 жаштагы аял; Нарын облустук ооруканасында 72 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 42 жаштагы аял жана 63 жаштагы эркек, Кара-Буура аймактык ооруканасында 79 жаштагы эркек жана Панфилов... Читать дальше...
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Күн сайын коронавирус жана пневмониядан каза тапкандардын саны көбөйдү. Ушундай кырдаалда эмне себептен өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга барбай жатат? Мындан ары адам өмүрүн сактап калуу үчүн эмне кылышы керек? “Эксперттер талдайт” программасында мына ушул суроолорго жооп издейбиз. Талкууга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын... Читать дальше...
Беларуста Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине жүздөгөн адамдар каршы чыкты.
Бишкекте жана аймактарда уюштурулган айрым стационарлардын шарты медициналык талапка жооп бербей жатканы айтылууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти, дагы экөөнү түзүү сүйлөшүлүп жатат. Бул тууралуу боршайкомдун 15-июлдагы жыйынынан кийин маалымдалды. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жайгаштырылат. Тышкы иштер министрлигинин консулдук департамент кызматынын башчысы Алмаз Имангазиевдин маалыматына караганда, Орусиядагы элчиликтин Иркутск... Читать дальше...
Вице-премьер Асрандиев коронавируска каршы колдонулган ыкма өзүн актабаганын айтты. Кыргыз өкмөтү жазында коронавирусту жайылтпоо максатында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү колдонгон катуу көзөмөл кылуу аркылуу абалды жөнгө салуу тактикасын тандаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, февраль-март айларында коронавируска каршы Республикалык штаб карантин киргизип, катаал чаралардын негизинде вирусту ооздуктоо максатын көздөгөн... Читать дальше...
АКШ орусиялык ишкер, маалымат каражаттарында “Путиндин ашпозчусу” аталган Евгений Пригожин менен байланышы бар үч орус жаранына жана беш компанияга санкция салды. Американын финансы министрлиги буга анын АКШдагы шайлоолорго кийлигишүүсү себеп болгонун маалымдады. Мындан тышкары Пригожиндин Судандагы мыйзамсыз ишмердүүлүгү да себеп. “Кара тизмеге” кирген компаниялардын арасында “М Инвест” ишканасы бар. Дагы бирөө - Суданда, бирөө - Кытайда, экөө - Гонкгонгдо. АКШ мамдепартаментинин маалыматына караганда, судандык Meroe Gold Cо. Читать дальше...
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев пандемияга каршы күрөштө коронавирус жуктуруп жана пневмониядан каза тапкан 42 медициналык кызматкерге сыйлык ыйгарды. Президенттин жарлыгы 13-июлда, коронавирус пандемиясынан каза тапкан адамдарга жалпы аза күтүү күнүндө жарыяланды. Эки дарыгерге жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сыйлык берилди. Алар: Кокшетау шаардык ооруканасынын бөлүм башчысы Олег Исаев менен Актөбөдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Калихан Козбагаров. Башка дагы 40 медицина кызматкерине сыйлык ыйгарылды. Читать дальше...
Түркия Орусия менен аба каттамын жандандырат. Бул маалыматты Anadolu агенттигине Түркиянын транспорт жана инфраструктура министрлиги маалымдаган. Орусиянын Транспорт министрлиги азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Росавиация да маалымат бербей жатат. Түркиянын мамлекеттик Turkish Airlines компаниясынын кызматкериазырынча Орусияга каттамдарды жандандыруу боюнча так план жоктугун РИА Новости агенттигине билдирген. Тurkish Airlines Орусиянын шаарларына билеттерди 1-августтан кийинки каттамдарга сатып жаткан. Читать дальше...
Быйылкы биринчи жарым жылда Өзбекстанга сырттан 2,4 млр доллар которулган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 156 млн долларга же 6% аз. Мындай маалыматты Өзбекстандын Борбордук банкы жарыялады. Ал эми сыртка которулган акчанын суммасы 427 млн доллар, бул мурунку жылга караганда 40 млн долларга же 9% аз. Натыйжада акча которуулардын оң сальдосу 2 млрд. доллардын айланасында болууда. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 116 млн доллар же 5% жетпеген көрсөткүч.