Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2019

Новости за 21.03.2019

Azattyk.org 

Болгария: ГЕРБ партиясынын мүчөлөрүнүн кымбат батир алганы иликтенет

Болгариянын Башкы прокуратурасы башкаруучу ГЕРБ (Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн - ГЕРБ) партиясынын төрагасынын орун басары кантип кыймылсыз мүлк сатып алганын иликтей баштады. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын иликтөө материалы себеп болду.   Болгар кызматынын журналисттери ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов 2018-жылдын июнунда София шаарында “Артекс” курулуш компаниясынан өтө кымбат баалуу батирди кантип алганын иликтеп чыгышкан.    ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдиктин лидерлери Брекзитти талкуулоого чогулушту

Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн эки күндүк саммити башталды. Анда Брекзиттин мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланат. Мурдарак премьер-министр Терезе Мэй Британиянын биримдиктен чыгуу мөөнөтүн 30-июнга чейин узартууну өтүнгөн. Мэй француз президенти Эммануэл Макрон жана Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск менен жолугушат. Лондон 29-мартка чейин Евробиримдиктен кайсы жол менен чыгып кетүүнү чечиши керек. Бирок британ мыйзам чыгаруучулары Мэйдин өкмөтү даярдаган келишимдин долбоорун четке каккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иракта кеме чөгүп 70тен ашуун киши набыт болду

Ирактын бийлиги Мосул шаарындагы дарыяда эл ташыган кеме чөгүп, 70тен ашуун киши набыт болгонун билдирди. Каргашалуу окуя 21-мартта эл Ноорузду майрамдап жаткан маалда болду. Ниневия провинциясынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы полковник Хусам Халил өлгөндөрдүн көбү аялдар менен балдар экенин айтты. Ал Тигр дарыясында издеп куткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ички иштер министри генерал Саад Маан 55 киши куткарылганын билдирди.  Коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү “кемеге 100дөн ашуун киши түшүп алгандыктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы элдин маанайы

Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта ал жерде ок атылып, Тажикстан тараптан эки киши каза тапканы кабарланган. Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чыр-чатакты жөнгө салыш үчүн төрт күндүк сүйлөшүү да өткөрүштү. Дал ошол чек арада жашаган элдин маанайы кандай? Жашоо өз нугуна түшүп, кастык басылдыбы? "Азаттык" радиосунун кыргыз, тажик кызматынын кабарчылары Жеңиш Айдаров, Медербек Ниязалиев жана Маъсум Имомом эки элди бөлүп турган чек арадагы айылдарды кыдырып келишти.

Azattyk.org 

Пакистанда студентти сабап өлтүргөндөр өмүр бою кесилди

Пакистандын түндүк батышында социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү үчүн чогуу окуган студентти "жаратканга акарат келтирди" деп, "токмоктоп өлтүрүп коюшкан" деген айып менен эки адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Окуя эки жыл мурда болгон. Абдул Вали Хан университетинин студенттери Машал Хан аттуу 23 жаштагы жигитти социалдык тармактарда "жаратканга акарат келтирген маалыматтарды жайылтат" деп союл менен сабашкан. Айыпталгандардын бири Ариф Хан премьер-министр Имран Хандын «Техрик-и Инсаф» партиясына мүчө экени аныкталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Назарбаевдин жаңы доору, чек арадагы Нооруз

Казакстанда жаңы президент Касым-Жомарт Токаев Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуш кылып, депутаттар демилгени колдоп добуш беришти. 19-мартта ыйгарым токтотконун жарыялаган Нурсултан Назарбаев бийликтеги "Нур-Отан" партиясынын лидери, Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала бермекчи. Бир нече күн мурун жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасындагы айыл тургундары Ноорузда ымалага келип, мурункудай эле ынтымактуу жашоого аракеттенип жатышат.

Azattyk.org 

Утрехттеги кол салууга шектүүгө "террорчулук" боюнча айып коюлат

Нидерланд прокуратурасы Утрехттеги кол салууга шектүү адамга "террорчулук" боюнча айып тагыларын кабарлады. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, бул иш боюнча сот 22-мартта башталат.  Азыр шектүү киши террордук максатты көздөгөнбү же анын аракети жеке маселеге байланыштуу экени иликтенип жатат.   Утрехт шаарында 18-мартта трамвайдагы ок атууда үч кишинин өмүрү кыйылып, бешөө жаракат алган. Окуяга шектүү катары 37 жаштагы түркиялык Гөкмен Таныш жети сааттан кийин кармалган. Прокуратура ал өзү жалгыз ок атканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көкбөрү: "Ынтымак" жеңишти илип кетти

Бишкектеги “Ак-кула” ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү оюндары өттү. Күйөрмандардын негизги көңүлү көкбөрү оюндарынын финалына бөлүндү. Финалда “Ынтымак” жана “Достук” командалары ойношту.

Azattyk.org 

Нурсултанга каршылар кармалды

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Премьер-министр Тереза Мэй Британиянын Евробиримдиктен чыгуу датасын 30-июнга жылдырууну өтүндү.




Azattyk.org 

Кытайлык кыргыздар аянтты шаңга бөлөдү

Бишкек шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналып уюштурулган салтанат бул жолу кытайлык кыргыздардын ыр-бий тобунун катышуусу менен өзгөчөлөндү. Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан келген маданий делегация элге өз өнөрүн тартуулады.

