Индия спутникти атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салды. Премьер-министр Нарендра Моди эми өз өлкөсү жогорку деңгээлдеги космостук технологиясы бар супер державага айланганын айтты. Аны улай коңшу Пакистан космосту жарыша куралдануунун чордонуна айлантпоого чакырды.
АКШ президенти Доналд Трамп Орусияны Венесуэладан аскерлерин чыгарууга чакырды. Эгер жоокерлер Венесуэладан кетпесе, аларды чыгаруу үчүн "бардык мүмкүнчүлүктөр" бар деп эскертти. 27-мартта Ак үйдө Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес менен жолугушууда Трамп "Орусия кетүүгө тийиш" деп билдирди. Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында спецназ жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган. Читать дальше...
Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик вертолету кыйрады. Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасына кырсыкта экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Коргоо министрлигине таянып кырсыкта каза тапкандар бар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Жабыр тарткандардын абалы такталып жатканы айтылган. Вертолет Актаудан Чымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон. Читать дальше...
Алжирде куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси президент кызматын аткара албайт деп жарыялоого жол ачкан Конституциянын тиешелүү беренесин колдонууга үндөдү.
АКШ Өзбекстандын пахтасын тыюу салынган товарлардын катарынан чыгарды. Вашингтондун 27-мартта жарыяланган маалыматында өзбек пахтасына 2010-жылы киргизилген чектөө алынганы айтылат. Тиешелүү чечим көпкө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин Өзбекстанда пахта талаасында балдар эмгегин мажбурлоо менен колдонуу кыйла азайгандыктан кабыл алынганы кошумчаланган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын билдирүүсүн кубаттады. Укук коргоо уюмдары көп жылдан бери өзбек бийлигин балдарды пахта теримге мажбурлаганы үчүн айыптап келген. Читать дальше...
Чүйдүн Жайыл райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ала качууга дуушар болгон кызды куткарып калышты.
Туура беш жыл мурда кыргыз спорту чоң жоготууга учураган. Кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Руслан Абасов отурган унаа жарылып, спортчу жан берген. Мындай үрөй учурган кылмыш Кыргызстанда алгач ирет катталганы айтылат.
Түштүк кореялык жана кыргызстандык ишкерлер Ошто ички иштер органдарында бир топ жыл жетекчилик кызматтарда иштеген, “Комбайн” деген каймана ат менен таанымал Сагынбек Жоробеков менен анын уулу Самидинди “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча айыптап келишет. Милициянын отставкадагы полковниги Жоробеков “жасалма документтердин негизинде чоң суммадагы акчаны алдап алган, корей ишкерлеринин кымбат баалуу техникасын сатып жиберген” деген мазундагы дооматтарды четке кагууда. Талас шаардык кеңештин азыркы... Читать дальше...
"Ата Мекен" жана "Мекенчил" партиялары 27-мартта бир штабга бирикти. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын активист мүчөсү Калысбек Боронбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, бул эки партиядан тышкары штабга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жабыр тарткан башка саясатчылар да кошулган: "Эки партия 23-апрелде боло турган митингге бирге даярдануу үчүн биргелешкен штаб түздү. Митингде Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновдун азаттыгын талап кылып, башка саясий туткундардын ишин адилет кароону талап кылып чыгабыз. Читать дальше...
Британия парламенти 27-мартта Брекзит маселесин чечүү боюнча альтернативдүү сунуштарга добуш берет. Буга чейин премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүнүн Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча планын парламенттен өткөрүү аракети туңгуюкка кептелген. Брекзиттин расмий датасы 29-мартка белгиленген. 25-мартта британ депутаттары адаттан тыш кадамга барып, ага ылайык Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын мурдагыдай өкмөт эмес, парламент убактылуу көзөмөлдөйт деген чечимге келген. Ошондой эле... Читать дальше...
27-мартта Бишкекте “Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аттуу кыргыз-орус аймактар аралык сегизинчи бизнес конференциясында тараптар ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Эң чоң сумма 1,2 млрд. долларлык кызматташуу боюнча макулдашууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен «Росгеология» акционердик коомунун башкы директору Сергей Сучков кол коюшту. Читать дальше...
Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Байге уткан балдардын кичүүсү беште, улуусу 10 жаштан ашкан.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 27-мартта спутникти атып түшүрүүгө жөндөмдүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады. Анын парламенттик шайлоого эки жума калганда жасалган билдирүүсүндө Индиянын чыгышындагы Одиша аймагынан учурулган ракета төмөнкү орбитадагы спутникти үч мүнөттүн ичинде атып түшүргөнү айтылат. Моди өз өлкөсү спутникке каршы технологияны иштеп чыккан АКШ, Орусия жана Кытайдан кийин төртүнчү өлкө болуп калганын айтты. Мындай аракеттер соңку мезгилде космостогу милитаризация... Читать дальше...
Алжирдин Башкы штабынын командачысы президент Бутефликаны кетирүүнүн жолун сунуштады. Орусиянын күч түзүмдөрү Крымдагы ондогон үйдө тинтүү жүргүзүп, жыйырмадай крым татарын кармады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өзүнүн жеке кабылдамасын ачмай болду.
Ооганстан бул кадамга Пакистандын премьер-министри Имран Хандын маалымат каражаттарына Кабулда убактылуу өкмөт түзүү тууралуу айтканын жүйө келтирилди. Имран Хан 25-мартта жергиликтүү журналисттерге Ооганстанда убактылуу өкмөт түзүлсө, АКШ менен талибердин сүйлөшүүлөрүнө жардам болмок деген оюн айткан. Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан премьеринин билдирүүсүн ооган элин, эгемендигин сыйлабоо катары баалады. АКШ менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстанда он жети жылдык согушка чекит коюуну сүйлөшүп жатат. Читать дальше...
Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору катышты.
Бишкекте 27-мартта кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өтүп, 80ге жакын макулдашуу, келишимдерге кол коюлду. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйын Орусиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанга өтө турган мамлекеттик сапарынын алдында болду.
Орусияда миллиарддаган акча уурдаган деп айыпталган өкмөттүн мурдагы мүчөсү Михаил Абызов камакка алынды. Ал Москванын түндүк-чыгыш административдик округундагы тергөө абагында киши өлтүрүү жана уурдоого шектүүлөр менен бир камерада кармалат. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргендей, Абызов жана анын шериктери боюнча иликтөө уланууда. "Тергөөнүн маалыматы боюнча Абызов бир катар офшордук компанияларга ээлик кылган, кылмыштуу топту түзгөн жана аны жетектеген. Шериктери... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте Кытайдын жарандары визаны мыйзамсыз алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. «Алтын Бугу – Золотой Олень» фирмасы кытайлыктарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза алуу үчүн жасалма документтерди бергени аныкталган. Аталган мекеме Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыгынан социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу... Читать дальше...
Россиялык мушкердин атаандашынын ысымы азырынча атала элек.
27-мартта Биринчи май райондук сотунда бир нече ымыркайды саткан деген шек менен айыпталып жаткандардын сот иштери уланды. Анда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери «сатылып кетти» деген ымыркайлардын мыйзамдуу өкүлү катары сотко катышып жаткан Гүлзина Бообекова текшерген учурда балдар жакшы шартта чоңоюп жатканына күбө болгонун маалымдады. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында тергөөчүлөр менен биргеликте балдарды багып алган үй-бүлөлөрдү кыдырган. Балдардын бирин Балыкчыдагы үй-бүлө чоңойтуп жатат. Читать дальше...
27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакты ушул калыбында сактап калууга кызыкдар шаардыктар жана активисттер шаар мэриясынын чечимине каршылык билдирип чыгышты. Бишкек мэриясы буга чейин Кара-Көл көчөсүн Ботаникалык бактын эсебинен кеңейте турганын билдирген. Эгер, жолду реконструкциялоо иши башталса, ботаникалык бактын 300гө жакын бак-дарагы кыйылышы мүмкүн. Шаар бийлиги анын ордуна башка жайларга эки эсе көп бак-дарак отургузууну убада кылып жатат.
Жазуучу Аким Кожевдин "Свет аке" тасмасы тууралуу талдоосун сунуштайбыз.
27-мартта Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады. Анын айтымында бүгүнкү отурумда Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралды. Алардын бири Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филлиалынын мурдагы жетекчиси Мелис Батырбеков Конгантиевге эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Конгантиевге ошол кезде Батырбеков коркутуп,... Читать дальше...
“Жаңы Зеландиянын калкы абдан ак ниет жана эч кимге жамандык каалабайт”,-дейт бул өлкөдө окуган журтташыбыз Темирлан Сейитбеков.