Крымда «Жахабанын күбөсү» экстремизмге айыпталып кармалды
ФСБнын аймактык бюросунун билдирүүсүндө 34 жаштагы жигит камакка алынганы айтылат. “Ялтанын тургуну "Жахабанын күбөлөрүнүн" жергиликтүү түйүнүн түзгөн. Ал жолугушууларды, сыйынууну уюштуруп, тыюу салынган диний сектанын идеяларын жайылткан” – деп айтылат билдирүүдө.
Герасимов менен чогуу уюмдун дагы бир нече мүчөсү суракка чакырылды. Алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлерин алып кетишти.
2017-жылы Орусиянын Жогорку соту «Жахабанын күбөлөрүн» экстремисттик уюм деп тапкан.
Былтыр президент Владимир Путин «Жахабанын күбөлөрү» уюмунун экстремисттик деп табылышын «болбогон кеп» деп атап, "алар деле христиандар, эмнеге аларды куугунтуктап жатышканын түшүнбөйм» деген.
Орусияда 70тен ашуун «жахабачылар» кылмыш жообуна тартылган. 6-февралда Орел шаарында Даниянын жараны Деннис Кристенсен алты жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал «Жахабанын күбөлөрүнүн» жергиликтүү жамаатынын ишине аралашканы үчүн айыпталган.