АКШ Өзбекстандын пахтасын тыюу салынган товарлардын катарынан чыгарды. Вашингтондун 27-мартта жарыяланган маалыматында өзбек пахтасына 2010-жылы киргизилген чектөө алынганы айтылат.
Тиешелүү чечим көпкө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин Өзбекстанда пахта талаасында балдар эмгегин мажбурлоо менен колдонуу кыйла азайгандыктан кабыл алынганы кошумчаланган.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын билдирүүсүн кубаттады.
Укук коргоо уюмдары көп жылдан бери өзбек бийлигин балдарды пахта теримге мажбурлаганы үчүн айыптап келген. Ташкент ондогон жылдардан бери студенттерди, мектеп, медицина кызматкерлерин да бул ишке тартып келет.
Былтыр майда өзбек өкмөтү мажбурланган эмгекти пайдалануу тажрыйбасын толук токтотуу жөнүндө жарлык чыгарган.
Өзбекстан дүйнөдөгү эң чоң пахта өндүрүүчүлөрдун бири. Пахтанын 60 пайызга жакынын Кытай, Бангладеш,Түркия жана Иранга экспорттойт.
Өлкөдөгү пахта өндүрүшү жылына 1 миллиард доллардан ашуун киреше алып келет жана ички дүң продукциянын чейрек бөлүгүн түзөт.