Түштүк Кореяда белгилүү ырчы жыныстык жаңжалга кабылды
Тергөөнүн версиясына ылайык, Чон Чжун Ён атактуу ырчы, актриса кыздар менен жакын мамиледе болуп, алардын уруксатысыз купуя маанидеги видеолорду тартып, досторунун чаттарына жиберип жүргөн. 30 жаштагы Чон Чжун Ён шоу-бизнес дүйнөсүнөн кетерин билдирди.
"Big Bang" тобунун Сынни деген сахнадагы ысым менен белгилүү ырчысы Ли Сын Хё да ортомчулукка, маңзат колдонууга шектелип, кылмыш иши козголгон. Анын бул иштерин полициянын жогорку өкүлдөрү да жаап-жашырып жүрүшкөнү белгилүү болгон соң өлкө президенти Мун Чже Ин билдирүү жасап, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылды. Бул чуулуу окуялар жылдан-жылга дүйнөдө популярдуу болуп бараткан “Халлю” деп аталган кореялык поп-музыканын беделине сокку урганы айтылууда.