Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Болгария: ГЕРБ партиясынын мүчөлөрүнүн кымбат батир алганы иликтенет

Болгариянын Башкы прокуратурасы башкаруучу ГЕРБ (Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн - ГЕРБ) партиясынын төрагасынын орун басары кантип кыймылсыз мүлк сатып алганын иликтей баштады. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын иликтөө материалы себеп болду.  


Болгар кызматынын журналисттери ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов 2018-жылдын июнунда София шаарында “Артекс” курулуш компаниясынан өтө кымбат баалуу батирди кантип алганын иликтеп чыгышкан.     


Цветанов София шаарындагы батирди “Артекс” компаниясынан базардагы баадан төрт эсе арзан, башкача айтканда эки эски батирге айырбаштап алган.


“Артекс” эки батирдин документтери колуна тийер замат бир нече сааттын ичинде сатып жиберген. Өз учурунда бул кыймылсыз мүлктү Цветановго жакын жүргөн, ГЕРБ партиясынын шайлоо штабынын мурдагы кызматкери Симеон Велков сатып алган.


Башкаруучу партиянын кеминде үч мүчөсү “Артекстин” ошол эле кымбат баалуу батирлерин 30-50% арзан сатып алышканы аныкталган. Алар юстиция министри Цецка Цачева, ГЕРБдин парламенттеги депутаты Вежди Рашидов жана спорт министринин орун басары Ваня Колева.


2017-жылдын башында ГЕРБ партиясынын парламенттеги депутаттары Болгариядагы курулуш жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизишкен. Анын натыйжасында “Артекс” компаниясы Софияда 34 кабаттуу кымбат баалуу имарат тургуза баштаган.  


“Алтын кылым” деп аталган имарат Болгариянын баш калаасындагы эң бийик имарат болуп калмакчы.



Цветанов – 2009-2013-жылдары Болгариянын ички иштер министри кызматын аркалаган. Өлкөдө премьер-министр Бойко Борисовдон кийинки эле таасирдүү экинчи киши саналат.  




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus