Орусиянын Татарстан Республикасынын Набережные Челны шаардык соту жергиликтүү активист Карим Ямадаевди 28 күнгө камакка алды. Ал шаардык тергөө комитетинин имаратынын алдына орус президенти Владимир Путиндин көрүстөнүн чагылдырган инсталляция орноткону үчүн айыпталды. Бул тууралуу активисттин актоочусу Рузил Мингалимов "Азаттыктын" татар кызматына билдирди. Карим Ямадаев 11-мартта кармалган. Ал 10-мартта Путиндин кара түстөгү сүрөтү менен "1952-2019" деген сандар жазылган, кабырды чагылдырган инсталляция орноткон. Читать дальше...
"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Сания Тойкен "полицияга баш ийген эмес" деген жүйө менен 20 айлык эсептик көрсөткүчтө (50 500 теңге) айып пулга жыгылды. Тиешелүү чечимди 12-мартта Жаңы-Өзөндүн административдик соту чыгарды. Полициянын Тойкен боюнча протоколунда ал "укук коргоо кызматкерине баш ийбей койгону" айтылат. Журналист жана анын адвокаты Танатар Исекешев соттун чечимине макул эместигин билдиришти. Сания Тойкен 12-мартка караган түнү Жаңы-Өзөндөгү кафелердин биринин алдынан кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Читать дальше...
АКШ жана укук коргоо уюмдары Иранда адвокат Насрин Сотудехке чыккан сот өкүмүн сындап чыгышты. 11-мартта ирандык маалымат каражаттары былтыр июндан бери беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адвокатка өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменейди “кемсинткени” үчүн дагы эки жыл берилгенин кабарлашкан. Бирок Сотудехтин күйөөсү Реза Хандан азыркы мөөнөткө дагы 33 жыл кошулганын жана 148 жолу балак уруу чечими чыкканын айтып жатат. "Amnesty International" уюму Иран сотунун чечимдерин айыптады. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн доо арыз жазган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бирине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүү чечимине каршы болуп, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. - Биз бул маселе боюнча чечим кабыл ала элек болчубуз. Бирок алар 100 миң сом өндүрүп берүүгө макул болбой, кайра шаардык сотко башында жазылгандай ар бири алты миллион сомдон талап кылышыптыр. Читать дальше...
Иран менен Ирак саясий кызматташтыгын бекемдөөдө. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев милиция кызматкерлеринен арыктоону талап кылды. Сириядан төрт баласы менен мекенине кайтарылган казакстандык келиндин арманы жана үмүтү. Жигитинен элдин көзүнчө кордук көргөн тажикстандык кыз кайра аны коргоп чыкты. Ооруканадагы маскарапоз – балдардын көңүлүн ачкан Евгений.
Стамбулдагы рейдде мыйзамсыз жүргөн деп табылган 400дөн ашык кишинин арасында кыргызстандыктар бар-жогу аныктала элек. Бирок бул текшерүүлөр кыргызстандык мигранттарды ыңгайсыз абалда калтырды.
Орусиянын Владимир облусундагы колонияда Чеченстандын мурдагы президенти Ахмат Кадыровдун жан сакчысы болуп жүргөн Аюб Тунтуевдин сөөгү табылды. Тунтуев террорчулук үчүн айыпталып, бул түрмөдө жазасын өтөп жаткан. Бул тууралуу «Медиазона» сайты адвокат Тагир Шамсудиновго таянып билдирди. Анын айтымында, колониядагылар Тунтуев өз жанын кыйганын билдирген. Буга чейин ал колония кызматкерлери кыйнап, уруп-сабаганын айтып, бир нече жолу даттанган. 2016-жылы Орусиянын Тергөө комитети жаза аткаруу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...
Британиянын Жарандык авиация башкармалыгынын 12-марттагы билдирүүсүндө «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учактардын өлкөнүн аба мейкиндигине кирип-чыгышына уруксат берилбей турганы айтылат. Британиянын чечими 10-марттагы учак кырсыгына байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин Сингапур, Кытай, Австралия, Малайзия, Оман, Индонезия жана Эфиопия ушундай кадамга барган. АКШнын Федералдык жарандык авиация башкармалыгы да «Боинг» компаниясынан учактарды башкарган автоматтык системаны модернизациялоону талап кылды. Читать дальше...
12-мартта Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укуктарын коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шинжаңдыктардын укугун коргогон казакстандык активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу комментарий берди. Мекеменин расмий өкүлү Лу Кан 11-мартта "Рейтер" агенттигине Серикжан Билаш Казакстанга мыйзамсыз киргенин билдирди. Ал активисттин Кытайда карызы болгонун, мындай кишилер "ар кандай нерсени ойлоп таап, чуу чыгарууга маш экенин" белгилеп, бирок эмне тууралуу сөз болуп жатканын толук айткан жок. Серикжан Билаш Кытайдын Шинжаң аймагында туулган. Кийин Казакстанга келип, жарандык алган. Читать дальше...
Казакстан прокуратурасы Шиңжандагы казактардын укуктарын коргогон активист Серикжан Билашты «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган" деп айыптоодо. Өзбекстанда мамлекеттик кызматкер Наргиза Рахимова-Саидова "Фейсбуктагы" комментарий үчүн интернет троллдор менен айрым динчилдердин коркутууларына туш болду.
Акча төлөп кыргыз тилин үйрөнгөндөр. Нарындын өнүгүүдөн артта калган Жалгыз-Терек айылы. Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга аёосуз кыянаттык. “Данистенин” бул жолку топтомуна кирген баяндарды сунуштайбыз.
Британияда премьер-министр Терезай Мэйдин Брекзит планы парламентте добушка коюлганы турат. Британ парламенти аны 12-мартта талкуулай турганы күтүлүп жатат. 11-мартта Страсбургда өткөн жолугушууда Британиянын Еврошаркеттен чыгуусу боюнча келишимге өзгөртүүлөр киргизилген. Тараптар падышалыктын курамындагы Түндүк Ирландия менен биримдиктин курамындагы Ирландиянын ортосундагы чек арада көзөмөлдү жок кылууну макулдашты. Бул маселе кошумча документке камтылаары айтылды. Еврокомиссиянын төрагасы... Читать дальше...
8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештигине арналган жөө жүрүштүн айланасындагы талкуулар токтой элек. 12-мартта маршка катышкан феминисттер учурда ар кандай коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп жатканын айтып чыгышты. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, чара көрүүнү өтүнүштү.
Брюсселде 2014-жылы жөөттөрдүн музейинде ок аткан француз жараны Мехди Неммуш өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Белгиянын соту аны төрт кишинин өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты. Адвокаттары өкүмгө каршы кийинки инстанциядагы сотто даттана турганын билдиришти. Кылмышка байланыштуу франциялык дагы бир киши 15 жылга эркинен ажыратылды. Неммуш 2014-жылдын 24-майында Брюсселдин борборундагы жөөттөр музейинде Калашников автоматынан ок аткан. Үч киши ошол жерде, дагы бир киши ооруканада каза тапкан. Читать дальше...
11-мартта коомчулукка «Кырк чоро» деген ат менен белгилүү кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевге Жосундар жөнүндө кодекстин 119-беренеси менен («Майда ээнбаштык») иш козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурлан Каназаров «Азаттыкка» кабарлады. Буга Замирбек Көчөрбаев менен 8-марттагы марштын уюштуруучусу, активист Мира Токушеванын түз эфирдеги кайым айтышы себеп болгон. «Бешинчи каналдын» кечки жаңылыктар чыгарылышында сүйлөп жатып Көчөрбаев анда активисттердин даректери бар экенин айткан. Читать дальше...
Кыргызстанда кулак оорусунан жабыркаган балдар көбөйүп баратат. Буга бузулган экология, ата-эненин саламаттыгынын начарлыгы жана баланы ымыркай кезде толук текшерилбей жатканы себепкер болууда.
Ош шаарына караштуу Кеңеш айылында «Оазис-Агро» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады. 12-мартта ишкананын ачылыш аземине шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, завод ачууга көмөктөшкөн АКШнын USAID уюмунун өкүлдөрү, айыл чарба тармагында эмгектенген адистер жана шаар тургундары катышты. Заводдо жылкы, бодо мал, кой-эчки жана тоок үчүн 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрү өндүрүлөт. Чийки заттар жергиликтүү калктан алынып... Читать дальше...
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өзүнө окшобой калды деп коомчулукту нааразы кылган айкелди алмаштыруу маселеси талаш-тартыш менен коштолууда. Элдин купулуна толбогон айкелдин автору нааразы экенин билдирип, өзүнүн эмгек акысы толук төлөнбөй жатканын билдирди.
Ооганстандын батышында «Талибан» кыймылынын жоочулары бир нече аскердик постко кол салып, кеминде 13 жоокердин өмүрү кыйылганы кабарланды. Бадгис провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Жамшид Шахаби 12-мартта билдиргендей, Түркмөнстан менен чектеш аймакта болгон салгылашууда 40тан ашык согушкер жок кылынып, он беш аскер ар кандай жаракат алды. Ондон ашык жоокердин тагдыры азырынча белгисиз. Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Кайс Мангал талибдер 9-марттын кечинде чабуул баштагандан... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Президенттик аппарат кабарлагандай, тараптар мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашты. Читать дальше...
Ош, 12-март, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чегаралаш аймактарынын жаштары Ош шаарында форум өткөрүштү.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума баяндарын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды. Муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка 6-мартта кол койду. Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума баяндары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек.
Ош облусунун Алай районунда дүкөндөрдө жасалма акча менен соода кылып жүргөн үч киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Кармалгандардын экөө 22 жашта, бирөө 21 жашта, Ноокат районунун тургундары экени такталды. Алар Алайдагы беш дүкөнгө кирип, эки миң сомдук жасалма купюралар менен, жалпысынан 10 миң сомдук соода кылышкан. Берген каражаттарына азыраак гана товар алып кайтарым акчасын чыныгы акчага айландырышкан. Бул факты Ош облустук ички... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйында “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулады. Жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын айтышты. Жыйын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунда өттү.