Кытайдан келген маданий делегация өз өнөрлөрүн тартуулашты
Маалыматка ылайык, кытайлык делегация Бишкекте 25-мартка чейин болот. 22-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, 23-мартта Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясында концерт беришет.
24-март күнү делегациянын өкүлдөрү Кыргызстандын маданият, өнөр тармагындагы адамдары менен жолугушат.
Манасчылар, ырчылар жана бийчилер болуп 32 адамдан турган маданий делегация Кыргызстанга 20-мартта келген. (BTo)