Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти, дагы экөөнү түзүү сүйлөшүлүп жатат. Бул тууралуу боршайкомдун 15-июлдагы жыйынынан кийин маалымдалды. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жайгаштырылат.
Тышкы иштер министрлигинин консулдук департамент кызматынын башчысы Алмаз Имангазиевдин маалыматына караганда, Орусиядагы элчиликтин Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин жана Якутия аймактарындагы төрт кеңсесинде добуш берүү түйүндөрү түзүлөт. Ушул тапта Франциянын Париж жана Италиянын Рим шаарларында шайлоо участокторун ачуу тууралуу ал өлкөлөрдүн бийлиги менен макулдашуу жүрүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда чет мамлекеттердеги шайлоо комиссияларын куроо зарылчылыгы бар. Буга байланыштуу боршайком чет жактагы кыргызстандыктарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерин сунуштоого чакырууда.
Чет өлкөлөрдөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамына ошол жактагы кыргызстандык жарандар, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, консулдук жана дипломаттык мекемелердин кызматкерлери мүчө боло алышат.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. (ZKo)