Azattyk.org 

Аксайлыктардын аруу тилеги

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга туш болгон Ак-Сай айылынын тургундары Нооруз майрамын мектеп аянтында белгилешти. Адаттагыдай эле сүмөлөк кайнатылып, улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн уюштурушту.

Azattyk.org 

Талас: эне-баланы эрегиштирген мүлк

Таласта 80 жаштан ашкан байбиче бакма кызына белекке берген үйүн сот аркылуу кайтарып алуу максаты ишке ашпай, арызы соттон сотко өтүп келатат.

Azattyk.org 

Астананын аталышын коргогондор кармалды

Астанада шаарды Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Башкалаанын аталышы казак мажилиси кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин расмий өзгөрөт.

Azattyk.org 

Ирандыктар Ноорузду каржылык каатчылыкта майрамдап жатышат

Улустун улуу күнү - Нооруз майрамы Иранда да эзелтеден бери белгиленип келет. Тегеранда даярдык бир апта мурда эле башталган. Базарларда Нооруздун символдору деп саналган кызыл балык, дасторконго коюлчу дүр-дүйүм тамактын түрлөрү сатылып жатат. Бирок аларды сатып алган элдин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу аз. Буга АКШ Иран менен дүйнөлүк алты держава макулдашкан өзөктүк келишимден чыгып, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтиргени түрткү болду. Ирандын улуттук акчасы - рупий наркын жоготуп, баалар өсүп кетти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Астанада Нурсултан деген аталышка каршы чыккандар кармалды

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти. Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда белгилүү ырчы жыныстык жаңжалга кабылды

Түштүк Кореядагы популярдуу музыканын же "K-pop'тун" таанымал өкүлдөрү жыныстык жаңжалдын чордонунда калышты. 21-мартта белгилүү ырчы Чон Чжун Ён Сеул сотунда өткөн жараянга катышып, “кечиримсиз кылмышка аралашканына өкүнөрүн” айтып, баарынан кечирим сурады. Тергөөнүн версиясына ылайык, Чон Чжун Ён атактуу ырчы, актриса кыздар менен жакын мамиледе болуп, алардын уруксатысыз купуя маанидеги видеолорду тартып, досторунун чаттарына жиберип жүргөн. 30 жаштагы Чон Чжун Ён шоу-бизнес дүйнөсүнөн кетерин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы Зеландия куралдын айрым түрлөрүнө тыюу салды

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн өкмөт элдин колундагы ок атуучу куралдын айрым түрлөрүнө тыюу салганын билдирди. Мындай кадамга Крайстчерч шаарындагы эки мечитте 50дөй адамдын өмүрүн алган теракт түрткү болду. Тыюу салынган куралдын тизмеси атайын сайтта жарыяланат. Ал эми алардын ээлери атайын анкета толтуруп, автоматтык түрдө атылган куралды өткөрүп берүү боюнча полиция менен байланышууга тийиш. Премьер-министр ошондой эле курал ээлерине кенемте төлөп берүүнү убада кылды. Өкмөттүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Крымда «Жахабанын күбөсү» экстремизмге айыпталып кармалды

Орусия аннексиялап алган Крымда Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “Жахабанын күбөлөрү” диний уюмунун мүчөсү Артем Герасимовду кармады. Ал “экстремисттик уюмдун ишмердигине аралашкан” деп айтыпталып жатат. Бул тууралуу “Жахабанын күбөлөрү” уюмунун сайты кабарлады. ФСБнын аймактык бюросунун билдирүүсүндө 34 жаштагы жигит камакка алынганы айтылат. “Ялтанын тургуну "Жахабанын күбөлөрүнүн" жергиликтүү түйүнүн түзгөн. Ал жолугушууларды, сыйынууну уюштуруп, тыюу салынган диний сектанын идеяларын жайылткан” – деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайдан келген маданий делегация өз өнөрлөрүн тартуулашты

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан келген кыргыздардын маданий делегациясы 21-мартта Бишкекте Нооруз майрамында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар “Ала-Тоо” аянтындагы майрамдык салтанатка жана Курманжан Датка эстелигинин алдында уюштурулган иш-чарага катышты. Маалыматка ылайык, кытайлык делегация Бишкекте 25-мартка чейин болот. 22-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, 23-мартта Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясында концерт беришет. 24-март күнү делегациянын өкүлдөрү Кыргызстандын маданият... Читать дальше...

Azattyk.org 

Индиянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Ушул жылдын июнь айында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 21-мартта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки өлкөнүн министрлери жайында өтчү ШКУ министрлер кеңешинин жана ШКУ мамлекет башчыларынын саммитин да талкуулашты. (BTo)

Azattyk.org 

Көкбөрү: "Ынтымак" - "Достук" 6:1 (видео)

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Бүгүн Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 6:1 эсеби менен утуп алды. “Ынтымак” ушуну менен Нооруз турнирин үчүнчү жолу жеңди. Жогорку лигада 3-орунду "Бакубат Талас" командасы алды. 3-орун үчүн беттеште таластыктар "Көк Жал" командасын 7:1 эсебинде жеңген. Ошондой эле бүгүн Биринчи лиганын... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus