Якутия Республикасындагы кыргыз мигранттарына каршы митинг, Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму – акыркы убакта ушул эки окуя кыргызстандыктардын чет өлкөдө өзүн алып жүрүү тууралуу талкууларды жаратты.
Ирактагы кеме кырсыгында курман болгондордун саны 83кө жетсе, Кытайдагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Казакстанда Нооруз майрамы камоолор менен коштолду.
Голан дөңсөөлөрүнө байланыштуу АКШ менен Түркия баштаган өлкөлөр кайрадан кайым айтышууда. Трамп "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин" айтса, Эрдоган мындай билдирүү аймакты жаңы кризиске түртөөрүн эскертти.
21-мартта Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Жарылуудан беш чакырымга чейинки аймактагы имараттардын терезе-эшиктери да күбүлүп түшкөн.
Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында 22-мартта Нооруз майрамында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармады. Алар башкалааны Нурсултан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан.
Россиялык оюнчулар Бельгиянын курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Президенттик шайлоодон соң чет өлкөгө чыгып кеткен "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтуу ниетине байланыштуу анын тарапкерлери бийлик менен сүйлөшүп жатканын жарыялашты.
Чүй айылдык кеңешинин депутаты Тилек Сейитбековдун бычакталып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өттү.
Матч Кант шаарында өттү. Оюн талаасында эки диндин өкүлдөрү жарышты.
Алимардан Абдыкааров ММА турниринин жарым финалында Канат Келдибековду жерге жыгып бир нече сокку узатууга жетишкен. Бирок муунтуу ыкмасынан улам жеңилүү ызасын тарткан.
Өзбекстандын Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары транс-ооган коридору Борбор Азия, Орусия, ал тургай Европа өлкөлөрүнө пайдалуу болгонун жана Ооганстанга экспорттоого өбөлгө түзөрүн билдирди.
Жогорку Кенештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүлдү. Айрымдар «өкмөт толугу менен кызматтан кетсин» деп талап кылышты. Алардын бири, КСДПнын мүчөсү Рыскелди Момбеков өкмөткө ишенбеген себептерин «Азаттыкка» айтып берди.
17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвага иш сапары менен барат.
Сириядагы согуш он миңдеген карапайым адамдын өмүрүн кыйды. Жарадар кылды. Миллиондогон адам мекенин таштай качты. Мындан тышкары туткун болуп, өмүрүнүн бир нече жылы кулчулукта өткөндөр бар.
Якутияда (Саха Республикасында) абал тынчыганы менен ал жакта автобус айдап иштеген кыргызстандыктар жумушка чыккандан кооптонуп турат. Бул тууралуу Якутск шаарында автобус айдаган Жаныбек Дүйшөнбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан эки эркек киши каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын маалыматына караганда, кырсык 20-мартта саат 16:50 чамасында Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун 139-чакырымында болгон. «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам автоунаанын айдоочусу — Жаркымбай айылынын 1960-жылы туулган тургуну жана жүргүнчү катары бара жаткан анын айылдашы — 1978-жылы туулган адам каза болгон. Читать дальше...
Азербайжан президенти Илхам Алиев өлкөдө саясий жана экономикалык реформалар ишке аша турганын жар салды. Мунун алдында Алиев элдин карызын кечип, элүүдөн ашуун саясий туткунду боштондукка чыгарган. Батышта авторитардык өлкө деп мүнөздөлгөн Азербайжандагы мындай өзгөрүүлөргө эмне себеп?
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынына катышуу үчүн кечээ, 21-мартта Түркияга жөнөп кетти.
Канат Келдибеков кечээ 66 килограмм салмактагы мыкты мушкерлердин мелдешинде төрт каршылашын жеңүү менен чемпион аталып, баш байге катары чемпиондук курга жана автоунаага ээ болгон.
Бишкек шаарында жарандардан эки күндө 215 даана курал-жарак жана 155 ок алынды. Алар куралды сактоо жана аны кайра каттоо талаптарын бузушкан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, куралдар Нооруз майрамынын алдында, 18-19-март күндөрү коомдук тартипти сактоого багытталган рейд учурунда алынган. Тартип сакчылары жалпы 26 объектини текшерген. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар. Андан сырткары, аңчылык куралды алып жүрүүгө укугу бар 1073 киши... Читать дальше...
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. Ал - 2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан жарандарга ок атуу фактысы боюнча айыпталып, соттолгон мамлекеттик кызматкерлердин бири. «Азаттык» экс-баш прокурор менен мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы, апрель окуясы жана саясатка аралашуу дымагы жана себеби тууралуу маектешти. Маекти Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Асанов алып барды.
Түркия ЖМКалары өлкөдөгү 2016-жылдагы төңкөрүшкө аракет жасаган деп күнөлөнгөн Фатхулла Гүлендин бир тууганынын жансыз денеси Стамбулда табылганын жарыялады.
“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Сулайманов Бабановдун өлкөгө кайтуу ниети боюнча кабарларды комментарийлеп жатып, “мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирди. Буга чейин Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде өлкөгө кайтышы мүмкүн экенин анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кабарлаган. Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы”... Читать дальше...
Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. «Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шартты койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук берүүсүн биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Читать дальше...