Британия парламенти 27-мартта Брекзит маселесин чечүү боюнча альтернативдүү сунуштарга добуш берет.
Буга чейин премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүнүн Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча планын парламенттен өткөрүү аракети туңгуюкка кептелген. Брекзиттин расмий датасы 29-мартка белгиленген.
25-мартта британ депутаттары адаттан тыш кадамга барып, ага ылайык Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын мурдагыдай өкмөт эмес, парламент убактылуу көзөмөлдөйт деген чечимге келген. Ошондой эле Мэйдин Брекзит келишимине альтернатива боло турган чечимдерди парламент кабыл ала турган болгон.
Британ парламенти мындай адаттан тыш кадамга Мэйдин келишимин эки жолу четке каккандан кийин барды. Альтернатива катары Евробиримдиктен келишимсиз чыгуу, экинчи референдум өткөрүү сунуштары талкууланууда.